“Сирень гүлү”

– Эмнеге таксисттер машинасында ушул “Сирень гүлүн” коё беришет?!

– Эмне, сирень гүлү жакпайбы?

– Гүлдүн өзү жагат, бирок “Кеңеш” тобунун “Сирень гүлү” жакпайт. Көп таксилерден же маршруткалардан байкайм да, “Кеңеш” тобунун ырларын угушат. Узак жолго чыкканда кулактын кужурун алат го тим эле...

Негизи чоочун адамдын машинасында биринчи сөз баштабайм, көп сүйлөп, көрүнгөн суроону берген таксисттерди да жактырбайм. Бирок ушул ырды машиналардан уга берип көкөйүмө тийген окшойт, анын үстүнө жумуштан да чарчап чыгып, маанайым жок болгондуктан илеби айдоочуга тийди. Мен курактуу эле жигит экен, күзгүсүнөн артты карап:

– Чарчаган окшойсуз, музыканы өчүрүп коёюн,- деп менин зиркилдегениме сылык гана жооп берип койду. Уялып калдым, айтышканга даярданып “от алып” калдым эле. Үйгө жеткенде “рахмат” деп гана түшүп кеттим.

Бүтпөгөн жумуш, күнүмдүк тиричилик менен күндөр айланып өтө берет, ээ? Же мага эле ушундай сезилеби, айлар кантип алмашканына кээде маани да бербей калам. Адаттагыдай жумуштан кеч чыксам эшикте жамгыр төгүп жатыптыр. Айлыгымдын баары таксиге кетмей болду деп сүйлөнүп, айла жок чакырдым. Кандай машина келгенине деле маани бербей отургам, бир маалда айдоочу:

– Чоң кыз, “Сирень гүлүн” коюп берейинби?- дейт. Карасам эле баягы бала, күлкүм келип кетти, эсинде тура.

Үйгө жеткенче эски тааныштардай ар кайсыны сүйлөшүп бардык. Жакындап калганда “менин атым Чыңгыз, кечкисин кээде таксиге чыгам. Машина керек болсо мага чалыңыз. Сөзсүз, ээ?” деп суроолуу да, сырдуу да жылмайды. “Бекер ташыйм десеңиз чалам” дедим. “Сүйлөшөбүз, сизге жаккан баа сунуштайм” деп күлдү жигит.

Курбумдун туулган күнү болчу, кафенин ичин каткырык-күлкүгө салып отурдук. Түнкү 12ден өткөндө кыздар четинен жигиттерине чалып “алып кет” деп чакыра башташты, үчөөбүздүн жигитибиз жок эле, дайыма такси менен кетчүбүз. “Кийинки туулган күндө жигит менен кеткиле” деген каалоолор жыл сайын эле орундалбай калат негедир. Анан баягы Чыңгыз эсиме түштү. Номерин “Сирень гүлү таксист” деп сактап койгом. Вотсаптан кафенин дарегин жазып, “келе аласызбы?” десем “20 мүнөт күтө тур, баратам” деген жооп келди. Сыртымдан билдирбегеним менен, ичимден кымылдап жатам “машинасы жакшынакай эле болчу, үстүндө таксинин чашкасы бар беле же жокпу? Жок болсо экен...” Сүрмө топ эшикке чыктык, биринчиси кетти жигити менен. Экинчибиз таксиге түштү. Элдин артында калтырбай келсе экен деп коём. Өзүмчө эле толкунданып алгам... Анан келди, таксинин чашкасы жок. Келмек турсун машинадан колундагы бир букет сирень гүлү менен түштү. Жүрөк дүк-дүк... Мага жете электе эле алдыга умтулдум, башка бирөө талашчудай болуп.

– Көпкө күттүңбү?

– Ж-жок...

– Кеттикпи?

– Кеттик!

Артымда “эй,шүмшүк. Бул ким? Эмне айтпай жүрдүң?” деген кыздардын ызы-чуусуна жылмая гана кол шилтеп кете бердим.

Азыр Чыңгыз жигитим эмес, жолдошум. Кээде мага ачуусу келгенде машинада баягы “Сирень гүлүн” үнүн катуу чыгарып коюп коёт. Мен болсо мурункудай ал ырды жаман көрбөй калгам, кантсе да экөөбүздү тааныштырган ыр депчи. Бирок аны күйөөм укпасын...

Асел

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1160, 7-13-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан