ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Ливия

КАДДАФИ ТААЖЫНЫ БЕРГИСИ ЖОК
Элдин бийликке каршы чыгуусу учурда Ливияда күч алды. Акыркы 40 жылдан бери Ливиянын лидери болуп келген Муаммар Каддафи оппозициянын акцияларына карабастан, тактыны бергиси келбей турган чагы. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдөгү баш аламандыкта 200гө чукул адам каза болуп, Өкмөт үйү өрттөлгөн. Ливиянын Триполи шаарында армия менен нааразы болгон топ кагылышып, Каддафи чет өлкөгө качып кеткени айтылган. Бирок лидер түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, мекенинен эч жакка кетпей турганын билдирди. Ал өз сөзүндө: «Муаммар Каддафи башка мамлекет башчыларына окшоп жеңилбейт. Ал эми өз өлкөсүнө каршы чыккан урууларды улуттун шермендеси деп айтар элем»,- деди.

Жаңы Зеландия

ЖЕР ТИТИРӨӨ КАНЧА ӨМҮРДҮ АЛДЫ?
22-февраль күнү саат 13:00дө (жергиликтүү убакыт боюнча) Жаңы Зеландиянын Крайстчёрч шаарында жер титиреди. Зилзаланын күчү канча баллды түзгөнү азырынча тактала элек. Шаардын мэри – Боб Паркердин айтымында, 65тен ашык адам каза таап, 200дөн ашыгы уранды астында калган. Бирок жабыркагандардын саны мындан да көп болушу ыктымал. Бейтаптар шаардагы ооруканаларга жеткирилген. Учурда аталган аймакта электр жарыгы дээрлик жок жана аэропорттон баштап бардык кыймыл токтотулган.

Кытай

ИНТЕРНЕТ АДАМ ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛДЫБЫ?
Пекиндин 33 жаштагы тургуну акыркы кезде интернет түйүнүнөн чыкпай жашап келген. Шаардын интернет-кафелеринин биринен чыкпай кесме менен тамактанып, ошол жерде уктап келген белгисиз мырза 27 күн чыдаган. «Анын бул жоругуна жумушсуз калганы себепчи болду» дешти. Жумушсуздуктан өзүн алаксытуу иретинде өмүрүнүн акыркы күндөрүн ошол жерде өткөргөн. Учурда анын өлүмүнүн себеби толук аныктала элек. Негизи, Кытайда интернетке байлангандардын саны арбын. Расмий маалымат боюнча, калктын 475 миллиону интернетке байланып, анын “кулуна” айланышкан. Алардын 33 миллионун жаштар түзүшөт.

Индия

94 БАЛАЛУУ ИНДИЯЛЫК АТА
Индияда дүйнө жүзүндөгү эң чоң үй-бүлө катталып, «Гиннес рекорддор китебине» киргизилди. Индиянын Мизорам штатындагы Бактванг айылында жашаган 67 жаштагы Зион Чан мырзанын учурда 39 жубайы, 94 баласы, алган аялдары ээрчитип келген 14 баласы жана 33 небереси бар. 181 адамдан турган бул бүлө 100 бөлмөдөн турган төрт кабаттуу үйдө жашашат. Мындан тышкары балдарга мектептен баштап бардык шарттар каралган. Ал эми Зион мырзага өзүнчө бөлмө бөлүнүп, жаш жубайларынын бөлмөсү ага жакын жайгашкан. Ал муну менен токтоп калбай, жакында АКШга барып аял аларын билдирди.

Бахрейн

МАНАМАДА 6 МИТИНГЧИ КӨЗ ЖУМДУ
“Манастан Чубак кем бекен” дегендей эле түшүнүк болуп калды, акыркы кезде. 14-февралдан баштап 10 миңден ашуун адам Бахрейндин борбор шаары Манамада митингге чыккан. Эл «бийлик ордун бошотуп, жаңы саясий реформа жүргүзүп чыныгы конституциялык монархияны орнотуу керек» деген талаптарды коюуда. Бийлик нааразы болгондорду күч колдонуу менен токтотуунун аракетин жасап, натыйжада полиция кызматкерлеринин колунан алты адам каза тапты.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 434, 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан