Буга чейин көп жолу маектешкенбиз. Бул жолу маңдайымда маектешип отурган белгилүү куудул Абдылда Иманкулов ага негедир мурунку Абдылда агага окшобой турду. Ойлуу, сүрдүү, мурдагыдан да оор басырыктуу... Маанилүү маек болду, көз жүгүртүңүз, окурман.
– Саламатсызбы, Абдылда ага? Телефондон байланышканда мамлекеттик театрга ишке орноштум деген элеңиз, кайсы театрда иштеп жатасыз?
– Саламатчылык. Ооба, Жалал-Абад шаарында Барпы Алыкулов атындагы театрда иштей баштадым. Мурунку жылы үч жерден сунуш түшкөн эле, Ош шаарындагы филармониядан, Нарын театрынан, анан азыр иштеп жаткан жеримден “Иштеп бересизби?” дешкен. Көпкө ойлонуп, толгонуп отуруп ушул театрды тандадым.
– Бишкектен көчүп кеттиңизби ошондо?
– Көчүп кеттим деп деле толук айта албай турам. Айтор, кемпиримди алып, кийим-кечемди жүктөп кете бергенбиз, ижарага батир алып жашап, иштеп жатабыз.
– Көнүп калдыңызбы?
– Көнүштүн аракетин кылып жатабыз. Эми көнгөндө эмне, Кыргызстанда мен көнбөгөн жер жок болуш керек. Кайда барсам төрт тарабым кыбыла десем болот. 42 жылдан бери кыдырбаган жерибиз калбады да.
– Өткөнгө саресеп салсак, куудулдардын ташы өйдө кулап, кел-кели келип турган бир заман болду, менимче...
– “Мыскыл жана тамаша” деген телеберүү бар эле, силердин муун көрдүбү, көрбөй калдыбы, билбейм. Мына ошол учур биздин заманыбыз болду. Куудулдар ар жактан келип катышчубуз ага, Күмөндөр Абылов Нарындан, мен Оштон дегендей. Кийин ал долбоор токтоп калды, эмнеге? Анткени “бардак”, акчага кызыккан заман башталды. Улуттук телеканал өзү уюштурган телеберүүнү өзү бузду. Бир эле күндө Спорт ордосуна бир продюсер концерт уюштурат, ошол эле күнү Улуттук филармонияга башкасы уюштуруп, куудулдарды эки жакка тең чакырат. Көрүүчү каякка барарын билбей калат. Айтор, “Мыскыл жана тамашанын” тез эле кадыры кетип, ошо менен жабылды. Андан кийин мен, Рахман Разыков, Борончу үчөөбүз “Ар бир айдын алтысы” деген берүүнү уюштуруп жүрдүк. Ай сайын андай программа жасаш кыйын экен. 5-6 жыл чыгардык, анан чарчап калдык. Саясатты сатирага салып жүрдүк, ошондон улам бут тосушуп Спорт ордосун бербей башташты. Кыскасы, ал дагы токтоду. Куудулдар популярдуу болуп, эл аларды эңсеп, кассаларда билет жетпей калган учурлар ошол жылдар эле.
– Устаттар чарчаганда ишти шакирттери улантып кетет эмеспи. Бирок сиз шакирт тарбиялоого кызыкпадыңыз окшойт?
– “Окуучуларым” деп ооз толтуруп ыраматылык Рахман Разыков айтса жарашмак. Ал атайын таланттуу балдарды чогултту, үйрөттү, азабын тартты. Мен “минтип аткар, сага тигиндей роль жарашат” деп эле кеңеш бербесем, шакирт тарбиялоо милдетин алган эмесмин. Бул милдетти Рахман жакшы аткарды, чындыкты чындык деп эле айтыш керек. Бир жолу кеңеш айтып коюп эле “менин окуучум” дегендер көп азыр. Мен анте албайм, керек болсо азыр өзүм “окуучумун”.
– Абдан ойлуу, сүрдүү, сырдуу болуп калыпсыз, бул жаш куракка байланыштуубу же башка себеби барбы?
– Сен эле эмес, жанымда жүргөн куудул балдар деле мага көп батына алышпайт. “Мен минтейин десем, сиз минтип койдуңуз” деп сүрдөгөндөрүн кийин айтып калышат. Жаш куракка да байланыштуу. Ушул сөздү айтсамбы же айтпасамбы деп баарын салмактап, таразалап калат экенсиң.
– Ойлоруңузду төгүлүп айтып, бугуңузду чыгарып алчу адамыңыз ким?
– Аялдын деле, эркектин деле эң жакыны – түгөйү. Түгөйдөн өткөн сырдаш, дос болбойт. Бара-бара бир тууганың деле, балаң, кызың, досуң, дегеле эч кимиси өмүрлүк жарыңдай сырдаш болбой калат экен.
– Ушуну кайсы куракка жеткенде түшүндүңүз?
– Жаңы эле түшүндүм (күлүп). Жаш кезде муну түшүнүштүн деле кажети жок, менимче. 15 жашта ошол курактын кызыкчылыгы, 20 же 40 жаштын өзүнүн өзгөчөлүгү, айтор, ар бир курактын өзүнүн керемети бар, ошону сезип жашай берсек жаңылбайбыз. Эрте түшүнүп алганда эмне?..
– Куудулдуктан башка кесипте иштеп көрдүңүзбү?
– Бала болуп башыма жүн чыккандан бери дечү беле (күлүп)? Жок, ушуга чейин башка иш кылып көрбөдүм. Мындан ары деле кыла албасам керек.
– Атактуулук баары бир адам эркиндигин чектейт, сизди канчалык деңгээлде чектеди?
– Туура, атактуулуктун кыйынчылыгы да бар. Мисалы, Бек Борбиев боюнча бир ызы-чуу болбодубу, Бек ырдап жатса жанына бирөө бара калып, айтор... Ушундай учурлар көп болот жашоодо. Кээ бирлер колуңдан жулкулдатып тартып “сүйлөшөбүз, сүрөткө түшөбүз” дешет, бир жерде тамак ичип жатсаң жаныңа отуруп алышат. Базарда, көчөдө иш менен жүрсөң ыңгайсыз болосуң, ар бири менен сүрөткө түшүп жүрө албайсың да. Ачууң келет, бирок уруша албайсың. Теңелбейин деп унчукпай калсаң, сени алсыз деп ойлошот.
– Сиз үчүн жагымсыз болгон абалга “мейличи” деп кол шилтеп коюу оорбу сизге?
– Мурун оор эле, азыр көп учурда кол шилтеп калдым. Рахман экөөбүз чогуу көп жүрдүк да, 30 жылдай... Жалаң эле кучакташып, сагынышып жүргөн жокпуз. Таарынышып кеткен учурларыбыз болчу. Пендечилик да, кээде мен же ал бир нерсени туура эмес кылып койгон учурлар болот. Рахман унчукпайт эле, бирок мен анын таарынып калганын билип калчумун. “Коё турсаң, сен мага таарынып калдың, ээ? Мен мындай кылайын дегем да” десем, “жөн турчу, эй, келесоого да киши таарынабы?” деп кетип калчу. Ал унчукпай жеңчү, а мен кызуу кандуу элем, чыр чыкса дароо териштирип, ким күнөөлүү-күнөөсүз экенин далилдеп жиберчүмүн. Азыр антип актангым да, териштиргим да келбейт, унчукпаштын эле амалын кылып калдым.
– Жан дүйнөңүз аябай тынчтыкты каалап калыптыр, байкашымча...
– Билесиңби, азыр эмнени жакшы көрөм? Кемпиримди машинеме салып алып эле узак сапарда жүрө бергим келет. Кызык, ээ? Эч бир жерге баргым келбейт, көп сүйлөгүм келбейт, интервьюга далай чакырышат. Ортого киши салып да чакырышат, баргым келбейт. Бишкекте го “көчөдө тыгын” деп шылтоо кыласың. Жалал-Абаддын телеси маекке чакырышты. Шаар чакан, жөө деле басып барсаң болот. Бирок эч эле баргым келбейт, эмнегедир ушундай болуп калдым.
– Маек башталгандан бери Рахман агайдын атын бир нече жолу айттыңыз, сагынган окшойсуз?
– Сөзсүз да. Дөөлөт Мадымаев, Рахман Разыков, Манас Бердибеков, Жаныбек Алыкулов... Ушулар чогуу жүрчү элек да (үшкүрүп). Кел, башка сөзгө өтөлүчү...
– Кубаныч тууралуу сүйлөшөлү анда, сизди эмнелер кубантат?
– Жакындардын, бала-чака, бир тууган, ага-туугандын амандыгы. Апам учурда 89 жашта, эшикке кирип-чыгып тың, анын ошентип жүргөнү кубантат. Башкысы – аялым жанымда. Мындан да кубандырганы – мамлекеттин тынчтыгы. Азыркыдай дүйнө чайпалып турган маалда мекендин тынчтыгы – чоң дөөлөт билген кишиге.
– Кандай ойлоруңуз, пландарыңыз бар?
– Азыр театрда жаңы спектаклдерди даярдап жатабыз. Буюрса, март же апрелде элге тартуулайбыз. Жайында жайлоодо эс алсам деген пландар бар. Анткени жылкычынын баласымын, жайлоодо чоңойгом. Жан дүйнөм тоого тарта берет. Расул Гамзатов “адам өзүн бактылуу сезиш үчүн балалыгын жана карылыгын айылда өткөрүшү керек” деген экен. Ал деле оңой киши эмес да, туура айткан окшойт деп калам.
– Маектерден качып калганыңызга карабай кеңсебизге келип ой бөлүшүп бергениңизди биздин редакцияга болгон урматыңыз деп билебиз. Бар болуңуз! Жашооңузду жалаң жакшылыктар коштоп жүрсүн!
Нуржамал Жийдебаева