Атыңызды ким койгон?

Балага ат коюу – сыймыктуу гана эмес, жоопкерчиликтүү да милдет болгону үчүн буга маани берген жакшы. “Ысымдын адам тагдырына таасири тиет” деп айтылат. Атыңызды ким койгон, мааниси кандай? Аттын тагдырыңызга таасири тийдиби? Белгилүү инсандарга ушундай суроолор менен кайрылдык. 

Табылды Актанов, Кыргыз Эл артисти: «Эр Табылдыдай уул болсун деп тилек кылыптыр»

– Атам Актан Тыныбек уулу манасчы, акын, комузчу болгонун билесиздер. Эл оозунда кыскача айтылып жүргөн “Эр Табылды” эпосун изилдеп, идеялык мазмунун толуктап, көркөмдөп жазып чыккан жана толугу менен айткан. Мен ошол эпосту жазып бүтөргө жакын төрөлүпмүн. Атам ысымымды ырымдап Эр Табылдыдай эл керегине жараган, эл оозунда калган мыкты уул болсун деп коюптур. Күбөлүккө “Эр” дегенди коштурбай “Табылды” деп жаздырат. Төлгөсү төп келдиби, айтор, мен дагы көп өнөрдүн ээси болдум. 

 

Чоро Думанаев, Кыргыз Эл артисти: «Режиссёр Чоро ысымын бекер алып жүрбөпсүз деген» 

– Атам да, чоң атам да “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” эпосторуна жакын кишилер болгон. Мен жарык дүйнөгө келгенде экөө ырымдап Манастын 40 чоросунун бириндей мыкты болсун деп ысымымды Чоро коюшуптур. Театрда “Айкөл Манас” драмасында Чубактын, “Манастын уулу Семетейде” Семетейдин ролдорун ойнодум. Ошондо режиссёр “эки ролду тең мыкты ойнодуңуз. Чоро ысымын бекер алып жүрбөпсүз” деп айтканы эсимде.

 

Атайбек Бөдөшов, Кыргыз Эл артисти: «Атымды Атай Огонбаев коюптур»

– Залкар обончу, ырчы жана комузчу Атай Огонбаев Аксыга барган сайын биздин үйдө – Сыны айылында конок болуп кайтчу экен. Бир жолку барышында атам аны айтылуу Сары-Челек көлүнө алып барып сыйлайт. Ошондо Атай Огонбаев атама абдан ыраазы болуп “зайыбың уул төрөп калса, атын менин атымдан Атай кой. Эч болбоду дегенде мендей комузчу болсун” деп батасын берет. Залкардын батасы тийип кыргызга белгилүү комузчу, композитор болдум. 

 

Ишен Назаров, ырчы: «Атамдын ишеничтүү уулу боло алдым окшойт»

– Абдан кичинекей төрөлүптүрмүн. Атам алгач мени көргөндө “кичинекей, кийин кандай адам болот?” деп бир аз түйшөлө түшүптүр. Анан кайра чечкиндүү түрдө “буюрса, бул балам менин ишеничтүү тирегим болот” деп атымды Ишен деп коюптур. Атам, жакындарым күткөндөй алардын ишеничтүү адамы боло алдым го деп ойлойм.  

 

Каныкей Эралиева, Кыргыз Эл артисти: «Кичинемде атымды көтөрө албай кыйналып...»

– Менин ысымымды Ажар чоң энебиз “Манас” эпосундагы Манас баатырдын аялы Каныкейдин атынан ырымдап коюптур. Кичинемде ыйласам эрип көгөрүп калчу экенмин, көп да оорудум бала кезде. Кийин жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков агай “Каныкей деген ысымды көтөрүш кыйын, бирок сен көтөрүп кеттиң” деген эле. Көрсө, бала кезде атымды көтөрө албай ооруп кыйналчу экенмин. 

 

Түгөлбай Казаков, Кыргыз Эл артисти: «Балдарым түгөл жүрсүн деп атымды Түгөлбай коюптур»

– Эң улуу агамдын аты Каналбек, кийинкиси Дилдебек. Мен төрөлгөн маалда атам ооруп жүрүптүр, 5 айга толгонумда көз жумуп кетет. Дарт менен алышып жүргөн кезде жашоосу аз калганын сезгенби, айтор, балдарынын аттарын өзгөртүптүр. Агаларыма Эсен, Аман деп жаңы ысым коюлат, мага болсо башында эле Түгөлбай деген ат коюптур. Балдарым аман, эсен, түгөл жүрсүн деп жакшы тилек кылыптыр жарыктык киши. 

 

Шахрезада Аскарова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Миң бир түндөгү» каармандай болсун деп...»

– Адегенде атымды Калича коюшмак болушуптур. Бирок Шербет чоң энем “Калича деген кайненемдин аты. Анын атын кантип айтмак элем?” дейт. Ошентип ар кимиси ар ысымды сунушташат. Бирине жакса башкасына жакпай, ызы-чуу болушат. Атам көп китеп окуган киши, “Миң бир түндү” да окуган экен. Мынакей силерге деп туруп “Шахрезада” деген ат ыйгарат. “Миң бир түндөгү” увазирдин кызындай акылдуу, бактылуу болсун деп ырымдаптыр. Анан мени оозантышканы да өзүнчө тарых. Аскар чоң атабыз, анын бир тууганы Исак согушка кетип, Аскар чоң атабыз кайтпай калат. Исак чоң атабыздын жаагына ок тийип, алынгандан кийин туугандар ошол окту сактап коюшкан болот. Мени ошол ок менен оозантышыптыр. Кийин “бизден ырчы чыккан эмес, сен гана чыктың. Бул сенин ок менен оозанганыңдан болуш керек” деп тамашалап жүрүштү. 

 

Султан Каримов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Чоң атамдын тилеги орундалды, сыягы»

– Илгери соодагерлер Улуу Жибек Жолу аркылуу каттап турган убакта чоң атам кербен башчысы болуптур. Ошол кезде “биздин тукумдан элге таанымал адам чыкса” деп тилек кылчу тура. Кийин каракчылардын колунан каза тааптыр. Ал кайтыш болгондон көп өтпөй чоң энем атамды төрөп көз жумат. Атам Караколдо балдар үйүндө чоңоюп, кийин апама баш кошот. Мен төрөлгөндө ата-энем кеңешип “элибиздин султаны болсун” деп ырымдашып атымды Султан коюшуптур. Ырчы болдум, атым элге таанылды, сыягы, чоң атамдын тилеги орундалды. 

 

Түмөнбай Колдошов, обончу, ырчы: «Ысымым Түмөнбай Байзаковдун атынан коюлган»

– Апам 3 кыздан кийин агам Узакбайды төрөгөн. Атам “мен да жалгыз, уулум да жалгыз” деп ичтен капаланып жүргөндө мен төрөлүпмүн. Ошол кезде атам “Ала-Тоо” журналынан Түмөнбай Байзаковдун “Кыргыз жери” деген ырын окуп, абдан таасирленет. “Менин уулум да кыргыз жерин даңктаган белгилүү адам болсун” деп тилек кылып мага Түмөнбай деген ысым ыйгарыптыр. Байзаковдун деңгээлине жетемби, жетпеймби, билбейм, акын болбосом да, өзүмдү обончулуктан сынап жүрөм.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1159, 28-февраль-6-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан