27-февралда УКМК тарабынан бир күндө 30 адам кармалды. Алар чет элдик террордук уюм тарабынан башкарылган жашыруун экстремисттик топтун мүчөлөрү экени айтылды. УКМКнын маалыматы боюнча, кармалгандар жашыруун жолугушууларды өткөрүп, радикалдык идеологияны жайылтуу менен алектенип келишкен, ошондой эле террордук ишмердүүлүктү каржылоо үчүн каражат чогултушкан. Тинтүү учурунда алардын бири жардыргыч заттарды жасоону үйрөткөн видео материалдарды сактап жүргөнү аныкталды. Тергөөдө бул топтун негизги максаты - Кыргызстандагы конституциялык түзүлүшүнө каршы чабуул баштоо, мамлекеттик кызматкерлерге, атайын кызматтын өкүлдөрүнө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы теракттарды уюштуруу экендиги белгилүү болгон.
Азыркы тапта тергөө уланууда, кармалган адамдардын террордук уюмдар менен болгон байланыштары иликтенип жатат.