КУТУРМАНЫН ДАБАСЫ ТАБЫЛА ЭЛЕК

Кыргыз – мал жандуу эл. Дегеним, калктын көпчүлүк бөлүгү мал менен күн кечирет. Биздин макала малдан да, жырткыч жаныбардан да, үй жаныбарынан да жугуучу өтө коркунучтуу кутурма оорусу тууралуу болмокчу.

ӨСПҮРҮМ БАЛА КҮЧҮКТҮН АЙЫНАН КАЗА ТАПТЫ
2010-жылдын декабрь айында кутурманын айынан 12 жаштагы бала каза болду. Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун кичинекей тургуну мектептен келе жатып күчүктү көрүп, аны менен ойной кетет. Жеткинчек күчүктө кутурма оорусунун вирусу бар экенин кайдан билмек эле, күчүктү көтөрсө, баланын ээгин тиштеп алыптыр. Буга анча маани бербеген бала эч кимге деле айткан эмес. Илдет күчөп, жаш жеткинчек бул жарыктык менен кош айтышты.
Республикалык карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун берген маалыматы боюнча, бул коркунучтуу илдеттин айынан 2010-жылы 4 адам дүйнө салган. Алардын үчөө Жалал-Абаддан, бири Баткенден. Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматына таянсак, дүйнө жүзүндө бул оорудан ар бир 10 мүнөттө 1 адам каза таап турат. Окумуштуулар бул илдетке Япония, Жаңы Зеландия тараптагылар кабылбай турганын айтышат. Анткени бул өлкөлөр аралда жайгашкандыктан, чет өлкө менен байланыш башка өлкөлөргө салыштырмалуу басыңкы. Андыктан жаныбарлар, жырткычтардын санын көзөмөлдөө, тазалоо, кутурмага каршы эмдөө жүргүзүү жеңил.

КУТУРМА. БУЛ ЭМНЕ?
Кутурма – адамдын борбордук нерв системасына доо кетирүүчү вирустук дарт. Бул вирус кадимки октун формасындай РНКдан (рибонуклеиндик кислота) турат. Анын сүйгөн жери – нерв клеткалары. Вирус жараат аркылуу денеге киргенде гана өөрчүйт. «Вирус бир гана жаратылыштагы жапайы жаныбарлардын эсебинен жашайт. Ал эми мындан каза болгон жаныбарды, жадакалса адамды жерге көмбөй өрттөш керек деген туура эмес”,- дейт Республикалык карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Кубанычбек Бектурдиев мырза.

ООРУНУ АЛЫП ЖҮРҮҮЧҮЛӨР
Вирусту алып жүрүүчүлөр болуп жапайы жана үй жаныбарлары эсептелинет. Негизи эле кан жүгүргөн жаныбарлардын баарында болушу мүмкүн, жадакалса чымчыкта. Жапайы жаныбарлардан бул ооруга келемиш, түлкү, чөө, карышкыр, ал эми үй жаныбарларынан ит, мышык сыяктуулар көп чалдыгышат. Эгер ит аталган вирусту алып жүрүүчү карышкыр менен урушса, тиштешкенде шилекей аркылуу итке вирус өтөт. Бул вирус уй, кой, эчкиде да болот. Эгер адамды ошолордун бири тиштеген болсо, жаракатка шилекей аркылуу вирус кирет.

БЕЛГИЛЕРИ КАНДАЙ?
Бул оорунун белгилери бардык учурда бирдей. Биринчиден, бейтаптын жаракатка кабылган жери кызарып, шишип чыгат да, дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай учурда адамдын уйкусу бузулуп, коркунучтуу түштөрдү көрүп, коркуу сезими пайда болот. Мисалы, суунун шырылдаганынан, жарыктан, каалганын ачылып-жабылганынан да коркуу сезими жаралышы мүмкүн. Табити начарлап, жүрөгү айланып кускусу келет. Бул белгилер күндөн-күнгө көбөйө баштайт. Бул медицина илиминде дүүлүгүү баскычы деп аталат.
Катуу күчөй баштаганда кызыл өңгөч менен кулкун кысылгандыктан, адам дем ала албай, жини келип, ызаланып, башкача айтканда, психомотордук дүүлүгүү башталат. Колуна эмне тийсе же жанында кандай буюм болбосун талкалап, бузуп жок кылат. Бул учурда жанындагы адамга да зыян алып келиши толук ыктымал.
Кутурманын негизги белгиси – шилекейдин көп чыгуусу. Андайда адамдан суткасына 4 литрге жакын шилекей агат. Жогоруда саналгандар кутурманын эки баскычына кирет. Ал эми үчүнчүсүндө оорулуунун акыл-эси калыбына келип, жашоо үчүн күрөшүү аракети кайрадан пайда болуп, суу ичип, тамактана баштайт. Бирок бул учурда аны сакайып бара жатат десеңиз, жаңыласыз. Анткени жогорудагыдай абал анын соолуп бара жаткан чагы. Адам аз убакытта ал-күчтөн тайып, шалдырап калат. Дарыгерлердин айтымында, оорулуу толук акыл-эсине келип керээзин айтып кетүүгө да үлгүрөт. Ошентип, жүрөктүн согушу акырындап жайлап отуруп, токтоп калат. Ушул күнгө чейин бул баскычтардын биринде да адамдын өмүрүн сактап калуу деген болгон эмес.

ВИРУСТУН ЫЛДАМДЫГЫ КАНДАЙ?
Организмге кутурма вирусу кирсе, 10 күндөн 90 күнгө чейинки убакта байкалат. Вирустун жашыруун өнүгүү убактысы чанда гана бир жылга созулушу мүмкүн. Вирустун тарашы адамдын жаракатка кабылган жерине, курагына жараша болот. Улуу адамга салыштырмалуу жаш баланын организминде инкубациялык мезгил тез өөрчүйт. Ал эми тиштелген жер баш же бет болсо, кыска убакытта өөрчүйт. Себеби адамдын денесинин бул бөлүктөрү борбордук нерв системасына жакын жайгашкан. Ал эми бут бөлүгүндө оорунун өнүгүүсү узак убакытка созулат. Инкубациялык мезгил вирустун көлөмүнө жараша да болот. Эгер адамдын организмине көп өлчөмдөгү вирус кирсе, анда оору тез өөрчүйт.

ТИШТЕГЕНДЕ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Кандай гана жаныбар тиштебесин, жаракат алган жерди тез арада самындап жууп, андан соң йод же таза спирт менен сүртүү шарт. Андан соң тезинен ооруканага алпарып, дарыгердин көзөмөлүндө болуш керек. Буга кайдигер кароо вирустун организмде тез өөрчүшүнө, натыйжада өлүмгө алып келет.

БҮРКҮТТҮН ӨТҮ ДАРТКА ДАБАБЫ?
Өкүнүчтүүсү, илдетке чалдыккан бир да жан сакайбай, эртеби-кечпи, жарыктык менен кош айтышат. Бул медицинадагы чечиле элек көйгөйлөрдүн бири.
Кутурмага чалдыккан адамга бүркүттүн өтүн берип айыктырса болору тууралуу эл ичинде кептер айтылып келет. «Мунун чындыгы болушу мүмкүнбү?» деп Республикалык карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Кубанычбек Бектурдиев мырзага кайрылдык. Ал: “4 жыл мурун ушундай окуя катталган. Ооруган адамга бүркүттүн өтүн берип сакайтуу аракетин көрүшкөн, бирок бул ишке ашкан эмес. Негизи эле бул ооруну дарылоонун жолун дүйнөлүк окумуштуулар да таба элек”,- дейт. Ал эми ушул эле суроо менен элдик дарылоо ыкмасын колдонуп келген Мырзайым Ызакова апага кайрылганыбызда: “Бул ыкма тууралуу илгери чоң атам айтып калчу эле, “айыктырса болот” деп. Бирок өз тажрыйбамда колдонуп көргөн эмесмин”,- деп жооп берди.

КОШУМЧА МААЛЫМАТТАР

  • Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнө жүзүндө кутурма оорусуна кабылгандардын саны 35-50 миңге жетет.
  • Калкка экономикалык зыян алып келгендиги боюнча кутурма жугуштуу инфекциялык оорулардын арасынан бешинчи орунду ээлейт. Ошондуктан 28-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк кутурмага каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган.
  • Кутурманын алдын алуу үчүн итти, мышыкты ветеринардык кызматкерлер тарабынан каттоодон өткөрүп, кутурмага каршы эмдөө жүргүзүү керек. Эгерде жашаган аймакта үй жаныбарларынан кутурма катталса, анда бардык үй жаныбарлары, айыл чарба малдары да эмделүүгө тийиш.
  • Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээси жок, көчөдөгү жолбун ит, мышыктарды атуу жана жок кылуу, ошондой эле келемиштерден арылуу иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.
  • Кутурмага карата медициналык жардам көрсөтүү, эмдөө акысыз.

Бактыгүл Сокушова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Talaschik
2011-02-28 19:17:04
Superinfo ushul okuyany jana profilaktikany gazetaga dagy chyktyby? En jakshy kerektyy, bilip ala turgan nerse. Bizge ushundai adamdyn olymyn saiktai turgan kop nerselerden jazyp turgula. Rahmat ushunu okup kop degen el bilip saktanyp kalat dep oiloim.
0
Junusov
2011-03-02 15:58:24
Ар бир саныныздарда ар кандай дарт жонундо маалымат берип туруунуздарды суранабыз,супер инфонун жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз.Ишиниздерге ийгилик. БУ-1-09.
0
№ 434, 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан