«АБАКТАН КАЧУУ» сериалы

«Дос айрылат, тууган кайрылат» демекчи, турмуштун ар кандай кысымдарын жеңүү үчүн жаныңда колдоп турган бир туугандарыңдын болгону кандай сонун. Мындай көрүнүштү чагылдырган “Абактан качуу” сериалы бүгүнкү күндө эң популярдуу тасмалардын бири десек жаңылыштык болбос. Эгерде сиз дагы бул көп сериялуу фильмдин ар бир бөлүгүн чыдамсыздык менен күткөн киносүйүү­чү­лөрдүн бири болсоңуз, анда төмөнкү макала сиз үчүн. Анткени, кинодогу Линкольн менен Майклдын жашоосу, ал гана эмес, кулк-мүнөзүнөн бери жатка билээриңизде талаш жок. Бирок, аларды аткарган актёрлордун реалдуу жашоосу тууралуу баары эле биле беришпейт...

Вентворф Миллер
Майкл Скофилддин ролун ойногон Вентворф 1972-жылы 2-июнда төрөлгөн. Ата-энеси Американын тургундары болгону менен Вентворф Англияда төрөлгөн. Колледжде окуп жүргөн кезинде музыкага жакын адам болгон жана ырчылардын кээ бирлери менен гастролго чыгып, акча таап турган. Кийинчерээк жүрөгү тандаган актёрдук кесиптин ээси болууну көздөп, Лос-Анжелеске бет алат жана ал жакта жөн гана операторлордун жардамчысы катары ишке орношкон. Актёрдук карьерасын 2002-жылы “Динотопия” деген сериалдан баштаган. Эл оозуна алынып, дарегине жагымдуу сөздөр айтыла баштагандан кийин эле “Караланган кадыр-барк” фильмине тартылууга чакыруу алат. Ал эми “Абактан качуу” сериалына тартылуу атак-даңк алып келет деп күтпөгөнү менен Вентворф дал ушул кино аркылуу чыныгы популярдуулукка жеткен. “Абактан качуу” сериалына тартылуудагы өзүнө жакпаганы денесине тарттырган татуировкалары экен. “Татуировкалар түрмөнүн курулуш долбоорун чагылдырган картаны түшүндүр­гөндүктөн, татаал чийиндерден турат. Татуировканын бир гана бөлүгүн тарттыруу үчүн 4-5 саат талап кылынат жана алар убактылуу гана болгондуктан, тез-тез эле өчө берет. Андан тышкары, терини атайын каражаттар менен тазалашып, үстүнөн суу өткөрбөөчү суюктук менен боёшот. Бул болсо дененин дем алышына тоскоол болуп, терини кургатып жиберет экен”,- дейт бул тууралуу актёр. Учурда бойдок, кыздар менен жолугушууга убактысы жок экенин белгилейт. Келечекте жубайынын да актриса болуусун каалайт. Себеби, экөө тең бир кесиптин ээлери болсо бири-бирин жакшы түшүнүшөт эмеспи. Аткарган ролуна байланыштуу Миллердин талантын карапайым калк гана эмес, абакта отургандар да баалашат. Көпчүлүк учурда автограф сурап кат жазышат. Ал эми кинодогу каарман Майкл менен окшош жактары – алдын-ала сезе билгени жана оор басырыктуулугу. Айта кетчү нерсе, сериалга тартылуудан кийин Вентворфтун бир топ мүнөздөрү өз каарманы Майклга окшошуп калгандыгы байкалган.

Доминик Перселл
Доминик (Линкольн Бэрроуздун образын жараткан) 1970-жылдын 17-февралда Англиянын Лондон шаарында жарыкка келген. Кичинекей Доминик эки жаш курагында үйбүлөсү Австралияга көчүп кеткен. Бала кезинде таптакыр башка кесиптин ээси болууну каалаганы менен чоңойгондо ал оюн өзгөртүп, актёр болууну биротоло чечет. Австралияда жашап жүргөн кезде эле жаштар театрынан билим алган жана кийинчерээк билимин Искусство академиясынан уланткан. Акырындык менен кино жаатына багыт алган Доми 1997-жылы “Аткарылгыс тапшырма” фильмине тартылган. Мунун артынан эле бир кыйла бийиктиктерди багынтып, элге кеңири тараган тасмаларга тартылууга өткөн. Америкалык режиссёрлордун чакыруусуна макулдугун берип, өз мекенин таштап, Лос-Анжелеске кетүүгө аргасыз болгон. Ошондон бери бир канча кинолордо роль жаратып, Доминиктин карьералык деңгээли жогорулагандан жогорулап келет. “Абактан качуу” сериалына тартыла баштагандан бери түрмөдө жашагандай эле болуп калдым, мындай жашоого көнүп да баратат окшойбуз. Бир гана мага жакпаган жери, кыл көпүрөнүн үстүндө бараткандай сезим калтырган качкындын ролун жаратып, качуудан тажадым”,- дейт бул тууралуу актёр. Искусство акдемиясында окуп жүргөн кезде жубайы Ребекка менен таанышкан эле. Учурда төрт баланын атасы. Улуусу Жозеф, ортоңкусу Одри жана кичүү балдары эгиздер Лили-Роуз менен Августин. “Абактан качуу” тасмасы Даллас жана Чикаго шаарларында тартылгандыктан, үйбүлөсүн көрүү үчүн Лос-Анжелес шаарына ар бир дем алыш күндөрү учууга туура келген.

Кино тууралуу
2005-жылдын күз айларында “Абактан качуу” көп сериялуу фильми жарыкка чыгаары менен эле көпчүлүктүн купулуна толгон киного айланат. Бул сериал анын продюсери Пол Шерингдин эң ири долбоорлорунун бири болуп саналат. Сериал АКШнын Даллас жана Чикаго шаарларында, “Жойлет” (Даллас шаары) абагында тартылган. Мындан бир жарым кылым мурун “Жойлет” кылмышкерлерди эркинен ажыраткан имарат катары таанылса, азыркы күндө жөн гана тасма аянтчасына айланды.
“Абактан качуу” сериалы Америкада 2005-жылдын сентябрь айында эле эл алдына тартууланган болсо, бизге бир жылдан кийин гана келип жеткен. Азыркы тапта кинонун эки мезгили толугу менен көрсөтүлүп келет жана 3-мезгил жарыкка чыгаар алдында. Ар бир мезгил 22 сериядан турат.

1-мезгил
Окуя Американын Даллас шаарында болуп өтөт. Линкольн Бэрроуз аттуу жигит “вице-президенттин бир тууганын өлтүрдү” деген жалган жалаа менен белгилүү “Фокс Ривер” абагына түшөт. Өлүм жазасынын аткарылышын күтүп отурган Линкольн үчүн жашоо үмүтү биротоло үзүлгөн болчу. Бирок, бактыга жараша, дагы да болсо Линкольндун ичээр суусу түгөнө элек экендигин далилдеп, бир тууган иниси Майкл Скофилд жардамга келет. Ал алгачкы кадамды денесине түрмөнүн картасын чагылдырган татуировка тарттыруудан баштайт. Майкл ал жердин коён-жатагына чейин билген адам болгон. Себеби, качандыр бир кезде ал “Фокс Ривер” имаратынын курулуш долбоорун түзгөн фирмада иштеген. Түрмө катуу көзөмөлдүн алдында тургандыктан, ал жакка уурданып кирүү мүмкүн эмес эле. Андыктан, Майкл шаардагы ири банктардын бирине тоноо аракетин жасап, атайлап темир тор артына өтүү жолун ойлоп табат. Жыйынтыгында, Линкольн отурган абакка келип түшөт.
Бир тууганын алып, абактан качуу планын түзүү менен бирге түрмөнүн “авторитеттери” менен таанышып, тил табышууга жетишет. Ал учурда бир туугандардын жакын курбу кызы, адвокат Вероника Донован вице-президенттин инисин ким өлтүр­гөн­дүгүн аныктоо максатында иликтөө иштерин жүргүзө баштайт. Верониканын да көздөгөнү Линкольндун күнөөсүз экенин далилдөө эле.

2-мезгил
Сериалдын бул мезгилинде биринчи бөлүктөгү окуянын уландысы чагылдырылат. Мында негизги басым качуу планын ишке ашырган 8 качкынга жасалган. “Жаңы мезгилде жаңы каармандар пайда болуп, алардын ар кимиси ар башка жакка чачырашат. Негизи, бул мезгилди “Абактан качуу” сериалынын башаламан окуяларга толгон бөлүгү десе болот. Анткени, Линкольн менен Майкл асманда учкан куштай эркин болгону менен баары бир тынч жашоого жетишпейт. Анткени, алардын артынан ФБРдин кызматкерлери аңдып, мафиоздор да артынан сая түшкөндүктөрү бир топ тоскоолдуктарды алып келет”,- деп тү­шүндүрөт тасманын жаратуучусу Пол Шеринг. Линкольндун күнөөлүү эмес экенин далилдеген иш-аракеттердин изи табылып, акыры ал акталып чыгат. Бирок, бир тууганын куткаруу үчүн мафия иштерине аралашууга аргасыз болгон Майкл экинчи мезгилдин аягында Панамадагы «Сона» түр­мөсүнө келип түшөт.

3-мезгил
Бул мезгил 2007-жылдын 29-августунан баштап киносүйүүчүлөрдүн назарына тартууланаары пландаштырылган эле. Бирок, эл чыдамсыздык менен күткөн бул сериалдын алгачкы эпизоддору биздин өлкөгө да эбак эле пираттык жол менен келип жеткен. Тагыраак айтканда, кинонун үчүнчү бөлүгүнө таандык болгон бир канча серияларды көптөгөн адамдар эчак көрүшкөн.
Пол Шеринг сөз бергендей, кинонун бул мезгили эң татаал болмокчу. Себеби, мында мыкаачылык көбүрөөк кездешип, абдан ачык чагылдырылат. Баарынан кызыктуусу – Майклдын “Сона” абагындагы абалы. Анын андан аркы тагдыры кандай болот? Бул жерден качуу мүмкүнбү? Учурунда бир тууганы үчүн өз жашоосун тобокелге салган Майклга Линкольн жооп катары жардамга келеби? Дегеле качып кутулуу темасы кандай уланат? Бул суроолордун баарына кинонун 3-мезгилинен жооп таба аласыздар.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 247, 27-июль-2-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан