Ырчы, актриса Венера Назаралиева жакында ак өргөөсүнө той берип, элден бата алды. “Өмүр”, “Ашыгым”, “Сүйүү багы”, “Суранам” жана башка ырлары менен белгилүү ырчы айымды кубанычы менен тең бөлүшүп, маекке тарттык.
– Кош келипсиз, Венера! Ак өргөө кут болсун! Тойду жакшы өткөрүп алдыңызбы?
– Рахмат. Той жакшы өттү. Чыгармачылыктан табышып, бир туугандай болуп калган ырчы эже-сиңдилер Бишкектен бери келишти. Ош шаарынан былтыр жаңы курулган үйдү сатып алган элек, ошону бүтүрдүк. Ичин неоклассика стилинде жасалгаладык. Алгач кантип бүтүрөбүз деп бир аз чочуладык. Кудай жалгап бат эле бүттү.
– Үй бүтүрөм деп чыгармачылык аксап калган жокпу?
– Жок. Жаңы ырларды жаздырсам деп турам. Орозо бүтөрү менен Казакстандын Эл артисти Кентау Назарбек аганын мааракелик концертине барууга даярданып жатам. Аны менен 3 жылдан бери иштешем. “Бир байтерек, бир чынар”, “Сыйлашалы”, “Балдарыма”, “Ата-эне аманаты” деген ырларын ырдап жүрөм. Былтыр да концертине катышып келгем.
– Кичинеңизде актриса Шайыр Касымалиеваны кумир тутчу экенсиз, чынбы?
– Кичинемде үйүбүздүн конок бөлмөсүндө календарь илинип турчу. Анда элечек кийген сулуу аялдын жана кичине кыздын сүрөтү бар эле. Элечекчен айымдын ким экенин атамдан сурасам “актриса” деген. Күнүгө анын сүрөтүн суктануу менен карай берчү экенмин. Чоңоё түшкөндө гана элечекчен айым Шайыр Касымалиева экенин билдим. “Бетме-бет” тасмасында Сейденин ролун аткарат эмеспи. Түшүндө узун чачы жазылып, аппак көйнөкчөн болуп жолдошу Ысмайылды издеп жүргөнүн көрөт. Ошол эпизодду жактырчумун, аны туурап чачымды жазып “кийин мен да актриса болом” дечүмүн. Шайыр эженин ролдоруна таасирленип жүрүп, кийин актриса болгонум чын.
– Маданият кызматкерлеринин маянасы аз деп көп айтылат. Театрдан кетишиңизге ушул да себеп болгондур?
– Театрда жалпы 22 жыл иштедим. Башында мен кетсем театр жок болуп кетчүдөй туюлчу. Бирок ошончо иштеп же сыйлык албадым, же айлыгыбыз көбөйбөдү. Анан театрдан чыгып кеткем. Анткени балдар чоңойду, аларды окутуп-чокутуп, үй-жайды да чоңойтуш керек дегендей. Ошентип бизнес баштоого аргасыз болдум. Чынын айтканда, театрдан кетип жатканымда жүрөгүмдүн бир үзүмүн ал жерге калтыргандай болдум. Абдан көнүп алыптырмын, ичим ачышып жаман болгом.
– Сиздеги ырчылыкка болгон кызыгуу табиятыңыздан барбы же кийин ойгондубу?
– 10-11 жашымда башталды окшойт. Анда тойлор ресторандарда эмес, үйлөрдө өтчү. Ямаха (синтезатор) ойногондор тойго чакырылат, ырчылар ырдашат. Ошол кезде Ямаханын үнүн уксам аябай ырдагым келип, өзүмдү кармай албай титиреп кетчүмүн. Кошунанын үйүбү же мен тааныбаган башка эле бирөөнүн үйүбү, ага карачу эмесмин, кирип барчумун. Элди жөөлөп, түртүп отуруп музыканттын жанына жетчүмүн. Микрофон кармап ырдасам дегенде көзүм чачырап “бир жолу ырдатып коюңузчу” деп музыкантка жалынам. Анан ошол кездин хит ырларынын бири болгон “Кыргызымдын жигиттерин” заңкылдап ырдай баштайм. Үнүм жакшы болгондуктан эл кол чаап, мактап койсо дердейип калам. Ошентип жүрүп Ямаха ойногон музыканттар мени таанып калышты. Күндүз той, кечинде “вечер” өтчү. Кеч кире электе эрте барып алып, качан “вечер” башталат деп эшик сагалап күтүп турчумун. Бир ыр ырдаганыма каниет алып, жыргап үйгө кетчү элем.
