“Сенден биринчи болоюнчу...”

Апам бизди таштап о дүйнөгө кеткенде атам 64 жашта болчу. Атам ошол бойдон үйлөнгөн жок, ылайыктуу аял таппадыбы же бизге карап экинчи турмуш кургусу келген жокпу, билбейм. Мүнөзү корс, бетке чабар адам эле. Апам биз баш бербей тентектик кылып жатканда “атаңа айтам” деген учурда тып басылчубуз. Үнүн көтөрүп урушуп же кол көтөрчү деле эмес. Болгону коюу кара кашын көтөрүп, кабагын салып караганда сүрү жүзүнө чыгып, өзүнчө эле коркуп калчубуз. Тарбияны жалпысынан апам берди, атам бизге болгон суроосу же маселеси болсо да апам аркылуу айттырып, бүтүрүп койчу. Ар бир үй-бүлөнүн жазылбаган мыйзамдары бар эмеспи, биздики апамдын оозунан чыккан сөз мыйзам катары аткарылат. “Атаң талаадан чарчап келе жатат. Болгула, тамак даярбы? Астына калыңдап жер төшөк салып, бийиктетип жаздык койгула”, “атаңа ал тамак жакпайт”, “атаң тамакты биринчи ооз тиймейинче күтүп тур”, “атаңа катуу сүйлөбө, мага айт, мен акырын айтып көндүрөм”, “атабыздын мүнөзү чатак, жакпаса урушат”... Мындай “мыйзамдар” толтура эле. Азыр ойлосом, атамды ата кылган, анын зоболосун көтөргөн, аны балдарына бийик, сүрдүү көрсөткөн апам болуптур.

Балдары чоңоюп туш тарапка чачырап бөлүнүп кеттик. Атам менен апам айылда, тиричилигин акырындан жүргүзүп жүргөн. Бир күнү эле суук кабар келди, апабыздан айрылыптырбыз. Күтүүсүз, даярдыксыз, суроо-сопкутсуз эле кете берди... Жүрөгү токтоп калыптыр... Апакем, ай, жүрөгүңдү кайгы, санаа эмес, кубаныч токтотуп, ыраазы болгон боюнча тынч кетсең болду.

Үйдүн кичүүсү болгондуктан келинчегимди алып мен келдим атамдын жанына. Атам азыр 70ке таяп калды, шүгүр. Башынан эле көп сүйлөбөгөн жаны такыр эле түнт тартып кетти. Эртең менен таң атпай туруп өзү чай ичет да, күн көтөрүлө электе атын минип кетип калат. Талаада жумуш жок болсо эмне кылат деп ойлоном. Ошол бойдон күүгүм талаш келет, келини берген тамагын ичип, неберелерин эркелетип бир аз отурат да жатып алат. Сүйлөшүп, тамашалашканга аракет кылам, бирок мен жетишсиз болгонумду сезем. Апам болсо менин, неберелеринин деле кереги жок, экөө кобурашып, кээде кыткылыктап күлүп, апамдын жоолугун кыйшайтып кетип ойноп, бир заматта таарынып чукчулуңдап, кайра эле кобурашып жүрүшпөйт беле. Апам кеткени атамдан баягы биз билген, корккон сүр да кетип калгандай жүдөй түштү.

Бир күнү жумуштан келсем атам короодо отурат. Жанына барсам дагарага суу куюп алып байпактарын жууп жатыптыр. Жаман болуп кеттим, өмүрү атамдын кир жууганын көргөн эмесмин да.

– Ата?! Эмне кылып жатасыз? Назикке берсеңиз жууп коёт да. Коюңузчу, минтпей жүрүңүз. Мен жаяйын...- деп эле колунан байпактарын талаштым.

– Балам, өзүмдүн байпагымды өзүм жуусам эч нерсе болбойт. Назик сенин байпактарыңды жуусун. Меникин жууган апаң кетип калбадыбы... 

– Келиниңиз колго жууп жатты беле, кир жуучу машина жууйт. Машинанын жанына эле коюп коё бериңиз кир кийимдерди.

– Атама канча жолу айттым, болбой жатпайбы...- деп келинчегим өзүн күнөөлүү сезип жаныбызга келип калды.

– Байпак эле тура, эмне мынча ызы-чуу салдың, балам? Оорчулугу деле жок. Мейлиңер эмкиде жуубайм,- атам жумшак айтып эле туруп кетти.

Бүкүрөйүп, күндөн-күнгө көзүнүн нуру өчүп бараткан атамды карап жүрөгүм аңтарылып кетти окшойт. Кекиртегиме бир нерсе кептелгендей аба жетпей, көзүмдөн жаш кетти... Назикти бекем кучактап алдым.

– Назик, сен менден биринчи өлбөчү, мен биринчи болоюнчу...

– Эмне деп жатасың?! Жаман сөз айтпачы антип.

– Сөз бер, менден биринчи кетпейм деп!

– Жинди десе, экөөбүз чогуу кетели анда. Макулбу?! Бирок ага чейин көп жыл бактылуу жашайбыз...

Талант

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1164, 4-10-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан