ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 3-марттан 9-мартка чейин

Кой
(21.03–20.04)

Алдыга карай так багыт билинбей, көпчүлүк суроолорго жооп таба албай кыйналышыңыз мүмкүн. Бирок кыйынчылыктар убактылуу нерсе экенин эстен чыгарбаңыз. Аптада жамааттык иштерге көп аралашпай эле койгонуңуз оң. Андан көрө жеке өзүңүз бүтүрчү ишти колго алсаңыз, каржы жаатында пайдасын көрөсүз. Үй-бүлөңүз тараптан күчтүү колдоо болот. Ишенчээктигиңизден пайдалангысы келгендер чыгат, чечим кабыл алууда бирөөнүн сөзүнө эмес, ички туюмга ишениңиз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Аптада узак мөөнөттүү жана жашооңузга туруктуулук алып келе турган иштин пайдубалын курууга мүмкүнчүлүк чыгат. Айланаңыздагыларга кемчиликсиз адам катары көрүнүшүңүз мүмкүн, бирок биринчи ката кетиргениңизде дал ошол көп мактагандардан кескин сын угасыз. Аптанын экинчи жарымында капчыгыңызга туура келбеген нерсе сатып алгыңыз келет. Романтикалык сезимде жүргөн адамыңызга карата “күлгүн көз айнегиңиз” чечилип, анын кемчиликтери алдынкы планга чыга баштайт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жумушта башкаларга жардам берип, кеңеш айтуунун ордуна өзүңүздүн милдетиңизди так аткарганга аракет кылыңыз. Анан да башкалардын эмнеден кемчилик кетиргенин байкап, кайталабаган оң. Аптанын ортосу чыгармачылыкта жана соода тармагында жүргөндөргө пайда алып келет. Ишембиде жакыныңыздын чакыруусу менен конокко барышыңыз мүмкүн. Түгөйүңүз менен мамиле териштирүүдө эмоцияны кармай билүү керек, болбосо чоң чыр чыгышы күтүлөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Маанилүү жана баалуу нерселерди (телефон, документ, зер буюм жана башка) жоготуп алуу коркунучу бар, сак болуңуз. Карьерада баш айландырган ийгилик күтпөсө да, жумушуңуз өйдө-ылдыйы жок туруктуулугу менен кубантат. Күткөн алат демекчи, бойдоктор көңүлүнө толорлук адам менен таанышуусу мүмкүн. Көптөн бери артка жылдырып келген үй иштери апта соңунда “мен мында” деп чыга келет. Демек, дем алыш күндөрүн кара күч жумуштарына жумшаганыңыз оң.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Бул аптада сизди өз кызыкчылыгы үчүн колдонгусу келгендер чыгат. Андыктан чала тааныш адамдардын ишине аралашуудан, алардын ордуна чечим чыгаруудан алыс болуңуз. Аптанын экинчи жарымында сапарга чыгышыңыз мүмкүн, жолдо жүрүү эрежелерин сактаңыз. Илим-билим жаатында жүргөндөрдүн максаты ишке ашчу мезгил. Жаздын келиши менен керектөөлөр көбөйүп, дем алыш күндөрү базарга чыгышыңыз күтүлөт. Иммунитетти көтөрүү ашыкча болбойт.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Жумушта мурда жасап көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бир карасаң оор көрүнгөнү менен, кызматтан көтөрүлүүгө жана финансы тармагын оңдоого жакшы мүмкүнчүлүк болмокчу. Достордон пайдалуу сунуш аласыз, баш тартпай эки колду көтөрүп аралаша бериңиз. Үй-бүлө очогуна доо кетирип албайын десеңиз, түгөйүңүзгө кызганычка жана шек саноого жол бербеңиз. Аптанын аягы достордун курчоосунда шаан-шөкөт менен өтүшү күтүлөт.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Сизге мүнөзү, ой жүгүртүүсү карама-каршы келген адам менен кез келишиңиз мүмкүн. Ишим жүрүшсүн десеңиз, сөзмөрлүгүңүздү жана позитивдүү маанайды колдонуп абалдан чыкканга аракет кылыңыз. Шаршемби, бейшемби күндөрү чөнтөгүңүзгө акча түшүүсү күтүлөт. Жума, ишемби сүйүктүүсүнүн колун суроо же үйлөнүү, айтор, эки башты бириктиргенге ыңгайлуу күндөр. Аптанын аягында интернет алдамчыларынын тузагына түшүү коркунучу бар.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Айрым жагдайлардын таасири астында күчүңүз жетпеген ишти колго алышыңыз мүмкүн. Ошондуктан олуттуу чечимдерди кабыл ала турган иштерди кийинкиге жылдырып, бош убакытты жеке жашоодогу маселелерди чечүүгө же ден соолукка кам көрүүгө жумшаш керек. Сизди таарынткан адамдардан бир чакырым алыс болууга аракет кылыңыз, анткени алар өз күнөөсүн али сезе элек. Дем алыш күндөрү кайрымдуулук ишине чакыруу аласыз, баш тартпаңыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Аптанын башында жумушта майда-чүйдө маселелер жаралат, бирок аз убакытта аны чечүү жолдорун тапканга мүмкүн. Ал эле эмес, жетекчиликтен мактоо угуп, сый акы алышыңыз күтүлөт. Жеке жашоодо максатым ишке ашпай жатат деп көп санааркабаңыз, баары ордуна келет. Туугандар арасында пикир келишпестиктерге күбө болосуз, аралашпай, алыстан гана байкоочулардын катарында болуңуз. Апта аягында эски тааныштар менен жолугуп, сыр чечишүү күтүлөт.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Маанилүү жолугушууларды кийинкиге жылдыра турган оң, анткени күтүүсүз кырдаалдар чыгып, пландарыңыз бузулуп кетиши ыктымал. Аптада эмоционалдык туруксуз абалда болосуз, жаныңыздагыларга кескин сын айтуудан карманыңыз, кийинки мамилеге доо кетет. Жашооңузда өзгөчө, кумарланткан окуялар, романтика жетишпей жатканын сезесиз. Өзгөчөлүктү ишке ашырчу өзүңүз экенин унутпаңыз. Дем алыш күндөрү көптөн бери самаган буюмуңузга жетип кубанасыз.

 

Суу куяр
(21.01–19.02)

Ден соолук жаатында өзүм билемдик кылып дарылануудан, врачтын көрсөтмөсү жок дары-дармек ичүүдөн сак болуңуз, ууланып калуу коркунучу бар. Жумушта тажрыйбаңыз жок болсо да билбеген ишке “мурун салып” баарын бузуп албаңыз. Эркиндикти самаган мүнөзүңүздүн айынан үйдө чыр чыгышы мүмкүн. Андыктан эшикте эле эмес, үйдөгү милдеттериңизди дагы аткарганды унутпаңыз. Апта соңунда акча иштерине так болуңуз, карызга берүү же карыз алуу да ийгилик алып келбейт.

Балык
(20.02–20.03)

Дүйшөмбү, шейшембиде баштаган ишиңиздин жыйынтыгы көңүлүңүзгө толбойт. Аптанын экинчи жарымынан гана алдыга жылыш болуп, маанайыңыз көтөрүлөт. Досторуңуздун ортосундагы талашта “сеники туура, сеники да туура” деп баарына жагуу аракети жардам бербейт. Андан көрө даанышмандыгыңызды салып, эки тарапты бириктире турган сөз табыңыз. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу юридикалык маселелер чыгышы күтүлөт, андыктан документ иштеринде так болуңуз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1159, 28-февраль-6-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан