Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Апасы каза болгондо Элестин жанында Али болду. Жаназага байланыштуу бардык муктаждыктарды бүтүрдү. Элестин апасын өз колу менен жайына коюп каңырыгы түтөй коштошту. “Жакшы жатыңыз, апа. Аз убакыт болсо да мага апа болдуңуз, эч нерседен кам санабаңыз” деди ичинен. Колунан келген ызатынын баарын кылды. Кичинекей Айсулууну  уктатып, ашканага баш баккан Элес Алинин дагы деле уктай элек экенин көрдү.

– Кеч болду, эс ал, сен дагы чарчадың.

– Краныңдан суу агып калыптыр, оңдоп койдум.

Күрмөсүн кийип эшикке бет алган Алини карап турду Элес. “Кетпе” деп айта алса кана...

– Али?

– Ии?

– Рахмат, бардыгы үчүн.

– Сен үчүн кылган жокмун!- деди кескин. Ичинде бир грамм жылуулук калбагандай муздак айтты. Кээде ушунчалык таш боор болуп кетет Али. Ичинен дүрт этип, өзүн башкара албаган кыжыр ойгонот. Эч макул боло албаган, келише албаган бир сезим жылт этет. Азыр да ошондой болду.

– Мен үчүн кылбаганыңды билем.

– Жакшы тур,- деди супсак.

– Жакшы бар.

Эшик шарт жабылды. Элес аркасынан чуркап жетип Алини жакадан алып, моокуму кангыча ургусу келип кетти. Ортолору калың дубал менен тосулуп турганы жанын кашайтып жиберди. Же Элес ошого макул болуп моюн суна алсачы. Ушунчалык жакшы көрөт Алини, унутам деп канча аракет кылды. Унута албады. Жүрөгүнөн такыр чыгара алган жок. “Ансыз деле жашап кетем” деген эле жаңы ажырашканда, бирок ансыз жашай албаганын эми сезди. Аны унутам деп башкага турмушка да чыкты. Башка адамдан кыздуу болду. Жок, анда да турмушун эптеп кете алган жок. “Кудайдын мага чегерген жазасы качан бүтөт?” деди жүрөгү сыздай. Кызынын бөлмөсүнө барып анын күнөөсүз жүзүн карап турду. “Жок дегенде сага жакшы эне боло алсам экен” деди өкүнүч менен. Апасы таштап кеткен, атасынан калган катты эми колуна алды.

– Зейнеп, сен мени кечирбейсиң,- деп баштаптыр катын. – Аны жакшы билем. Сенчелик мага түткөн, сендей сүйгөн адам болбогонун азыр, аз гана убактым калганда түшүндүм. Мен үчүн өмүр эч убакта бүтпөчүдөй сезилчү. Мени кечир, алтыным. Сен жана Элес менин жашоомдогу эң чоң белек экенсиңер. Бирок муну убагында билбептирмин, баркыңарга жетпеген экенмин. Мага аз көрүнө берчү, Зейнеп. Ошол үчүн үй-бүлөгө байлана албадым. Ичимдеги бир үн “ушул элеби?” дегенсип алымсындыра койчу эмес. Мага көп нерсе керек эле. Байлык, бийлик, сүйүү, сулуулар... Эң көп акча дагы! Азгыра берди. “Ушуну кылып койсом, анан мага жетет” дечүмүн. Бирок ичимде куду бир ажыдаар бар сымал эч нерсеге тойбой жашап өттүм. Түрмөгө түштүм, чыктым, аял алдым, байыдым, кайра кемидим. Кыскасы, бардык нерселерди көрдүм. Акыры минтип түрмөдө, жанымда оозума суу тамыза турган жакыным жок өлүп бара жатам. Акыркы күчүмдү жыйнап сенден кечирим сурагым келди. Ушул өлүм жаздыгында мага акыйкат келди. Мен сенден башка эч кимди сүйбөгөн экенмин. Элестен башка эч ким мага жакын болбоптур. Силер кеткенде катуу жиндендим. Дагы деле мени күтүп отурушат деген ишенимде келсем, эбак кетип калыпсыңар. Биз жашаган батирдин бардык буюм-тайымын талкалап чыктым. Ошолордон өчүмдү алдым. Андан кийин “өлүп кетпейби, башка аял жок калыптырбы, аял жолдо, бала белде” деп өзүмдү жоошуттум. Ого бетер азгырыктын аркасынан кеттим. Арты жакшы болбоду. Жок дегенде ошондо силерди издеп тапсам болмок экен. Жок дегенде Элести тапсам болмок, анткени аны таякесине таштаганыңды тааныштардан укканым бар эле. Ага да чамам келбеди. Бутума туруп, анан  Элести алып кетем дедим. Бирок жетише албадым. Кайда караба, мен күнөөлүүмүн. Жараткан жазамды берди. Мындан артык жаза болобу? Ошентсе да сен мээримдүү элең, мени кечир. Эми бир көрүшсөк тиги жактан көрүшөбүз. Эгерде кызыма кезигип калсаң ага айт. Атаң жалгыз гана сени жакшы көрдү де. Ага эч нерсе бере албадым, бирок кызымды жанымдай сүйдүм. Жашоого калтырган эң жарык нурум Элес экенин айт. Элес деп койгон атымды кара, менден жана сенден калган жалгыз элес... Кош болгула!

Элес катты кармап бүк түштү. Куду атасынын жыты калгандай катты жыттагылады, өпкүлөдү, ыйлады, акыры аны кечирди. Эми ал үчүн күнөөлүү эч ким жок экенин түшүндү. Атасы менен энесинин Элеске калтырган акыркы аманаты адамдарга кечиримдүү бол деген осуяты экенин жүрөгү менен сезди. Аларды кечирди. Алар менен кошо өзүн кечирди. Ошол түнү бүк түшүп ыйлап жаткан Элес таң эрте таптакыр башка адам болуп ойгонду. Көрсө, адамдын жашоосун бир түн деле өзгөртөт тура.

ххх

Али Акай жумушуна кирип бара жатып короодо кимдир бирөө өзүн күтүп турганын сезди.  Кылчайып карап Элеске окшоштурду. Жакшылап караса ал эмес.

– Саламатсызбы?- деди жаш кыз.

– Аа, сен белең? Саламатчылык, кайдан?.

Өзүнө көп киши жардам сурап кайрылышат, ошолордун бири экенин билип жатты. Бул кыз деле эсинде, бирок кашайып аты эсинен чыгып кетиптир. Сезимтал жан анын атын таппай турганын түшүнө калды окшойт.

– Мен Асем! Сизден жардам сурап келбедим беле? Сиз мага адвокат таап, анын акысын да өзүңүз төлөп койгонсуз, эсиңиздедир. Эки баламды менден мурунку жолдошум тартып алам деп, сиздин жардамыңыз менен алып калбадым беле... 

Али Акай эми эстеди. “Балдарым” деп чыркыраган келинди, юрист кайнатаны эстеди. Жылмайып алды.

– Эстедим, эми эстедим. Балдарың жакшыбы?

– Жакшы.

– Бир маселе барбы?

Асем кызара түштү негедир, кайра өзүн токтотуп сумкасынан бир нерсе алып чыкты. 

– Мен... Мен сизге ыраазычылык билдирейин деп келгем. Мага акчалай жардам бербедиңиз беле? Ошону кайтарайын дедим.

– Жо, жок, тим эле кой.

– Алыңыз, мен азыр көбүрөөк акча таап калдым. Балдарымды бала бакчага жайгаштырдым. Өзүм жогорку окуу жайга тапшырдым. Күндүз иштейм, түнкүсүн окуйм. Кыскасы, баары жайында, ата-энем да жардам берип жатышат.

– Азаматсың!

– Оор учурда сиз мага жардам бердиңиз, ошого чоң рахмат!

Али Акай мөлтүрөгөн келиндин таза жүзүнө карап турду. Качандыр бир кезде өзү да таптаза эле. Кир ойлор, күмөн саноо, бирөөгө ишенбей кароо жок эле. Качан кирдеди бул жүрөк? Эмнеге алдындагы ушул  жандай таптаза жандай жаркырай албай калды?  Эч бир күмөн саноо жок, наристедей ишенчээк көздөрдү тиктеди. Өзү да ушундай карагысы келди адамдарга, тазаргысы келди. Баарын артта калтырып, жаңы жашоо баштаса болбойбу? Жүрөгү сыздап кетти. “Сен да унуттуңбу, Али Акай?” - деди өзүн-өзү шылдыңдап. “Сен да балдарыңдан баш тарттыңбы? Чарчадыңбы, кайраным?” деп жатты ичиндеги бир үн. Теңселе түштү.

– Эмне болду сизге?

– Эч нерсе, карындашым,- деди башын чайкай.

– Бир аз отуралыбы, кубарып кеттиңиз?- деди чебелектеген Асем.

Экөө жанаша скамейкага отурушту. Арзыбаган эле нерселерди сүйлөшүп жатышты. Бирок Али үчүн жагымдуу боло берди. Ушундай бир дили таза адам менен баарлашпаганына көп болгон окшобойбу. Асем кетерде кайра акча сунду. Али аны албады. 

– Асем, мен сага бир күнү барам. Жардам сурайм. Ошондо жардам бере алсаң анда жакшы. Анте албасаң деле мен ыраазымын! Мага карыздармын деп эсептебе, карындашым...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1163, 28-март-3-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан