РУСЛАН ЧАГАЕВ ӨЗБЕКСТАНДАН НЕГЕ КАЧТЫ?

Мындан бир нече жыл мурда “Каримов Юлдуз Усманованы өлтүртүп коюптур” деген такталбаган маалымат тараган. Жакында “Каримов атактуу мушкер Руслан Чагаевди да өлтүртүп коюптур” деген маалыматты кулагыбыз чалды. Интернетти казып отуруп, андай кептер бекеринен чыкпаганына туш болдук. Тосуп алыңыздар, “кызыл бурчта” Руслан Чагаев!

ЧАГАЕВ РУСЛАН ШАМИЛОВИЧ
Туулган жылы – 1978-жыл, 19-октябрь
Туулган жери – Андижан шаары
Бою – 185 сантиметр, салмагы – 105 килограмм
Лакап аты – Ак Тайсон
Жетишкендиктери – Бокс сүйүүчүлөр арасында Азия жана Дүйнө чемпиону, профессионалдар арасында супер оор салмакта WBA версиясы боюнча 2007-2009-жылдары Дүйнө чемпиону болуп турган.
Профессионалдык рингде 27 беттеш өткөрүп, 25ин жеңип алган (17син нокаут менен). Бир жолудан тең чыгуу жана жеңилүү ызасын тарткан.
Үй-бүлөлүү. 2 уулдун атасы. Учурда Германияда жашайт.

АНДИЖАНДАН ЧЫККАН АК ТАЙСОН
Руслан Чагаев Өзбекстандын күчтүү бокс мектеби бар Андижан шаарында туулуп-өскөн. Улуту – татар. Ал кубалык легендарлуу мушкер, 3 жолку Олимпиада чемпиону Феликс Савонду 2 ирет жеңип алган жалгыз бокс сүйүүчү болуп саналат (алгачкы жолу Савонду Руслан 1997-жылы жеңип, Дүйнө чемпиону аталган). Руслан профессионалдык бокско 1997-жылы аралашкан. Дүйнөлүк атак-даңкты 2007-жылы айтылуу Николай Валуевди жеңип, WBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталган беттеши алып берген. Мушташтарынын көбүн нокаут менен аяктап, стили Темир Майкка окшоп кеткендиктен, Ак Тайсон атка конгон. Ак Тайсон азырынча бир гана жолу жеңилүү ызасын тартты. Ал да болсо Владимир Кличко менен болгон кармашта. Ал баш ийдиргендердин арасында атактуу Жон Руиз да бар.
Чагаев гамбургдук “Universum Box Promotion” компаниясы менен келишим түзүп, 2003-жылдан бери Германияда жашап, машыгып келет. Жеке жашоосуна келсек, Виктория аттуу жубайы, Артур жана Алан деген уулдары бар. Акыркы жолу рингге былтыр ноябрда чыгып, Трэвис Уокердин үстүнөн жеңишке жетишти. Учурда Дэвид Хэй ээлик кылып турган WBA версиясы боюнча чемпиондукка талапкер. Ушул тапта Хэй-Чагаев беттеши тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок Чагаевдин акыркы беттештери тууралуу туулуп-өскөн өлкөсүндө кыпындай да маалымат айтылбайт.

ӨЗБЕКСТАН ЧАГАЕВДИ ЭМНЕГЕ УНУТТУ?
Ак Тайсон Германияда жашап, машыгып жүргөнү менен, Өзбекстандын жараны. Рингге өзбек туусунун астында гана чыгат. Былтыр Кали Миан менен беттеш алдында өзбек гимни жаңырып баштаганда залда тургандардын арасында бир да өзбек улутунун өкүлү болгон жок. Жадакалса дайыма келип жүргөн Өзбекстандын Германиядагы элчилигинин өкүлдөрү да келбеди. Ал эми өзбек желегин украин жана швед достору кармап турушкан.
Беттештен кийин Өзбекстанда бир да ММК мекендешинин жеңиши тууралуу кабарлаган жок. Катардагы жаңылыктардын арасында даңазалуу өзбек мушкери тууралуу бир бүркүм да маалымат жазууга орун табылган эмес. Муну кантип түшүнсө болот? Мындан 3 жыл мурда Чагаев ошол мезгилдеги жеңилбес Валуевди жеңгенде аны улуттук баатырдай укмуш сыйлашпады беле? Ошондо Русланды аэропорттон кызыл килем төшөп тосуп алышкан. Чогулган элди айтпа. Андан ары унаага салып, адамдардан куралган коридор менен президенттик резиденцияга алып барышкан. Резиденцияда Русландын урматына сый тамак уюштурулган. Салтанаттын эртеси эл сыймыгын Ислам Каримов кабыл алып, “Сиңирген эмгеги үчүн” орденин тагып, темир тулпардын ачкычын тапшырган. Кечинде стадиондо чоң концерт болгон. Айтор, укмуш эле болгон...

БААТЫР МЕНЕН ХАНБИЙКЕ. КУДУМ ЖОМОКТОГУДАЙ
Бирок Русландын мекенине кайткандагы окуялары муну менен бүтүп калган эмес. “Даңк үстүндө жүргөн Ак Тайсон менен президенттин улуу кызы Гүлнара Каримованын ортосунда алоолонгон сүйүү оту жанган” деген маалымат бар. Ханбийке атайын спорт залына келип, Русландын машыгуусу бүткүчө күтүп турууну адатка айланткан дешет. Өз кезегинде чемпионго мындай даражадагы көңүл буруу жакканы менен, анын үй-бүлөсү бар эле. Натыйжада аялы Виктория экөөнүн мамилесине доо кетет. Ал эми Гүлнара Русланга үй-бүлөсүн таштап, ага үйлөнүүнү талап кыла баштайт.
2007-жылы “Даракчи” басылмасына Чагаевдин жубайы менен ажырашкандыгы тууралуу сенсациялуу маалымат чыгат. Ызы-чууну жараткан макалада WBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Руслан Чагаевдин ажырашууга арыз бергендиги жана Мирзо-Улугбек райондук сотунун чечими менен ал арыз канааттандырылгандыгы айтылган. Ошондой эле макалада МТС уюлдук түйүнү Чагаевдин мындай абийирсиз чечимине байланыштуу аны менен жарнамалык келишимди бузгандыгы камтылган. Булардын баары ажырашуу ишке ашканынан кабар берген.

АЙЛАСЫ КЕТКЕН ЧЕМПИОН
Айта кетсек, бул макала жогорку жактан атайын буйрутма менен жасалганы билинип турат. Анткени Өзбекстанда атактуулардын жеке жашоосу тууралуу ММКларда көп жазылбайт. Буга чейин ушул сыяктуу бир да макала жарык көргөн эмес эле. Ошентип, Чагаев байланып калат. Анын артынан сая түшүп аңдып жүрүүлөр адаттагы көрүнүшкө айланат. Макала жарыяланган «Фергана.ру» сайтынын маалыматы боюнча, Чагаев Каримовдун кызына үйлөнүүгө макулдугун өлкөдөн качып кетүү үчүн гана берген. Ошентип, тойго даярдыктар башталып кетет. Расмий эмес маалыматтар боюнча, той 2007-жылдын 18-декабрына белгиленип, ал Ташкенттеги ири ресторандардын биринде өтмөк. Бирок тойго бир жума калганда Руслан Германияга качып кеткен.
Русландын жакын адамдарынын айтымында, мушкер өлкөдөн өзбек-казак чек арасы аркылуу жашыруун чыгып кеткен. Учурда Руслан үй-бүлөсү менен Гамбургда жашайт. Европалык журналисттердин ажырашкандыгы тууралуу суроолоруна “ажырашкан эмеспиз, анын баары калп” деп келет. Ошондон бери Чагаев Өзбекстанга бир да жолу бут басып бара элек. Өзбекстанда да Руслан жөнүндө эч ким ооз ачпайт.

СҮЙҮҮДӨН ЖЕК КӨРҮҮГӨ БИР КАДАМ
Гүлнарага келсек, сүйүүсүнө жетпей калган ханбийке каарманынын таштап кеткенин кечире алган жок. Ошондон кийин Өзбекстандын шаарларынын көчөлөрүндө илинип турган Русландын сүрөттөрү алынып, мамлекеттик ММКларда анын атын атоого тыюу салынат. Бир сөз менен айтканда, 2008-жылдан баштап өзбекстандык медиа үчүн атактуу мушкер Руслан Чагаев жок. Чагаевдин акыркы беттештери жердештеринин колдоосусуз өтүп, жеңиштери тууралуу туулган жеринде сүйүнчүлөнбөй келгендигинин себеби мына ушунда.

ЧЕТ ЭЛДЕГИ ӨЗБЕКТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Албетте, мындай мисал кандай гана өлкө болбосун, аянычтуу. Чет элде жүргөн өзбек элинин өкүлдөрү Русландын абалы тууралуу өз ойлорун билдиришкен. Алардын биринде “Руслан, сенин башкы жеңишиң рингде эмес, а Каримовдорду жеңгениң болду. Алар эртең кетет, а сен элдин эсинде сакталып кала бересиң” деген пикирлер да бар. Не демекчибиз, бул окуя сүйүүнү сатып алуу мүмкүн эместигинин айкын далили десек жаңылышпайбыз.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Melya
2011-02-26 07:11:43
Sarttar aman ele bolgulachy! Makulbu?
0
Arstan
2011-02-26 07:24:07
Азамат экенсин Чагаев,уй булоонду ойлоп жакшы качып кетипсин. Чын эле суйууну сатып ала албайсын.
0
lider-kg
2011-02-26 10:24:34
окугумда келген жок чын
0
turapovar
2011-02-26 15:22:36
озбектуусун таштасын,баркташпаса боксерду!
0
Luckyman
2011-02-28 23:11:39
Каримовду кызы менен кошо атып салыш керек!! а Чагаевди акчанар жетсе Кыргызстанга эле алып келип алгыла
0
sulusha
2011-03-01 01:17:27
Molod4ik!
0
Sara
2011-03-01 07:21:38
Ozbek tuusun tashtasyn!!!
0
Супер саяк
2011-03-01 08:49:07
Негизи бул жигит ото эле намыстуу экен... Азаматсын чагаев
0
Strong Man
2011-03-01 17:06:39
Чагаев жакшы эле кылыпсын, эми Гулнараны ким аат дейсин!
0
Aikoou
2011-03-03 22:01:56
Чагаев аябай суулу экен;)
0
mikasa
2011-03-04 15:52:14
соз жок чагаев
0
№ 434, 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан