“Оскар- 2025”: Ким мыкты?

Киного тиешелүү адамдардын баары самаган сыйлык жана сыймык “Оскар” эмеспи. 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарган “Оскар-2025” аземи да болуп өттү. Кимдер статуэткага жетип сүйүндү? А ким жеңишти колдон алдырып жиберди? 97-ирет өткөн аземге кыскача саресеп салалы.

Урушкандар болгон жок

4 жылдан бери “Оскар” аземин башкаруу милдети, тагыраагы, алып баруучу катары актёр, комик Жимми Киммел чыгып жатты эле. Бул ирет эки тизгин, бир чылбыр белгилүү комик, алып баруучу Конан О’Брайенде болду. Ага бул милдет биринчи жолу жүктөлдү, эгер уюштуруучу топко жакса, кийинки “Оскар-2026” аземинде да көрсөк керек.

Башка жылдарга салыштырмалуу “Оскар-2025” тынч өттү. Эч ким урушкан жок, бири экинчисин жаакка чаппады, жылаңач сахнага чыгып кеткендер да болгон жок... Болгону көпчүлүк “Мыкты актриса” сыйлыгын “Субстанция” тасмасындагы ролу үчүн Деми Мур алат деп турган эле. Анткени буга чейин тапшырылган сыйлыктардын баарында актриса алдыда келе жаткан. Бирок болбоду... Деми Мур кайрадан “Оскарсыз” калды.

“Анора” – триумфатор

Орус маалымат талаасында биринчи ирет орусиялык актёр Юра Борисов “Оскар” сыйлыгына талапкер болгондон баштап “Анора” тасмасын жарнамалоо ого бетер күч алган эле. Борисовду карап тасма да орустардыкы деп ойлоп албаңыз. “Анораны” америкалык режиссёр Шон Бэйкер тарткан. Сюжетинде орус олигархтарынын үй-бүлөсү чагылдырылгандыктан орус актёр-актрисалары да катышкан. Юра Борисов “Экинчи пландагы актёр” номинациясында ат салышкан, бирок жеңишти америкалык актёр Киран Калкинге алдырып жиберди. “Оскар-2025те” “Анора” триумфатор аталып 5 статуэткага ээ болду:

1. “Мыкты тасма” – “Анора”

2. “Мыкты режиссёр” – Шон Бэйкер (“Анора”)

3. “Мыкты актриса” – Майки Мэдисон (“Анора”)

4. “Мыкты сценарий” – Шон Бэйкер (“Анора”)

5. “Мыкты монтаж” – Шон Бэйкер (“Анора”)

Эске салсак, “Анорадан” сырткары “Мыкты тасма” номинациясына «Бруталист», «Боб Дилан: Эч кимге белгисиз», «Конклав», «Дюна-2», «Эмилия Перес», «Мен дагы эле бул жердемин», «Никелден келген балдар» жана «Субстанция» фильмдери ат салышкан.

Жалпы жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

“Мыкты тасма” – "Анора"

“Мыкты актриса”  – Майки Мэдисон ("Анора")

“Мыкты актёр”  – Эдриен Броуди ("Бруталист")

“Экинчи пландагы мыкты актёр”  – Киран Калкин ("Чыныгы оору")

“Экинчи пландагы мыкты актриса” – Зои Салдана ("Эмилия Перес")

“Мыкты режиссёр”  – Шон Бэйкер (“Анора”)

“Мыкты анимациялык фильм”  – “Агым"

“Мыкты кыска метраждуу анимациялык фильм” – “Кипаристин көлөкөсүндө”

“Мыкты сценарий” – "Анора"

“Мыкты грим жана чач жасалга” – “Субстанция”

“Мыкты монтаж”  – "Анора"

“Мыкты ыр” – "El Mal" (“Эмилия Перес”)

“Мыкты оригиналдуу саундтрек”  – Дэниел Блумберг (“Бруталист”)

“Мыкты үн” – “Дюна: Экинчи бөлүм”

“Мыкты визуалдык эффекттер” – “Дюна: Экинчи бөлүм”

“Мыкты оператордук иш” – "Бруталист"

“Мыкты эл аралык тасма”  – "Мен дагы эле бул жердемин" (Бразилия)

“Оскар” тарыхына жазылды

Дебюттук статуэтка, болгондо да 4 даана. Режиссёр Шон Бэйкер бир тасмасы үчүн 4 статуэтка (мыкты тасма, режиссура, монтаж, сценарий) алган биринчи адам катары “Оскар” тарыхына жазылды. Буга чейин 4 статуэтканы 1954-жылы Уолт Дисней алган эле. Ошондо да бир тасма эмес, ар башка 4 тасмасы үчүн 4 статуэткага жеткен.

Сахнага чыккан Бэйкер көрөрмандарды кинотеатрларга барууга үндөп, ошону менен алар кинематографияны колдоорун белгилеп өттү. Анан да кино менен тааныштырган апасына ыраазычылык билдирип, туулган күнү менен куттактаганды унуткан жок.

Көзү өткөндөр эскерилди

Аземде жылдын өкүнөрлүк көз ирмемдери да айтылды. Тагыраагы, 84 жаштагы актёр Морган Фриман сахнага чыгып, көзү өткөн кесиптештери Жин Хэкмен, Дональд Сазерленд, Мэгги Смит, Дэвид Линч, Жеймс Эрл Жонсту эскерип өттү.

Кызыктуу фактылар

 Испаниялык актриса Карла София Гаскон “Оскарга” “Мыкты актриса” (“Эмилия Перес” тасмасы) сыйлыгына талапкер болгон алгачкы трансгендер аял болду.

 Бул жылы “Оскарга” эки англис тилдүү эмес тасма “Мыкты тасма” номинациясында ат салышты – “Эмилия Перес” жана “Мен дагы эле бул жердемин”, бирок жеңишке жеткен жок. “Оскардын” тарыхында англис тилдүү эмес бир гана фильм статуэтка алган. Ал – түштүк кореялыктардын “Паразиттер” тасмасы (2020-жыл).

 10 номинацияда ат салышкан “Бруталист” тасмасында украиналык стартапчылардын жасалма интеллект каражаты колдонулган. Жасалма интеллекттин колдонулушу коомчулукта сын-пикирлерди жараткан, “Оскар” алыш үчүн атайын украиналыктардын ЖИсин колдонушту” деп.

 “Эмилия Перес” тасмасы 13 номинацияга көрсөтүлүшү менен бул жылдын рекордчусу десек болот. Бирок жеңиштердин саны жагынан “Анорага” алдырып койду. “Анора” 6 номинациянын 5ин жеңип алды.

 “Оскар-2025” кино сыйлык тапшыруу аземи 200 мамлекетте түз эфирде көрсөтүлдү.

 

Асыл Орозбекова  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1160, 7-13-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан