Айтурган Эрмекова, ырчы: «Аялды тың эркек гана бактылуу кылат»

Мукам үнү, үнүнөн өтүп бийи көпчүлүккө жаккан ырчы Айтурган Эрмекованы эмнелер түйшөлтөт? Ырчы катары фишкам деп эмнени эсептейт? Хейтерлерге көз карашы кандай? Ушул сыяктуу суроолор менен ырчы айымды сөзгө тарттык.   

“Жылдыз болуп кеттим дебейм”

– Ырчы катары өзүмө “орто” деп баа берем. Өзүмдү “боп кеттим”, “жылдыз болуп кеттим” деп эсептей элекмин. Искусстводо чек жок эмеспи. Андыктан эч качан токтобошум керек. Мүмкүн, талбай иштеп, мындан да чоң бийиктиктерди багынткан учурда өзүмө “жакшы” деген баа берермин. Ошондо деле өзүмдү сахна ханышасы катары сезе албасам керек, анткени “натурам” жөнөкөй.

“Мааниси терең ырларга ыктай баштадым”

– Жашоодо тажрыйба топтоп, акыл токтотуп, жакшылап акыл калчап калгангабы, айтор, акыркы убакта мааниси терең ырларга басым жасай баштадым. Буга чейин репертуарымда 50дөн ашык ырым болсо, анын 80 пайызы шаңдуу ырлар. Жакында жаңы ырларым чыкты. Күйөрмандарымды сыйлайм, аларга жага турган гана ырларды ырдасам дейм.

“Менин фишкам – бийлегеним”

– Айрымдар хайп, харизмасы же жүзү менен элди тартат. А менин фишкам – ырдоо менен кошо бийлегеним. Тойго бара жатканда “азыр кирем да ырдап-бийлеп тойду жарам” дейм, ошондой эле болот. Хайп – мага жакпаган, өөн учураган нерсе. Жалган айта албаган жанмын. Бирок бешенеме хайп жаратуу жазылып калса, ага барышым мүмкүн. Жакшы жагынан хайп жаратсам сүйүнсөм керек, жаман жагынан болсо, анда Жараткандын сыноосу катары кабыл алмакмын.

“Хейтерлердин барына шүгүр”

– Хейтерлерим аз, 15 пайыздай эле го. Алардын бар экенине да шүгүр айтуу керек. Болбосо биз, ырчылар, өзүбүздү идеалдуу сезип кетет белек, ким билет?.. Алардын негиздүү сындары өсүү үчүн деле керек. Хейтерлер өзүнө, жашоосуна ыраазы болбогон, терс эмоцияларын бирөөдөн чыгарчу адамдар да. Ошого негизсиз сын жазып калышса “мейли, жинин, ачуусун чыгарып, жеңилдей беришсин” деп эле коём.

“Мени эркектей тарс-турс жүргөн аял дешет”

– Мени жакшы тааныгандар тарс-турс жүргөн, баарын бетке айткан, сөзүндө турган жана артка кайтпаган, энергиялуу кыйын айым катары сүрөттөшөт. "Төрөп эле жумушка чыккансың, тың, бышыксың" дегенди да угам. Атам уул күтүп жүргөндө мен төрөлүп калган экенмин. Мүмкүн, ошого эркектей мүнөзгө ээ болуп калгандырмын. 

“Диета кармап көрө элекмин”

– Менден "келбетиң бир калыпта жүрөт, диета кармайсыңбы?" деп сурагандар бар. Жок, диетага бир да жолу отуруп көргөн эмесмин. Бул генден окшойт, апам азыркыга чейин арыкчырай. Анан 3 кызы тең апамды тартып арыкпыз. Кийин деле келбет, сулуулукту сактоо үчүн пластикалык операцияга барбайм деп ойлойм. Пластикалык операциядан Кудай сактасын, бир кырсык болуп, бир жерим бир нерсе болсо гана кайрылбасам... 

“Унаа айдагандан эргүү алам”

– Эргүүнү сахнадан, музыка уккандан, унаа айдагандан, үй-бүлөм, жакындарым менен баарлашуудан, жаратылыштан алам. Жакында үй-бүлөбүз менен кылган кайрымдуулугубуз да мага ырахат тартуулады. Энергияны болсо жакшы сөздөн, элдин колдоосу менен кол чабуусунан алам. Мага басылган “лайктар” да дем берет. 

“Көп жасануу, көп боёнуу мен үчүн эмес”

– Көп айымдарга салыштырмалуу өзүмдү кароого көп убакыт коротпойм. Көп жасануу, көп боёнуу мен үчүн эмес. Укмуш кымбат косметикалык каражат алам деп да тытынбайм. Арзан болсо да буюрганы деп, шүгүр кылып, колдонуп коё берем. Тойлорго деле боёнбой барган учурларым болот. Болгону өзүмдү тыкан алып жүрөм. Тартуу иштери, чоң иш-чараларда гана жакшылап боёнуп калам. 

“Ийгилигим – кыйынчылыктарды жеңе билгеним”

– Жашоодогу ийгиликтерим деп көп кыйынчылыктарды көтөрө, жеңе билүүм деп эсептейм. Жеңилип калган учурда сынбай, аны турмуш сабагы катары кабыл алып, башымды тик көтөрүп алдыга кадам таштай алам. Жашоо үчүн өжөр, көк бет болуу керек. 

“Жолдошум жүрөгүмө төп келген адам”

– Мен үй-бүлөм менен мактана алам. Көз тийбесин, тааныштар бизди бактылуу, үлгүлүү үй-бүлө катары көрүшөт. Жолдошум жүрөгүмө төп келген адам. Ошондуктан жактырып, турмушка чыгып жашап жүрөм да. Анын чакан бизнеси бар, тапканы үй-бүлөбүзгө жетет. Колуна акча тийсе мага, балдарына жумшайт. Берешендиги да бар. Чыгармачылыгымды 100 пайыз колдойт.

“Аялдардын зомбулукка кабылып жатышы түйшөлтөт”

– Коомдогу окуялардын ичинен мени аялдарга жасалган зомбулук көп ойлондурат. Канаты  кесилген аял канаты кесилген балдарды тарбиялайт. Андыктан аялга кордук көрсөтүү – бул балдарга да кордук көрсөтүү деп түшүнүү керек. Аялды жоопкерчиликтүү, тың, үй-бүлөсүнө карамдуу, күчүн аялдан эмес, иштен чыгарган эркек бактылуу кыларын ар бир эркек билсе дейт элем. Мырзалар өздөрүн тарбиялап, оңдошсо.

“Акыркы жолу мени ыйлаткан окуя...”

– Акыркы жолу мени кайгыга салып, ыйлаткан окуя эки ай мурун ичимдеги 5 айлык баламдын аман-эсен жарыкка келбей, жүрөгүнүн токтоп калышы болду. Бул мен үчүн оор болду, чынында. Бирок акыры аны кабыл алып, Кудайым дагы берерин унутпасын деп бел байлоого туура келди. “Ар адамдын планы бар, бирок Кудайдын да өз планы бар” дегенди ушундайда аргасыз эске алат экенсиң.

“Бирөөгө сырымды айтып күйгөн учурлар болду”

– Бардык адамдардай эле бирөөлөргө сырымды айтып, күйгөн учурларым болгон. Эл көзүндөгү ырчы болгонго көрө албастык да болбой койбойт экен. Ишенип айткан сырымды башкаларга жайып, ишенимимден чыгып жабыркатканды Кудайга койгом. Жашоо бумеранг, өз баштарына келгенде сезип жатышса керек.

“Кыялдарыма жеттим, бирок адамдын напсиси тыйылбайт экен”

– Бала кезде кыялданган тилектеримдин баарына эле жеттим. Бирок адамдын напсиси тыйылбайт экен. Улам жаңы кыял, жаңы пландар пайда болуп келет. Кудай күч-кубат берсе, аларды да ишке ашырам деп турам, буюрса.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1163, 28-март-3-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан