Максат Довранов & Алтынай Манасбекова: «Экөөбүз чоң сыноону баштан өткөрдүк» 

Экран жылдыздары Максат Давранов жана анын жубайы Алтынай Манасбекова бул аптанын каармандары. Жаркылдап студияга кирип келишип, махабат баяны, үй-бүлөлүк жашоо, бала жыты, теле тармагы жаатында кызыктуу маек куруп беришти.   

– Куш келдиңер, Максат мырза, Алтынай айым!

Максат Довранов: – Саламатсыздарбы? Орозо айында маектешүү буюрган экен, келип калдык.

Алтынай Манасбекова: – Куш келдик, рахмат.

– Сиздер кыздуу болгондон бери маектеше элек экенбиз. Ата-эне болгон кандай экен?

М.: – Кечирээк, 36 жашта кыздуу болгонум үчүнбү, бир башкача сезимдер болду. Ата болуу – керемет сезим тура. Мендеги сезимди мындан билиңиз, азыр да үйдө калган кызымды эстеп көзүмө жаш айланып кетүүдө (күлүп). Өзүм үч эркек бир тууган болгондуктан, кыздуу болууну абдан каалачумун.

А.: – 21 жашымда эне болдум. Кош бойлуулук жакшы өттү, бирок эне болууга моралдык жактан бир аз даяр эмес болгон окшойм. Кыйналдым, стресске кабылдым. Азыр Кудайга шүгүр, кызыбызга тогуз ай болуп, кылыгы чыгып, мурдагы кыйынчылыктын баарын унутуп деле калдым (күлүп). 

М.: – Кызыбыз кырк күнгө чейин жоош болчу, кийин ыйлаак болуп кетти. Күнү-түнү кезектешип карадык, колубуздан түшкөн жок. Ал токтобой ыйласа, Алтынай кошо ыйлачу.

– Стресске кабылдым деп калдыңыз, төрөт мезгилинде кыйынчылыктар болдубу?   

А.: – Кош бойлуулук жакшы өткөнүнө карабай кызыбыз бир ай эрте төрөлдү. Тезинен операция жасатыш керек болду.

М.: – Төрөтканага барганда эле “тез арада төрөтүү керек” дешти. Врачтар мага “же баланы, же энесин эле сактап кала алабыз” дегендей сөздөрдү айтышты. Адам мындайда өзүн жоготуп коёт экен. “Кудай сактасын, мен го мейли, эптеп көтөрөм, Алтынай кантип көтөрөт?” деп жаман болдум. Анткени жубайымдын төрөлөр кызыбыз тууралуу кандай кыялдары бар экенин билем да. Кудайга шүгүр, операция ийгиликтүү жасалып, врачтар экөөсүн тең сактап калышты. Сүйүнчүлөшкөндө көзүмдөн жаш куюлуп кетти, өзүмдү кармай албай калдым.

А.: – Бизге врачтар “дарылангыла, андан кийин балалуу болгула” дешкен эле. Биз ага маани бербептирбиз. Мага “сени же кызыңды эле сактап калабыз” деп айтышкан эмес, операция убагында айтышты. Ошондо Кудайга “кызымды жана мени сакта” деп жалындым. Врачтардан болсо “кызымды сактап калгыла” деп сурандым. Операциядан кийин аман калганыма, кызымдын ден соолугу жакшы экенине Кудайга ыраазычылык билдирдим.

– Максат, баласаак окшойсуз?

М.: – Мурда баласаактарды көрсөм жактырчу эмесмин. “Эмне эле болуп жатат, жалгыз ушунун эле баласы бар болгонсуп” дейт элем. Өзүңө келгенде андай ойлор суу кечпей калат экен. Ооба, баласаакмын, бир жакка кетерде Алтынайга “андай кыл, мындай кыл” деп эскерте берем (күлүп). Билем, 24 саат бою апасы карайт, ошентсе да эскерте берем.

А.: – Азыр урушубуз да көбүнчө кызыбыз Аминага байланыштуу. Мисалы, учурда массаж алып жатабыз, нормалдуу ар бир бала ыйлайт мындайда. “Ыйлатып жатат, катуу укалап жатат окшойт” деп эле Максаттын чый-пыйы чыгып кетет. Кызыбыз да билгендей, атасы жаныбызда кезде эркелеп ого бетер ыйлайт (күлүп).

– Үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы жылдары силерди өзгөрттүбү?

М.: – Эне болгондон кийин Алтынайдын чыдамкайлыгын баалап калдым. Сабырдуу экенин билчүмүн, апа болгондон кийин абдан чыдамкай экенин билдим. Ооруп жатса да иш кылып жүрө берет.

А.: – Максат тескерисинче, тез жинденип калды. Ачуусу келсе дароо эшикке чыгып кетет. Башында “мындай мүнөзү жок эле го, эмнеге минтип жатат?” деп жүрдүм. Азыр жини келсе өзүмө “Алтынай, унчукпай тур, бир аздан кийин басылат” деп калам. Айткандай эле, эшиктен кирип эле кечирим сурайт.

– Чыгармачылыктан бир аз алыстай түшкөндөйсүңөр, телеге кайтып келесиңерби?

М.: – Туура, кызыбыз торолуп алгыча деп чыгармачылыкта тыныгуу кылдык. Албетте, кайра кайтабыз. Продюсерибиз Канат Култаев менен жаңы долбоор баштап, теледе жакшы бир үй-бүлөлүк теле берүүнү алып барууну пландап жатабыз. Башында мага эле сунуш түшкөн, мен “Алтынай экөөбүз чогуу чыксак кандай болот?” десем макул болду. Анткени келинчегим теледе 5 ай иштеп, мага турмушка  чыккандан кийин иштебей калды да. Айтпаганы менен, кыялы экранга чыгуу экенин сезип турам. Буюрса, экранга чогуу чыгалы деп турабыз.

А.: – Эл көзүндөгү адамдарды күйөрмандар издейт экен. Менин апам дагы “Максат телеге чыга бербейби” деп калды. Ага чейин эле Максатка “эл көзүндөгү адамсыз, экранга чыгышыңыз керек” деп жүрчүмүн. Бир күнү “телеге чогуу чыгабыз” деп келсе, нес болуп калыптырмын. Анткени үйдө бала менен отуруп теледен алыстап кеттим окшойт деген ойлор келчү. Азыр жаңы долбоорго кызыгып жатам.

– Ортоңордо гармония бар экени сезилип жатат, маектерде эле эмес, кадимки жашоодо деле ушундайбы?

М.: – Ушундай элебиз жашоодо деле. Кадимки эле үй-бүлөбүз, бизде деле уруш-талаш, таарынычтар болуп турат. "Ортоңордогу жаш айырма билинеби?" дей беришет, бирок мага ушул нерсе такыр сезилбейт. Башында уруша кеткенде Алтынай сүйлөбөй, тултуюп жүрө берчү, бара-бара маселени ачык талкуулап чечкенге үйрөттүм окшойт. Мен урушуп кетсем 5 мүнөт эле жинденем, анан дароо абалды анализдеп, элдешүүгө аракет кылам. Жогоруда Алтынай айткандай, жиним келгенде эшикке чыгып кетем. Чыгып алып “эй, эркекмин го, кечирим сурап койсом эч нерсе болбойт” деп өзүмдү басам. Кайра кирип келип, Алтынай менен тамашалашып, кызымды эркелетип бакытка бөлөнөм. Ушул бактылуулукту таарынышып узак убакытка жоготуп алгым келбейт. “Менден кетсе айт” дей берип жубайым деле көндү. Азыр баарын бетке эле тарс айтып салса “мурунку Алтынай эле жакшы окшойт” деп күлүп калам (күлүп).

– Силердин үйдөгү жумуштар деле эркектики жана аялдыкы деп бөлүнөбү?

М.: – Антип бөлбөйм, колдон келген жумуштун баарын жасай бергим келет. Үйдө кыз жок болгондуктан кичинебизден үйдүн да, сырттын да ишин жасап чоңойдук. Ошондуктан жубайыма жардам бериш мага оор эмес, бирок Алтынай мага эч нерсе жасатпайт.

А.: – Максат “сен эс алып ал, идишти мен жууп жиберейин” деп турат. Бир иш жасап жатканымда карап турбайт. Мага жылуу сөзү, колдоосу жетиштүү. Үй иштери мага оор деле эмес. 

– Сонун. Маек соңунда бири-бириңерге карап жылуу сөз айтууга мүмкүндүк берели...

М.: – Келечегимде, кыялдарымдын баарында сен барсың, Алтынай. Эмнеге умтулуп жаткан болсом, кандай иш кылып жатсам, баары сен жана кызыбыз үчүн. Сени Жараткандан суранып тапкам, эки дүйнө бактылуу бололу! 

А.: – Эң биринчи сизге ден соолук сурайм Жараткандан. Оорубаңыз, бар болуңуз. Амина экөөбүз сизди абдан жакшы көрөбүз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1160, 7-13-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан