Кой
(21.03–20.04)
Бул жумада майда-чүйдөгө чейин кылдат көңүл буруу талап кылынат. Айрыкча өзүңүз сүйлөгөн сөзүңүзгө маани бериңиз, өзүлөрү түшүнүп алат деп кыйытып айтканыңыз максатына жетпейт. Тескерисинче, түшүнбөстүктөр жаралышы ыктымал. Бейшембиде каржы булагыңызды толтурчу жагдайлар орун алат. Улуу муундагы туугандарыңыз менен сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин айрым маселелер чечилет. Келбетке кам көрүүгө убакыт жетти, спорт залга жазылыңыз, чуркаңыз. Сиздин колдон келет!
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү ностальгияга берилип, иш жумасын баштай албай убара тартасыз. Аптанын кийинки күндөрү, тескерисинче, энергиялуу болуп, жаңы идеяларды ишке ашырууга белсенесиз. Жумушта болобу, жеке жашоодо болобу, көрө албастардын бутасына айланып калбоо үчүн жакшы жаңылыктарды, пландарды эч ким менен бөлүшпөй туруу сунушталат. Эс алуу күндөрү үйдөн сырт жакка чыкпайсыз. Андыктан чарба иштерин бүтүрүп, үй-бүлөңүз менен эс алуу планын түзүп алыңыз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Иш күндөрү жумушуңуз көптүгүнөн убакыттын кандай өткөнү билинбей калат. Айрыкча жума күнү маанилүү иштер чечилип, келишимдер түзүлүшү күтүлөт. Ички туюмга ишенип иш алып барыңыз. Билим, чыгармачылык жаатында жүргөндөргө жеңил апта болмокчу. Көп жылдык достук мамилесин таразага койгон учур катталат. Түгөйүңүз жагымдуу сюрприз жасап маанайыңызды көтөрөт. Ал эми бойдоктор бул аптада таанышкан адамы менен мамилеси көпкө узабашын эске алганы жакшы.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жардамга муктаж адамдарга колуңуздан келишинче жардам берүүгө аракет кылыңыз, акыбети өзүңүзгө эселеп кайтат. Кеңешчи катары да жардамыңыз талап кылынышы мүмкүн. Жумушта сиздин кийлигишүүңүз талап кылынчу олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Алыскы сапарга чыкчулардын жолу шыдыр болуп, көздөгөн планы ишке ашат. Дем алышта өзүңүзгө кам көрүп, гардеробду жаңылаңыз, сулуулук салонуна же киного барыңыз, айтор, жалгыздыкта өзүңүзгө жаккан нерсени жасаганга аракет кылуу керек.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Аптада уюштуруучулук жөндөмүңүздү көрсөткөнгө туура келет. Мыкты болсоңуз, карьералык тепкичтен жогорулоого мүмкүнчүлүк бар. Курулуш иштери менен алектенгендерди ийгилик коштойт. Базарда, дүкөндө соода кылууда сак болуңуз, алданып же капчыгыңызды ууруларга алдырып жиберүү коркунучу бар. Ийилчээк, тамашакөй, жөнөкөй болуу көп балээнин алдын аларын эстен чыгарбаңыз. Аптанын аягында көптөн бери көрүшө элек достор менен жолугуп сырдашасыз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Үйдө эски, колдонулбаган буюм-тайымдардан арылыңыз, эски кетмейинче жаңы келбейт. Жумушта да бүтпөгөн эски ишке кылчая бербей, жаңы план түзүп алдыга умтулсаңыз, жакшы натыйжага жетесиз. Урушуп жаткандардын ортосуна түшүп арачы болбоңуз, болбосо сизди күнөөлүү кылып коюшат. Жакшы санаалаш адамдардан конокко чакыруу аласыз. Бойдоктордун достук зонасында жүргөн адамы статусун алмаштырып сүйгөн