– Анан ата-энеңиз сизди музыкалык мектепке беришти...
– Ооба, 5-класска көчкөнүмдө беришти. Боюм кичинекей, комузум чоң. Мектепти бүткүчө кароо-сынактарга комуз чертип, ырдап катышып баш байгелерди утуп, мектептин атын чыгарып жүрдүм. Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо да утуп алгам. 6-класс кезимде таланттуу кыздар, балдарды чогултуп Бишкекке Чыңгыз Айтматов менен жолугушууга алып келишкен. Ошондо улуу жазуучуну жанынан көргөм.
– Ырчы катары топтон суурулуп чыгыш үчүн эмне керек экен, мээнетпи же талантпы?
– Экөө тең керек. Алгач талант, анан эмгек. 1 пайыз талант, 99 пайыз эмгек менен деле сахнага чыгып жүргөндөр бар. Ырчы таланттуу, изденгич болсо мааниси, обону да мыкты ыр таап, ырдап, ал ырга жан киргизет. Ошондой ырдын өмүрү узун болот.
– Адамда комплекстер болот эмеспи. Балким, сизде да бардыр же убагында болгондур?
– Кичине кезимден эле өз жашымдан улуу көрүнөт окшойм. Себеби менден улуу 2 эжем бар, бирок көптөр мени алардын эжеси деп ойлошчу. “Элнура менен Гүлнура менин сиңдилерим эмес, эжелерим” десем таң калышчу. Кыскасы, өз жашымдан улуу көрүнөм деген комплексим бар эле. Турмушка чыккандан кийин деле мындай “комплиментти” көп угуп жүрдүм. Себеби жолдошум менден 1 жаш улуу болсо да айрымдар мени андан улуу деп ойлошуп, жаш балага тийип алыптыр дегендей карашчу. Ошого аны менен чогуу жүргөндөн уялчумун. Кийин андай нерселерге баш оорутпай калдым. Башкысы, бактылуу жашасаң болду да.
– Атактуу “Кыз-Бурак” тобуна кошулуп, бирок көп өтпөй турмушка чыгып кеткен экенсиз...
– Ооба, анда мен 1-курста окуйм, Азамат 2-курстун студенти эле. Бири-бирибизге жардам берип жүрүп туугандык мамилебиз сүйүүгө айланып кетти. Экөөбүз үйдөгүлөр бизди баш коштурбайт го деп коркобуз, бирок ичибиздеги сүйүү да тынч жаткырбайт. Окуудан келгиче бири-бирибизди сагынып кетер элек. Ошентип жүрүп, экөөбүз бир күнү эч кимге айтпай баш кошуп алдык. Туугандар, үйдөгүлөр акыры билип, бизди ортого алып урушушту. “Туугандар тууган боюнча калышы керек. Турмушта ар кандай болот, кокус ажырашып кетсеңер эже-сиңди бет карашпай калат” дешти. Атам болсо “кызым, сени алып кетейин, ырдап, окуп, иштеп жүрө бересиң. Кааласаң үй алып берейин” дейт. Азаматтан ажырагым келбейт, чымырканып туруп атама “мага үйдүн кереги жок, Азамат менен калтырсаңыз эле болду. Аны да, өзүмдү да бактылуу кылам” дедим. Кыскасы, экөөбүз “жашайбыз” деп көгөрүп туруп алдык. Акыры бизди жайыбызга коюшту. Кудайга шүгүр, 20 жылдан бери чогуубуз, 1 уул, 2 кыздуу болдук.
– Социалдык тармакта активдүүсүзбү, мисалы, андагы талкууларга катышасызбы?
– Катышпайм. Талашып-тартышканды жактыра бербейм. Ар кимдин өзүнүн чындыгы бар. Ар ким өзүнүкүн туура деп ойлоп жазат. Жашоодо деле талаш-тартышка туш болсом угуп, күлүп гана кутулушум мүмкүн.
– Эмнеден абдан коркосуз?
– Жакындарымды жоготуп алгандан, катуу ооруп калуудан корком.
Канымжан Усупбекова