Гүлзат Мамытбек, блогер: «Токтолоюн деген такыр оюм жок»

Бири сындайт, бири мактайт... Айтор, адаттан тыш жоруктары, жашоого көз карашы көпчүлүктү кайдыгер калтырбаган блогер Гүлзат Мамытбектин жан дүйнөсүн ачууга аракет кылдык. “Ичимде толтура Гүлзат жашайт” дейт ал. Сиз көргөн Гүлзат кайсынысы?      

– Кандайсыз, Гүлзат айым? Жакында “Улут жүзү” төш белгисин алдыңыз, аны сизге белгилүү мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов тапшырды. Кепти ушундан баштасак...  

– Жакшы, рахмат. Ал сыйлыкты алышым өзүмө да таң калычтуу болду. Ошто жүрсөм Жанна Усубалиева деген кыз чалып, “Бишкекте инновациялык борбордо өтүүчү иш-чарага катышып, жаңы ырыңызды ырдап берсеңиз” деп суранды. Бишкекте иштерим бар эле, макул болдум. Иш-чарадан Медеткан Шеримкулов агайды көрүп, “атамдын кумири эле” деп сүйүнүп койгом. Ырдап бүтүп кетип баратсам токтотушуп “сизге арналган сыйлыгыбыз бар” деп калышты, Медеткан агай “Улут жүзү” төш белгисин тапшырды. “Шок” болуп калдым. Мен өз ааламымда жашап жүрө берем да, сыйлык ким тарабынан, эмне ишим үчүн тапшырылды, билбейм деле.

– Элди таң калтырып бүтпөйсүз, чачыңызды түз эфирде кырып салдыңыз. Эмне түрткү болду буга?

– Чачыма көп эксперимент жасадым, тармалдаттым, кайра түздөттүм, айтор, колумдан эмне келсе ошонун баарын чачыма жасадым окшойт. Анан чач бузулду, түшүп баштады. “Чачты алдырса болбойт, аялдын көркү чачында, ля-ля-ля, тра-ля-ля” деген стереотиптер менен жашайбыз да биз. Бирок “эмнеге алдырса болбойт?” деп суроо салбайбыз. Ичимде көп Гүлзат жашайт. Мисалы, мотиватор Гүлзат, блогер Гүлзат, ырчы, бийчи, деги койчу, толтура Гүлзат бар. Ошолор менен кеңешип бир бүтүмгө келип, анан чачымды түз эфирде кырып салдым. Кичинемде деле чачымды кырып салышчу, “таз, Фантомас” деп эле жыргап жүрө берчүмүн. Чачымдын бар экени же жок экени кимди кызыктырыш керек? Эми ушинтип эле жүрө бермек болдум (күлүп).

– Ичиңиздеги толтура Гүлзаттын арасында алсыз Гүлзат барбы?

– Алсыз Гүлзат дагы бар. Бырылдап ыйлап, мурунку күйөөсүн, апасын, атасын дегеле баарын күнөөлөй берет. Бул – баланын позициясы. 2024-жылдан баштап устаттар менен иштешип, ошол алсыз Гүлзатты чоңойтконго жетиштим. Алсыз Гүлзатка жол берсек, былжырап, дүйнөлүк деңгээлге чыга албай жүрө берет экенмин.

– Аял табиятынан алсыз деп айтылат, табият мыйзамына каршы туруу кыйын эмеспи?

– Кыргыз аялдарында күчтүү, чоң касиет бар. Аны биз туура эмес багытка колдонуп жүрүптүрбүз. Мисалы, азыр ар бир үй-бүлөдө экиден “күйөө” жашайт. Анткени аялдар эркек болуп алганбыз. Күйөө менен тең тайлашып, тирешип, атаандашып, өзүнчө эле үй-бүлөнү согуш талаасы калып алганыбыз чын. Анткени Союз мезгилинде апаларыбызга “давайте, шым кийгиле, эркектер менен теңсиңер, завод-фабрикаларга ишке чыккыла” дей берип, ошол программаны сиңирип коюшкан. Биздин муун дал ошол программанын таасири астында төрөлгөнбүз. Эми аны оңдоп, аялдык энергиябызды жакшы жакка буруп жашоо керек.

– Сиз балдарыңызга кандай программа жүктөдүм деп ойлойсуз?

– Балдарымды көрбөгөнүмө 6 жыл болду. Жүздөрүн көрбөй, үндөрүн укпай жашап келе жатам. Ошол себептүү билбейм. Улуу балам төрөлгөндө эле мага “сен жаман энесиң” деген программаны киргизип коюшкан. “7 күндүк баланы кантип кеңседе багасың, бул туура эмес” дешкен. А мен жылуу, жакшынакай кеңсеге баламды көтөрүп келип, окуучуларга сабак өтчүмүн. Бирок коом жана жакындарым катуу сындашты. Жакында ошол “жаман энемин” деген программа менен коштоштум. Уулум Алимбегим Алматыга спорттук мелдешке бармак экен, атасы мага ишеним кат берүүм керек экенин айтты. “Балдарымды көргөзбөсөң ишеним кат бербейм” дедим. Анан мага балдарымдын мен тууралуу жазган СМС каттарын жиберди. “Мындай эне болгончо жок болсо болмок, биз аны жек көрөбүз, андан уялабыз” деген  мааниде экен. Жинди болуп, 2-3 күн жатып калдым. Кайра устаттарымдын жардамы менен бутума турдум. Балдар менчигим эмес, Кудайдыкы. Балдарымды мындан артык дагы эзилбесин деп ишеним кат жазып бердим. Алар 18ге чыгышса мага келеби же келбейби, Кудайдын колундагы иш, мындан ары мен да кыйналбайын деп чечтим. Ошентип аларды оюмдан, жүрөгүмдөн чыгардым. 

– Мурдагы жолдошуңуз балдарга кандай ата? 

– Балдарымдын атасы жакшы ата деп айта алам. Жаман күйөө болушу мүмкүн, бирок жакшы ата. Балдарым мен салып берген үч кабат үйдө жашап жатышат, ушуга шүгүр кылам. Жогоруда айткан чечимди кабыл алгандан кийин абдан жеңилдедим.

– 43 жашка барып калыпсыз, токтолуш керек деген пландар барбы?

– Эмнеге токтолушум керек? “Токто” деген сөздүн өзүн карасаңыз. Эмнеге токтойм? Планетадагы эң күчтүү аялдардын биримин. Токтолоюн деген такыр оюм жок.

– Ой басып, өзүңүз менен өзүңүз сырдашып калган учурлар болбойбу?

– Болот. Унчукпай Ак-Буураны жээктей басып ой топтогон учурлар көп болот. Бирок ал Гүлзаттын күчү аз гана убакытка жетет, максимум бир күнгө (күлүп). Ичимдеги революционер Гүлзат тигини “болдучу эй, чарчап кеттим” деп бат эле түртүп чыгарат.

– Сизди бет капсыз көргөн, эң жакшы билген адам ким?

– Апам жакшы билет. Бирок ал дагы толук билбейт. Чынын айтсам, ушуга чейин өзүмдү өзүм билбей жашаптырмын. Былтыр чыныгы өзүм менен тааныштым. Бир окуя болду, эми элдин баары жаман көрөт болуш керек, ошентсе да айтайын. Ыраматылык атам мени абдан тыйчу, “бийлебесин, ырдабасын, эл алдына чыкпасын” дечү. Апам “жок дегенде мектептен ырдай берсин, энергиясы бир жерден чыксын” деп атамдан араң уруксат алчу. Ошондо ичимдеги ырчы, бийчи Гүлзат атамды жаман көрүп калган экен. Ал каза болгондо ыйлай албай калбадымбы. Көздөн жаш чыкпайт. Былтыр психологиялык талдоо алып, ошол эле убакта медитацияны үйрөтө баштабадымбы. Бир күнү медитация кылып жаткан учурда атамды эстеп өңгүрөп кирсем болобу. “Ата-а” деп бакырып жатам, бакырып жатам... Ошондо гана ичимдеги кичинекей Гүлзат атасы менен элдешкенин түшүндүм. Мисалы, атама таарынычым бар экенин билбей жашаган экенмин.

– Акыркы суроо болсун, жашоодо чыныгы сүйүүгө жолуктуңузбу?

– Пандемия учурунда бир сонун жигит менен сүйлөшкөм. Ошол адамды катуу сүйдүм, ал да мени аябай сүйдү. Бирок ал жигит “жоолук салынып үйдө отурасың” деп шарт койду. А мен ал этаптан эбак өткөм. Үйдө отура албасымды билем. Түркияга ошондон улам качып кеткем. Ал менден 13 жаш кичүү бала. Алдыда дагы ошондой чоң сүйүүгө жолугам деп ишенем.

– Бар болуңуз! 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1164, 4-10-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан