Кой
(21.03–20.04)
Эргүү аптасы, чыгармачылыгыңызды, катылып жаткан талантыңызды толугу менен көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылат. Жоопкерчилик жана өжөрлүк сапаттарыңызды толук колдонсоңуз, материалдык абалыңызды жогорулатуучу кирешеге ээ болосуз. Аптанын экинчи жарымында үй-чарба иштерине байланыштуу майда маселелер жаралат. Айрымдар жашаган жерин өзгөртүшү мүмкүн. Бош убактыңызда медитация жасап, эмоционалдык абалыңызды туруктуу абалга келтирүүгө аракет кылыңыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Акча энергиясы ойгонот. Бул күндөрү же карыздардан кутуласыз, же пайдалуу нерсе сатып аласыз, балким сатасыз, алмаштырасыз. Айтор, акча айландыруу процесси ийгиликтүү болот. Шейшемби-шаршемби күндөрү ойлонбой айтылган сөздөн улам үйдө чыр чыгышы күтүлөт, андыктан түгөйүңүздү таарынтып алуудан сак болуңуз. Күтүүсүз адамдан күтүүсүз жаңылык угасыз, дароо ишенгенге шашпай туруңуз, жалган маалымат болушу толук мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жылдыздар бул апта эгиздер үчүн позитивдүү маанайда өтөт дешет. Жумушта чечкиндүү жана чоң кадамдарды жасоо үчүн ишенимдүү адамдардын жардамына кайрылуу кажет. Бойдокторду романтикалык сезимдердин кучагы күтөт, андыктан жаңы адамдарга, таанышууларга ачык болгонуңуз жакшы. Айдоочулар, жолдо жүрүү эрежелерин сактаңыздар, дегеле жолдо абайлап жүрүү сунушталат. Дем алышта юридикалык териштирүүлөр менен алектенүүгө туура келиши ыктымал.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жумуш чөйрөсүндө баарынан кабардар болгонго аракет кылыңыз, анткени атаандаштар сиздин маалыматыңыз жоктугунан пайдаланышы мүмкүн. Сапарга чыгууңуз күтүлөт, анын арты менен жаңы адамдар менен таанышып, жаңы жер көрүп, жаңы маалыматтарды угуп, эргүү аласыз. Жумушуңузга караганда жеке жашооңузда кубанычтар көп орун алат. Сагынган адамдарга жолугуп, сүйлөшүүдөн маанайыңыз көтөрүлөт. Ал эми дем алыш күндөрү конок тосууңуз мүмкүн.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Арстандарга жылдыздар бул аптада көп окууну сунушташат. Китеп окуу менен жаңы идеялар келип, жумушуңузда өзгөчөлүк жаратышыңыз мүмкүн. Көзүңүз жетпеген ишке байланыштуу колумдан келет деп сөз берүүдөн алыс болуңуз. Болбосо сизге ишенген адамдын ишеничинен чыгып каласыз. Жеке жашоого байланыштуу маанилүү чечим кабыл алууга туура келет. Дем алыш күндөрүн өзүңүзгө, өзүңүздүн кызыкчылыктарды ишке ашырууга арнаганыңыз жакшы.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Аптада соода-сатык иштеринен алыс эле болгонуңуз жакшы, болбосо ашыкча коромжу болушуңуз ыктымал. Сиз идеалдуу деп элестеткен адамдардын экинчи жүзүн көрүп таң каласыз. Жумушта көзгө көрүнөрлүк өзгөрүү болбойт, туруктуу абалдын сакталганы деле жакшы бир четинен. Жумушка басым жасагандын ордуна үй-бүлөңүзгө убакыт бөлгөнүңүз туура болот. Алардын каалоосун аткарып, жаңылыктарын угуп, жанында болуңуз. Дем алыш күндөрү сиз үчүн тынч өтөт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Учтуу, курч буюмдардан сак болуңуз, майда жаракат алуу коркунучу бар. Жумушта нерв коротууга туура келген учурлар болот. Ойлоно бербеңиз, мунун баары сизге олуттуу зыян келтире албайт. Аласа алгандар акчаңызды ашыгы менен кайтарып, маанайыңызды көтөрүшөт. Алдыга койгон пландарыңыз четинен ишке ашып кубандырат. Сиздин жардамыңызга муктаж адамдарды көңүл сыртында калтырбаңыз. Бойдокторду сүйүү талаасында жемиштүү апта күтөт, жеңил мамилелер олуттуу өңүткө өтүшү мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жаздын таасири менен чаяндар курч романтикалык сезимдерге туш болушат. Туруктуу мамилени кааласаңыз, сүйүктүүңүздү “күлгүн” көз айнекти чечип, сезим менен эмес, акыл-эс менен жакшылап караганга аракет кылыңыз. Бүтпөгөн эс жумушту колго алгандан көрө жаңы нерсени баштасаңыз, жыйынтыгы көңүлгө да, капчыкка да толорлук болот. Каржы жаатында керек деп эле көрүнгөндү сатып ала бербей, сарамжал болууңуз керектелет. Ден соолукка да көңүл бурганды унутпаңыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жаачыларга жылдыздар маселелерди жакындардын курчоосунда талкуулоону сунушташат. Оор убакытта да, жакшы күндөрдө да жакындарыңыз жаныңызда болорун эстен чыгарбаңыз. Жумуштагы аракеттериңиз сизге көз каранды адамдардын кыжырдануусун жаратат. Аракетиңизди токтотпоңуз, сиз үчүн бардык эшиктер ачылат! Жеке жашооңузда жаңылануу болгону байкалат. Өзүңүздү кармана бербей сүйүү сезимдерин толугу менен кабыл алыңыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жаныңыздагылардын баарынын жашоосундагы окуялардан кабардар болуу аракетиңиз жакшы, бирок баарына эле жага бербесин эске алыңыз. Сиздин күмөндүү ойлоруңуз так ишке ашып жатканын байкайсыз, андыктан жакшы гана нерселерди ойлонгонго аракет кылыңыз. Жумушта жаныңыздагылар “бул жасай берет” деп моюнуңузга ашыкча жүк артышы мүмкүн. Андыктан “жок!” деп айтканды үйрөнүңүз. Дем алышта үйдөгүлөрдүн кубанычына ортоктош болосуз.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Жакын деп санаган адамдын саткынчылыгына туш болуп, көңүлүңүз чөгөт. Өмүр бою анын ким экенин билбей жүргөндүн ордуна, эрте бети ачылганына сүйүнүңүз. Иш сапары менен узак убакытка сапарга чыгууңуз күтүлөт. Үйдө отурган суу куярлар тыюу салынган нерсени жасап, тентектик кылып, жашоосуна өзгөчөлүк киргизгиси келет. Үйдү оңдоп-түзөө иштери көп убактыңызды да, энергияңызды да алат. Окуу жаатындагылар үчүн ийгиликтүү апта болмокчу.
Балык
(20.02–20.03)
Жаңы билим алчу, жаңы нерсе үйрөнчү, өзгөрчү апта. Эгер чет тилин үйрөнөм деп жүрсөңүз, ушул аптада баштаганыңыз жакшы. Имиджди өзгөртөм десеңиз, алга! Аптанын биринчи жарымында акылга эмес, эмоцияга жетеленип иш кыласыз. Бейшемби олуттуу келишимдерди жүргүзүүгө, келечекке иш планын курууга ылайыктуу күн. Сизди курчап турган адамдарга, керекпи, өзүңүзгө колуңуздан келерин далилдеген окуя орун алат. Аптанын соңунда досторду чогултуу милдети сизге артылмакчы.