Эл аралык саясаттын негизги темасы бүгүн Орусия-Украина согушу экени талашсыз. Орусия, АКШ, Кытай, Европа сыяктуу державалардын ортосундагы мамилени бүтүндөй дүйнө коомчулугу карап турган учур. Акыркы аптадагы окуялар ар кандай деңгээлдеги талкуулар менен жоромолдорду күчөттү көрүнөт. Дүйнөлүк лидерлер, саясий эксперттер эмне деп жатышат? Согуш токтоого жакынбы же күч алуугабы?
ТРАМП-ЗЕЛЕНСКИЙ КАЙЫМ АЙТЫШЫ...
Өткөн аптада, 28-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШ президенти Дональд Трамптын Вашингтондогу жолугушуусу ызы-чуу менен аяктады. Түз эфирдеги маалымат жыйыны учурунда АКШ-Орусия мамилесин сөз кылып жатып Трамп, АКШнын вице-президенти Жей Ди Венс, Зеленский үчөө кайым айтышып, Украинадагы согушту жөнгө салууга салым кошот делген маанилүү келишимге кол коюлбай, ара жолдо калды. Негизи Зеленский АКШга Украина аймагындагы сейрек кездешүүчү кен байлыктарды АКШ менен чогуу иштетүүнү көздөгөн дал ушул келишимге кол койгону барганы айтылган эле.
ЫЗЫ-ЧУУДАН КИЙИН...
Бул окуядан кийин Трамп “Зеленский тынчтык келишимине даяр эмес, ал АКШнын колдоосу менен согушту улантууну каалайт” деди. Көп өтпөй Зеленский “Орусия менен тынчтык келишимине жетишүүгө али көп бар” дегенин чет элдик ЖМКлар жарыялап, муну Трамп “бул Зеленский жасашы мүмкүн болгон эң жаман билдирүү. АКШ буга көпкө чыдай албайт” деп комментарий берди.
УКРАИНА ЛИДЕРИН СЫНООБУ?..
3-мартта дүйнөлүк беделдүү басылмалар АКШ Украинага аскердик жардам берүүнү токтотконун жазып чыгышты.
– Президент тынчтыкты көздөй турганын так билдирди. Бизге биздин өнөктөштөрдүн да ушул максатты көздөшү маанилүү. Биз жардам берүүнү токтотуп, бул аракет көйгөйдү чечүүгө жардам берер-бербесин байкайбыз, – деди америкалык басылмалардын Ак үйдөгү жеке булактарынын бири. Бул боюнча Трамптын администрациясы 5-мартта гана расмий маалымат жарыялап, Украинага аскердик гумжардам берүүнү токтотуунун максаты “маселени кайра карап чыгуу үчүн” экенин түшүндүрдү.
АКШнын ЖАРДАМЫ УКРАИНА ҮЧҮН КАНЧАЛЫК МААНИЛҮҮ?..
Эксперттер АКШнын аскердик жардамды токтотуусун “Украинаны сүйлөшүүлөргө барууга мажбурлоо” деп баалашты. "Америка курал-жарак, техника бербесе Украина Орусия менен көпкө согуша албайт" деген пикирлер үстөмдүк кылды. Мисалы, украиналык аскер серепчиси Михайло Жирохов “АКШнын жардамысыз Украина 1 же 2 ай гана туруштук бере алат” деди ЖМКларга маек берип жатып. АКШнын колдоосу болбосо Украина согушта кыйналарын Зеленский деле ачык айтып жүрөт. Орусия, албетте, АКШнын Украинага жардам берүүнү токтотушун кубаттады. Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “бул Киев режимин тынчтык процессине түртүүчү чечим” деди.
ЗЕЛЕНСКИЙ ЖУМШАРДЫ...
4-мартта Зеленский Ак үйдө Трамп менен кайым айтышканы үчүн өкүнөрүн, кеткен катачылыкты оңдоо үчүн АКШ бийлиги менен кайрадан сүйлөшүүгө даяр экенин, Орусия-Украина согушун тезирээк токтотууга кызыкдар экенин билдирди. Мындай билдирүү Зеленскийдин социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылды.
– Эч кимибиз түбөлүк согушту каалабайбыз. Мен жана менин командам бекем тынчтыкка жетишүү үчүн президент Трамптын күчтүү жетекчилиги астында иштөөгө даяр, – деген Зеленский Украина согушту токтотуу үчүн ыкчам иштөөнү көздөп жатканын, тынчтыкка жетүүнүн биринчи этабы туткундарды алмашуу жана абада, деңизде ок атышууну токтотуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады. Бул арада орусиялык саясат таануучу Сергей Марков Украинанын сүйлөшүүгө даярбыз дегенин кубаттоого арзый турганын, бирок сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Зеленский Трампка кат жазгандан тышкары “Орусия менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзүлбөсүн” деген өзүнүн декретин жокко чыгарышы керектигин эскертти. Бул пикирди буга чейин президент Путин да айтып келген. “Украинадан эч ким Орусия менен сүйлөшүүгө барбасын деген декретин жокко чыгарбаса, биз кантип сүйлөшөбүз?” деген жоопту айтчу ал журналисттердин “Зеленский менен сүйлөшүүгө даярсызбы?” деген суроолоруна.
ТРАМП: “УКРАИНА СҮЙЛӨШҮҮГӨ ДАЯР”
5-мартта президент Трамп АКШ Конгрессинде сөз сүйлөдү. Анда ал Украина сүйлөшүүгө даяр деп билдирип, 4-мартта Зеленскийден “маанилүү кат” алганын белгиледи. Зеленский сейрек кездешүүчү кен байлыктары боюнча 28-февралда кол коюлбай калган келишимге кол коюуга каалаган учурда даяр экенин айтты. Баса, келишим боюнча... Айрым ЖМКлар Трамп аталган келишимге кол коюуга шашылбайт, анткени АКШга мурункудан да пайдалуу кылуу үчүн келишимге толуктоо киргизүүгө кызыкдар деп жазып чыгышты.
ЧАЛГЫН МААЛЫМАТТАРЫН БЕРҮҮНҮ ДА ТОКТОТТУ...
Бул арада Украина дагы бир суук кабар укту. АКШ Украинага чалгын маалыматтарын берүүнү да токтотту. Маалыматты АКШнын жооптуу жетекчилери расмий тастыктады. Серепчилер “бул чечим Украина армиясынын согуш талаасындагы абалын ого бетер кыйындатат” деп жатышат.
ЕВРОПА ӨЛКӨЛӨРҮ ЭМНЕ ДЕП ЖАТЫШАТ?..
Айта кетсек, Зеленский Вашингтондон жолу болбой кайткандан кийин, 2-мартта ондогон Европа лидерлери Лондондо чукул саммит өткөрүштү. Жыйынтыгында Франция, Улуу Британия жана Украина жаңы тынчтык планын иштеп чыгып АКШга сунуштоо, Европанын коопсуздугун камсыздоого көбүрөөк каражат бөлүүгө жетишүү сыяктуу чечимдер кабыл алынды. Улуу Британия Украинага аба чабуулунан коргоочу ракеталарды сатып алууга акча бөлөрүн билдирди. Аталган өлкөнүн өкмөт жетекчиси Кир Стармер Европа өзүнүн коопсуздугу үчүн ишти күчөтүшү керектигин, бирок бул үчүн АКШнын колдоосу зарыл экенин ачыктады.
5-мартта Франциянын президенти Эммануэл Макрон элине кайрылуу жасады. Анда ал жалпы Евросоюзду коргоо үчүн өзөктүк куралды пайдалануу жаатында талкууларды башташ керектигин айтты. Кийинки жумада Париж Укрианада коопсуздукка кепилдик берүүгө даяр өлкөлөрдүн штаб башчыларын чогултарын белгиледи. Ошондой эле тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин Украина аймагына европалык аскерлер киргизилиши мүмкүн экенин жарыялады. “Украинада тынчтык европалык күчтөрдүн жайгаштырылышы менен орношу мүмкүн” деди ал.
ЛУКАШЕНКО ОРТОМЧУ БОЛГУСУ КЕЛЕТ...
Беларус президенти Александр Лукашенко АКШ-Орусия-Украина сүйлөшүүсүн өткөрүүгө Минск даяр экенин билдирди. Үч тараптуу сүйлөшүүгө Минск эң ылайык жер экенин расмий Кремль да маалымдады.
БАГЫ АЧЫЛБАЙ ЖАТКАН КЕЛИШИМ ТУУРАЛУУ...
АКШ акыркы 3 жылда Украинага
350 миллиард долларлык жардам (акча, аскердик техника) бергенин айтууда Трамп. Бул үчүн экс-президент Жо Байденди “келесоо” деп да атады. Эми ошол жардамды Украина өз аймагындагы титан, литий, уран сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдарынын эсебинен кайтарып бериши керек дейт. Мындай келишимди адегенде Украина өзү сунуштаганы, бирок АКШ койгон шарттарга макул болбой жатканы айтылып келет.
ЖЫЙЫНТЫКТАП АЙТКАНДА...
Орусия-Украина согушу токтойбу же күч алабы? Азырынча божомолдор гана. 6-мартта АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио согушту кантип токтотуу боюнча азырынча эч кимде план жок экенин билдирди. Айтымында, Орусия тарап “азыраак оң натыйжага” жетишти, бирок Орусия жеңет дегендин белгиси жок. “Ошондуктан жаңжал туңгуюкка кептелди. Президент Трамп жасап жаткан аракеттин баары – тынчтыкка жетүүгө жол бар же жок экенин аныктоону көздөйт”,- деди Рубио.
Асел Нурбекова