Энергетика министрлиги калкты электр жарыгын үнөмдөөгө чакырып, анын себебин түшүндүрдү. Маалыматка таянсак, 20-февралда “Токтогул” ГЭСинин бир гидроагрегаты оңдоп-түзөөгө берилип, натыйжада кубаттуулук 300 мегаватка азайды. 10-мартта “Үч-Коргон” ГЭСинин дагы бир гидроагрегаты жаңылоого берилерин, мындан улам кубаттуулук дагы 45 мегаватка азаярын билдирет мекеме.
Учурда “Токтогул” ГЭСинде акыркы, төртүнчү гидроагрегатты жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул процесс 2025-жылы аяктаса, ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 1440 мегаватка жетип, кошумча 240 мегаватт кубаттуулук кошулат.
Министрлик саат 7:00-9:00 жана 18:00-21:00 аралыгында электр энергиясын үнөмдөөнү өтүндү. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматы боюнча, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 637 миллион метр кубду түзүүдө.