адамына айланышы күтүлөт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Алдыда оор милдеттер турса да апта сиз үчүн жеңил өтөт. Сизге карата айтылган дооматтарды сылык сүйлөшүү жолу менен жайгара аласыз, кызуу кандуулукка алдырбаңыз. Жума күнү күтүүсүз жерден каржылык жактан пайда түшүшү мүмкүн. Жумуш деп жүрүп жеке жашоону артка жылдырбаңыз. Жактырган адамга сыртынан суктанып жүрө бербей, сезимдерди ачык айтыңыз, сүйүү – чечкиндүүлөрдү жакшы көрөт. Эс алуу күндөрү шаан-шөкөт коштолгон компаниянын курчоосунда өтүшү мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жумушта ийгиликке жетүү үчүн жалкоолукту жеңип, көңүл кош мамилени терең катуу керектелет. Эгер колдон эч нерсе келбей жатса, анда токтоңуз, өзүңүзгө эс алуу жарыялаңыз. Андан кийин кайра жаңы күч менен киришесиз. Жеке жашоодо көңүлүңүздү көтөрчү жаңылыктарды угасыз. Үйгө керектүү чоң буюм сатып алышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү үй-чарба иштери менен алек болосуз. Жакындарыңыз сиз менен бирге убакыт өткөргөндөрүнө кубанышат.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
“Кызматтык роман” дегендерден алыс болуңуз, кызганычтан улам түгөйүңүз чоң жаңжал чыгарышы мүмкүн. Ички туюм менен кайсы жерде, кайсы убакытта болуш керек экенин сезсеңиз, аны туура пайдалана алсаңыз, көздөгөн максатка жетесиз. Шаршемби-бейшемби күндөрү документ иштери менен алек болосуз. Кокустан сизге жардамга келген бейтааныш адам досуңузга, балким, түбөлүк сүйүктүү түгөйүңүзгө айланышы мүмкүн. Туугандарыңыздын жакшылыгына күбө болосуз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Апта келечекке кең план түзүүгө, ойлонууга ылайыктуу. Келише албай жүргөн адамдар менен компромисске баргандан коркпоңуз. Бир пикирге келсеңер, өзүңүз эле жеңилдеп каласыз. Баш оорусу барлардын өнөкөт оорусу козголуп, тынчын алуусу күтүлөт. Андыктан алдын алып дарыгерге кайрылыңыз. Жеке жашоодо канчалык активдүү болсоңуз, ошончолук көздөгөнүңүз эрте ишке ашат. Опурталдуу ишке акча салуудан качыңыз, “тешик тепши” тууралуу жомок эсиңизде болсун.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Көз карандысыздыкка, оригиналдуулукка, өзгөчөлүккө умтулган сезимдерди бир аз ооздуктай туруңуз. Жок дегенде аптанын биринчи жарымында жамааттык адам катары тынч болуңуз. Калган күндөрү фантазияңызды эркин коё берсеңиз болот. Туугандардын арасынан сиздин жардамыңызга муктаж адам чыгат. Ашыкча жана туура эмес тамактануудан улам ашказан-ичеги оорусу тынчыңызды алышы мүмкүн. Дем алыш күндөрүн үй-жайды иреттештирүүгө арнаганыңыз оң.
Балык
(20.02–20.03)
Эгер чоң тоскоолдукка же маселеге кабылсаңыз, күтүү режимине кирүү сунушталат. Жумушта майда иштерге көңүл бөлбөй, көзгө толумдуу нерсе жасаганга аракет кылыңыз. Финансылык абалды жакшыртам десеңиз, тобокелчиликке барууга туура келет. Үйүңүзгө күтүүсүз эски тааныштар келип, өткөн күндөрдү эске салып отурасыздар. Жаңы дос, пайдалуу тааныш-билиш күтөм десеңиз, адамдарга ачык болуп, ишеним менен мамиле кылыңыз. Дем алыш күндөрү тынч өтөт.