Өлкөнүн Улуттук банкы жарандарды телефон шылуундарынан сак болууга чакырды. Мекеме алдамчылар Улуттук банктын жетекчилигинин атын жамынып коммерциялык банктардын мурдагы жана азыркы жетекчилерине билдирүүлөрдү жөнөтүп, мындан улам көйгөйлөр жаралганын кабарлады.
- Адамды ынандырыш үчүн шылуундар Улуттук банктын төрагасынын, анын орун басарларынын жана башка кызматкерлердин сүрөтүн көрсөтүшүүдө. Андан кийин өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери деп тааныштырган адам байланышка чыгып, тезинен акча которууну суранат. Эч убакта мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз, шектүү маалыматтарды расмий булактардан текшериңиз. Кандай болгон учурда да бейтааныш адамдарга акча которбоңуз – деп билдирди Улуттук банк.
Улуттук банк эч качан жарандардын жеке маалыматтарын телефондон сурабай жана “коопсуз” эсеп деген шылтоо менен акча которууну сунуштабай турганы да маалымдалды.
Ички иштер министрлиги дагы жарандарды шылуундардан сак болууга чакырып келет. Буга карабай интернет же телефон шылуундарынын курмандыгы болгон жарандар жок эмес.