Тасма тартуу түйшүктүү гана эмес, кызыктуу дагы процесс. 1 жарым сааттык кинонун артында күлкүлүү да, кейиштүү да, таң калычтуу да окуялар көп болорун айтышат кино жаратуучулар. “Кыргыз кереметинин” өкүлдөрүнүн бири, актёр, Кыргыз эл артисти Чоро Думанаев эски кинолордун эл билбеген айрым кызыктарын айтып берди.
“УРКУЯ”
“Режиссёр мени өрттөнүп кеттиби деп коркуптур”
– “Уркуя” тасмасы Баткен жана Ноокат аймагында тартылган. Жайкы ысык жан чыдатпайт, куйкалайт тим эле. Баткендик Султан деген киши жертөлө казып, ичин дүкөн кылып коюптур. Ичи салкын, актёрлор бошой калсак эле ошол жертөлөгө кире качабыз. Тасмадагы Уркуяны өлтүрүп, түндө үйүн өрттөп жиберишкен эпизодду тартууга кезек жетти. Менин ролум – өрттө күйүп кетпеши үчүн үйгө жакын жердеги мал сарайдан жылкыны алып чыгып кетүү. Ысыкта суусап дүкөнчүдөн суу сурасам, калбаптыр. “Ушул болобу, муздак” деп бир бөтөлкө шарап карматты эле, суусаган жаным бөтөлкөсү менен көтөрүп ичип жибердим. Башым кеңгиреп, өрттөлө турган үйдүн артына өтүп уктап калыпмын. Бир маалда бетиме ысык илеп урганда көзүмдү ачтым, үй өрттөнүп жатат. Туруп, теңселип бутумду зорго сүйрөп бара жатсам режиссёр Төлөмүш Океев көрүп урушту. Көрсө, ал мени үйгө кошо күйүп кетпедиби деп коркуп турган экен.
“Бир үйдү эки жолу өрттөгөнбүз”
– Аңгыча Муратбек Рыскулов аба “ой, бул үйүңөр бомба түшкөндөй күйдү го. Өрт деген акырындан тутанат да” деп калды. Пиротехник үйгө солярканы көп куюп салган экен, дароо эле үй дуулдап күйүптүр. Ошол эпизодду кайра тартыш керек деп, эртеси жыгач үйдү кайра курушту. Кечээги кылыгыма уялып калган жаным бул жолкусунда жан далбастап чуркап барып, сарайдан атты жулкулдата жетелеп чыктым. Отту өчүрүүдө да кара терге түшүп иштедим. Ошондо Төлөмүш Океев “Азаматсың! Окуяга сүңгүп кирип аткардың. Актёр ушундай болушу керек” деди. Эми сүйүнгөнүмдү айтпа.
“ШАРКЫРАТМА”
“Жардыргыч затты эрте жардырып жиберишип...”
– “Шаркыратма” тасмасында тоодо жардыруу болуп, мен геолог кызды сактап калууга чуркап жетип, аны көтөрүп кеткен эпизод бар. Сценарий боюнча, алгач асманга эскертүүчү ракета атылмак. Так ошол маалда кызды көтөрө качып, алысыраак бир жерге корголоп, анан жардыруу болмок. Бирок кызды эми көтөрө качкан маалда эле жардырып жиберип жатышпайбы?! Коркуп кетип, тик ылдый сыйгаланып түшүп, бир буйткага жашынууга жетиштик. Асманга чаң сапырылып, айлана боппоз. Тартуучу топ “буларга эмне болду, жарылууда кошо кеттиби?” деп коркуп кетишиптир. Биз чыга келсек кубанганынан каткырып жиберишкен.
“АК КЕМЕ”
“Шейшепти жаа менен атып тешкилеп...”
– “Ак кемеде” Болот Шамшиев баланын ролуна деп көздөрү бакырайган, бир орунда отура албаган тынчы жок Нургазы Сыдыгалиевди алып келди. Мага “баланы көндүр, сени абдан жакшы көрүп калышы керек. Белек бер, ойнот. Айтор, ал сени “ата” дегенге чейин жетсин” деп табыштады. Бир жолу ага октору менен жаа алып келдим. Кинодо кермеге кир жайылып турган жери бар. Ошол эпизодду тарталы деп шейшептерди жайганда эле Нургазы тентек жаа менен аткылап тешип салса болобу?! Экөөбүз сөз уктук анан...
“Кыздар менен таанышууну бузуп...”
– Тасмада баланы шаар кыдыртып жүргөн эпизодду Чолпон-Атадан тарттык. Мен бойдок кез. Ысык-Көлдө катуу жер титирөө болуп, үйлөрдү кайра куруу үчүн Союздун ар тарабынан курулуш отряддары келип иштеп жатышкан. Арасында студенттик отряддар да бар болчу. Бир жолу 2 студент кыз жаныма келип, таанышып калышты. Казактын сулуу кыздары экен. Так ошол учурда Нургазы чуркап келип “ата, ата, бул жакка жүрчү” деп калды. Көрсө, балмуздак жегиси келиптир. Кыздар мени үй-бүлөлүү неме тура деп ойлошту окшойт, дароо кетип калышты. Мен болсо Нургазыны “эмнеге ата дейсиң?” деп урушуп калдым...
“Орозбек абаны тепкеним үчүн козу союп кечирим сурагам”
– Бала ооруп, “Кулубек байкем качан келет?” деп күткөн жери бар эмеспи. Баланын кыялында Кулубек байкеси Орозкулду (ред.: Орозбек Кутманалиев) жамбашка тебиши керек. Тепкенде шымында так калсын деп бут кийимимдин таманын бор менен боёп коюшкан. Ошондо Момун чал (ред.: Асанкул Куттубаев) жаныма келип “ыңгайы келип турат, Орозкулдан өчүмдү алып бер” деп калбаспы. Дароо түшүндүм, анткени ага чейин суудан карагай сүйрөп өткөн эпизоддо Орозкул ачууланып Момун чалды катуу урат эмеспи. Ошондо Асанкул аба катуу таарынып, Орозбек аба алдынан өтүп, кечирим сураган. Кечирсе деле ичинен “сениби, шашпа!” деп калган окшойт да. Башымды ийкедим. Тартуу иши башталып “мотор!” дегенде эле күүлөнүп барып Орозбек абаны жамбашка катуу тептим. Ал жыгылып баратып мени ушундай жек көрүү менен тиктеди дейсиң... Катуу таарынды, мени көргөндө тескери басып кетип жатты. Саламга алик албай, сүйлөбөй да калды. Ошондо артисттер “бир козу союп, кечирим сура” дешти. Макул деп чабандан козу алып келип, алдына түштүм. “Режиссёр жамбашка теп десе, сөзсүз күч менен тебиш керекпи?” деп бакырды. А мен “Айтматов деле ошентип жазыптыр” дейм актанып. Ошентип жатып таарынычын жазгам...
Канымжан Усупбекова