Бир бүркүм. Мамлекеттик тууга 33 жыл...

  • Бишкекте 2 айда 34 автобус жол кырсыгына учураганы айтылды.
  •  Тамчы-Екатеринбург аба каттамы жанданышы мүмкүн, маселе Бишкекте эки тараптуу жолугушууда талкууланды.
  •  Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 3-мартта 33 жыл болду.
  •  Союзбек Надырбеков маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.
  •  Быйыл кадыр түн 26-марттан 27-мартка караган түнү белгиленет.
  •  Эмил Чакибаев Ноокат районунун акими болуп дайындалды.
  •  Мамлекеттик лоторея компаниясынын жетекчиси пара алып жатканда кармалганын УКМК билдирди.
  •  Кеминде мындан 23 жыл мурун сатылып кеткен завод мамлекетке кайтарылганы маалымдалды. 
  •  Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу быйыл 17-марттан 23-мартка чейин созулат.
  •  Спикер Нурлан Тургунбек уулу шылуундар элди алдоодо жасалма интеллектти пайдалана баштаганын айтып чыкты.
  •  ӨКМ: Ашууларда кар көчкү жүрүү коркунучу жогору.
  •  Өлкөдөн жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды.
  •  Сузак районунда кой уурдоого шектелип 2 кыз кармалды.
  •  Өкмөт жетекчиси Адылбек Касымалиев расмий иш сапары менен Вьетнамга барып келди.
  •  Депутат Исхак Масалиев өлкөдө айып пулдардын түрү көбөйүп кеткенин сындады.
  •  Саламаттыкты сактоо министрлиги: Кыргызстанда бөйрөгү алмаштырылган 738 жаран бар.
  •  Азыркы тапта өлкөдөгү мектептерде 759 мугалим жетишсиз экени айтылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1160, 7-13-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан