Султанбай Айжигитов: “Кыргыз-Тажик чек арасын чечүүдө Достук айылын бербешибиз керек эле”

5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Кыргыз-Тажик чек ара маселесинин чечилиши боюнча билдирүү жасады. Ал чек ара талашында Кыргыз тарап уттурду деген пикирде. Мисалы, Тажикстан Ворух анклавына транспорттук коридор алууга жетишти деп айтып чыкты. 

- Достук айылын аларга берүүгө макул болдук. Достук айылынын стратегиялык мааниси – Ворух анклавына коридорго жол бербей, ал жердеги элдин чек араны коргоп турушу эле. Экинчи маселе – алар Ворухка өтүүгө тоскоолдук жараткан Хожалы – Ак-Сай – Ворух жолунан айланып өтүү үчүн, Дача-Капчыгай жолун, аны нейтралдуу кылууну сурап жатышат. Нейтралдуу жерди ким күчтүү болсо каалаган учурда тартып алууга укуктуу. Тажикстан азырынча транспорттук коридор алыптыр, Ворухту негизги аймагына кошуп алууга бир эле кадам калыптыр. Ал кадамды качан жасашат, муну убакыт көрсөтөт – дейт депутат Айжигитов.

Депутат өз сунуштарын да айтты, алар: Достук айылын Кыргызстандын өзүндө калтыруу, жер алмашууда анын аянтына эле эмес, стратегиялык маанисине да көңүл буруу, Ворух анклавына 1000 гектар жайыт берүүдө баш тартуу жана башка.

Өткөн аптада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасы толук макулдашылганы, кайсы жер кайсы тарапка өткөнү боюнча маалымат берген эле. Жыйында Айжигитовду айрым кесиптештери сындап, атүгүл “арбактар урсун” деп каргаганга чейин барышты. Депуттар чек ара маселесин чечүүдө уткан же утулган тарап болбой турганын, көп жылдык мээнет менен бүткөн ишти бүлүндүрбөш керектигин эскертишти. Ал эми “Ыйман нуру” фракциясы Айжигитовду катарынан чыгарып, муну “депутат фракция менен макулдашпай туруп чек ара боюнча билдирүү жасады” деп түшүндүрүштү.

Садыр Жапаров: “Чек ара түбөлүккө чечилди”

6-мартта президент Садыр Жапаров “Кабар” аркылуу Султанбай Айжигитовдун билдирүүсүнө жооп берди.

- Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 500 гектар жерди ээлеп турат. Андан сырткары биздин 5 миң гектар жайлоону пайдаланып келишкен. Биз ошол жайлоонун 1000 гектарын алмашып, калганы бизде калды. Ошону менен Ворух 15 500 гектар менен токтоду, бүттү. Түбөлүккө чекит коюлду. Ушуну билип туруп манипуляция кылып жатат депутат – деди Жапаров.

- Ал эми Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турган имиш. Ворух менен Достук айылы экөө эки башка жакта. Ворухка Ак-Сай айылы дарбаза болуп турат. Эки тарап тең стратегиялык максатты көздөп жер алмаштырган жокпуз, дайым чыр-чатак чыккан жерлерди алмаштык. Алардын эли деле өз бийлигин сындап жатышат. Чек ара түбөлүккө чечилди, бүттү, эки тараптын кызыкчылыгы теңме-тең болуп чекит коюлду. Биздин ишибизге тарых “5” деген баа берерине ишенем – деди президент.      

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1160, 7-13-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан