Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Али Акай чын эле издеди. Жер тытып издеди болгондо да. Элесте башка бир нерсе бар эле. Сулуулугу турат дечи, бирок мындан да сулуу кыздар болгон Алинин жашоосунда. Эч бири мынчалык көксөтүп издетпеген. Көңүлүнөн чыкпай койду, “кылт” деп акылына кирет. Үмүтүн үзүп калган маалда алар кокусунан кезигип калышты. Кофейняда терезени тиктеп ойлуу отурган экен. Капталынан окшоштуруп, ошобу деп ишенбей маңдайынан карады. Чын эле ошол! Жүрөгү тыпырап кетти.

– Элес?

Кыз кылчайып карады. Карегинде жаш толуп турган окшобойбу, ал кылчайганда “мөлт” дей берди. Ушу эки тамчы жашты көп эстеди кийин Али.

– Сизби?

– Таптым,- деди жылмайган жигит.

– Али?

– Элес...

Экөө ошол күнү көп сүйлөшкөн жок, тиктешип отура беришти. Бир сезимдер болот, баары ачыктан-ачык, айкындан-айкын. Экөө тең өздөрүн ушул көз ирмемди күтүп жүргөндөй сезишти. Кофейнядан кол кармашып чыгышты.

Алар өтө тез жакындашып кетишти. Али баш кошуу сунушун киргизгенде Элес эч ойлонбой макул болду. Анткени ички туюмунда так ушул өзүнүн адамы экенин сезди. Элести бактылуу кыла турган, аны эч качан жалгыз калтырбай турган, ишенимдүү адам Али Акай эле. Жашоосундагы бардык кусасы, азабы, ушул адам жолукканда жоголуп кеткендей болду. Алиден эч бир шек, күмөн болбоду. Алдап кетеби же орто жолдо калтырабы дегендей сезим болгон жок. Жүрөк сүйлөгөндө акыл өзүнөн-өзү өчөрүн Алиге жолукканда билди Элес. Эмнегедир Лимондон да корккон жок. “Эгерде сүйүү үчүн өлө турган болсом, анда өлөйүн” деп ойлоду. Андагы сезим ушунчалык күчтүү эле. Жүрөгү эмне кааласа, ошону кылды.

Акыркы жолу Лимонго жолугуп, баарын өз оозу менен айтмакчы болду. Жолугушту, Лимон дароо эле Элестин жашоосунда чоң өзгөрүү болгонун сезди. Андан да баягы түрмөдөн кетип бара жатып машинеси бузулуп, Али Акай жолунан чыккандан бери Элес жолугууга келбей жаткан.

– Салам.

– Хм, жакшы. Эмне келбей жаттың?

Элес үн катпады.

– Эмне унчукпайсың?

– Бүгүн деле келмек эмесмин, бирок чындыкты өз оозумдан уксун деп келдим.

– Башка бирөөнү таба койгонуңду айтышты, аны билем. Анан?

Элес аны тиктеп калды.

– Макул, кечирем,- деди Лимон тиштене.

– Кечирим сураш үчүн келген жокмун. Мен...

– Сүйлөбө!

– Коштошуу үчүн келдим.

– Унчукпа дедим!

Лимон бакыра столду карс бир урду. Дирт этип да койгон жок Элес. Мелтейип тиктеп тура берди. “Эмне кылсаң деле, чечим өзгөрбөйт” дегенди туйду Лимон. Акылы иштей баштады. Кантип алдаш керек муну? Жиндеп, бакырып же коркутуп аны токтото албайт. Элести жакшы мамиле, сүйүү менен гана баш ийдире аларын башынан эле түшүнчү. Мурда коркуткан күндөрүн, телефонун текшергенин эстеп өкүнүп кетти. Кызганычтан жинди болуп Элести өзүнөн алыстатып алганын түшүнө калды.

– Макул, жаштыгыңа шылтайын, бир келесоого кызыгып калгандырсың, өтүп кетет. Мени күтсөң болду.

– Мен ага турмушка чыгам!

Акырын, бирок чечкиндүү айтты муну Элес. Артка кайтпай турганын дароо билсин деди окшойт. Лимон тиктеп калды. Анын сүрдүү көз карашын сезбегендей Элес да мелтейип тура берди.

– Сен кимдики экениңди унутуп калыпсың, эстетейинби?- деди ал кекете.

Селт деп да койбоду. Лимон акырын алдай баштады.

– Менсиз жашай албайсың. Сен менин бул жакта отурганым үчүн ушундай кадамга бардың. Мен чыгам, тез эле чыгам. Адвокаттар иштеп жатышат. Элес, чырагым! Мени кара, көзүмө кара. Мен бул жерден чыгам! Аз убакыт чыдап кой, биз бактылуу болобуз. Тоюбуз болот. Мен баарын сен каалагандай кылам. Кичинекейим, мен сени...

Элес анын сөзүн бөлүп жиберди.

– Мен аны сүйөм!

Жандалбастап жаткан эркек шалак эте отуруп калды. Анда Элес ушинтип басып кетиши мүмкүн деген коркунуч бар эле. Ошого эч кайда чыгарбай, ар бир кадамын көзөмөлдөп турган. Күтүлбөгөн жерден ушундай болду...

– Ким ал? Мен бере албаган эмнени берди сага?- деди аягында түтөп.

– Бет капсыз жашоону берди. Анын жанында баары жөнөкөй. Баары туура жана ишенимдүү. Эч кандай коркунуч жок. Ал мени эмес, мен аны сүйдүм. Мени издебеңиз. Издесеңиз деле эч нерсе чечилбейт. Мен ансыз жашай албайм, эч качан кайра сизге кайтпайм. Бул менин акыркы сөзүм.

Сумкасынан Лимон белек кылган батирдин жана машиненин ачкычын алды да столго койду.

– Мына, сиз мага берген нерсенин баары батирде. Эч нерсени алып кетпейм. Жакшы калыңыз.

Элес ордунан турду да, акырын басып чыгып кетти. Лимон эч нерсе дей албады. Токтото албайт эле. Бирок аны жүрөгүнөн бошото албады. Кандай баа менен болсо да Элести кайра кайтарып алам деген план менен жашай баштады.

Арадан беш жыл өттү. Элес менен Али бактылуу эле. Турмуш курушкандан кийин бир жылдан кийин уулдуу болушкан. Кийин кыздуу болушту. Али балдарына укмуш мээрим төккөн ата болду. Атасы ага бере албаган, эч качан өзүнө жетпеген аталык мээримди балдарына берүү менен өзүндөгү боштукту кошо толтургусу келдиби, ким билет? Уулунун аты Айдар, кызыныкын Айсулуу деп өзү койду. Анткени апасы балалыгында өзүнө ушул атты койгусу келгенин, бирок Алинин атын кайын атасы койгонун, кыздуу боло албаганын көп айтчу. Алинин чакан үйүндө, бейпил жашоодо күн кечирип жүрүшкөн. Элес ошол убактар жашоосундагы эң бактылуу күндөр болгонун кийин көп эстеди. Азыр апасына башынан өткөргөндөрдү айтып берип отуруп, ошол убакты эстегенде көздөрү жайнап кетти.

– Али экөөбүз бактылуу элек. Уулум, кызым, төртөөбүз чогуу болгондо убакыт кандай өткөнүн билбей калчумун. Али ишинен дароо үйгө шашчу. Келип балдары менен ойноп, мага тамак жасашып,  бизди күлдүрүп, айтор, үйгө шаң аны менен кошо кирип келгендей болчу. Балдарыбыз экөө тең атасына жакын болчу. Апа, биз аябай бактылуу элек, кээде көз тийип кетпесе экен деп коркуп кетчүмүн.

– Кызым менин, башыңдан эмнелер гана өтпөптүр. Баары менин айымдан...- деди Зейнеп кызынын башынан сылап.

– Бир күнү балдарыбыз жоголуп кетти. Жашоодо өлбөй туруп “өлүп” көрдүм, апа. Канчалык кыйын болгонун бир гана мен жана Жараткан билет. Издедик, издедик, ар күнү үмүт менен ойгондук. Эч таба албадык. Али балдарыбыз жоголгондон кийин башка бир адамга айланып калгандай эле. Ачуулуу, эч нерсе жакпаган, түнт адамга айланды. Мени күнөөлөй берди. Оозунан андай сөз чыккан жок, бирок унчукпай турса деле мени күнөөлөп жаткандай сезилчү. Карап койсо көз карашы канжар болуп жүрөгүмө сайылар эле. Жоготуп койдук өзүбүздү. Кайра таба албагыдай жоготтук. Мен аны, ал мени караган сайын таманыбызга тикен сайылгандай зааркана баштадык. Бири-бирибизден кача баштадык... Бир үйдө жашоо мүмкүн эмес эле. Жанымды алып, Алинин мурунку абалын кайтарып бере турган бирөө болсо ойлонбой макул болмокмун. Андай да сыйкыр болбоду. Мен чыдабай калдым. Сүйгөн адамың сени күнөөлөп жатканына чыдай албайт экенсиң. Өзгөрсүн дедим, дагы балалуу болсок, балким, мурункудай болобуз дедим. Бирок ал макул болбоду. “Табам” деп көшөрө берди. Тапкан-тутканынын баарын сатты, балдарды издеди. Анын жашоосунан кетип калбасам, ал мени бир күнү таштап кетет деп корктум. Кеткенге мажбур болдум...

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1160, 7-13-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан