Динара Акулова, Бегимай Эсенгулова, Сайкал: «МЫРЗАЛАР БИЗДИН ЫРЛАРДА...»

Аптанын каармандары аярлуу, ажарлуу аруузаттар өз турмуштарындагы мырзалар тууралуу баяндашат.

БЕГИМАЙ ЭСЕНГУЛОВА

Менин атам...
Тагдыр экен, атам 3 жашымда каза болуп калган. Ошондуктан аны элестете албайм. Кичирээк кезимде атам менен чогуу гүлбакка барып, бирге ойногонду абдан кыялданар элем. Мен ойлойм, кийин кайын атамды ата деп сыйлап, кайнилеримди тергейм деп.

Болочок жолдошум...
Тойдобу, концерттеби, жолумду тосуп телефонумду сураган жигиттер бар. Ошол убакта эмне кыларымды билбей, айлам кетет. Анан Динара эжеме чала башташат, “жолуктуруңуз” деп. Азырынча жигит жандоо тууралуу ойлоно элекмин. Буюрган күнү жомоктогу ханзаадама жолугармын. Өңүм кара тору болгонгобу, мага ак жуумал жигиттер жагат. Өтө “наглый” эркектер да болбойт.

Сахналашым, саясатчым...
Сахналаш мырзаларды бөлүп карабайм деле. Баары менен саламым түз. Ошентсе да Омардын өзүн алып жүргөнүн жактырам. Саясатка такыр кызыкпайм, бирок Өмүрбек Бабановду баалайм.


САЙКАЛ

Менин атам...
Атам Кабыл Бөрүбаев жакшы киши. Эч урушпайт, козум дейт мени. Атамды да, апамды да жакшы көрөм. Апам экөөбүз үйдөгү эркектерге белек бердик, эми алар бизге 8-Мартта беришет.

Менин байкелерим...
Беш байкем бар. Эрнист, Тимур, Дамир, Бекзат, Мажит. Байкелеримдин баарын жакшы көрөм. Болгону, Мажит байкем менен эле кечке уруша берем. Өзү да, тийише берет, жиним келгенде “мешайт этпечи” деп кыйкырам. Мажит байкемден өчүмдү сахнада чогуу ырдаганда чымчып-чымчып чыгарып алам. Байкелеримдин ичинен эң жакшы көргөнүм – Бекзат. Анткени ал мага жардам берет, жоош, урушпайт, идиш жуушат, төшөк салышат. Мурда мен аны Кубик байкенин кызы Айпериге жабыштыра берчүмүн. Бир жолу апама тамашалап айтып жатканын угуп калдым. “Апа, Айперинин номерин сурап бериңизчи?! Кайнилерим сурап жатат деп коёсуз да” деген. Апам биринчи Динара аяш энеме чалып, анан номерин сурап берген, Айпери эженин. Азыр экөө телефондон көп сүйлөшөт, жакшы достор окшойт.


ДИНАРА АКУЛОВА

Менин атам...
8 айлыгымда энем алып кетип, атамдан алыс өстүм. Өкүнгөнүм, 35 жаш курагында көзү өтүп кетти. 5-класстан ушул жашка келгени атанын мээримине муктажмын. Канча ирет сахнага чыгып, ийгиликке жетип, сыйлык, сыймык алган сайын “атам көрсө болбойт беле” деп өксүгөнүм өксүгөн.

Бир боорлорум...
Бектемир деген агам бар. Мүнөзү ак көңүл. Экөөбүздүн бала кездеги энемдин кой-уйларын баккан күндөрүбүздү көп эстейм. Азыр мен өз түйшүгүм менен, ал өз жумушу менен болуп, тез-тез кездешкенге колубуз бошобойт. Уялаш эки иним бар. Экөө эки жерде кызматта.
Ош окуясында улуу кызым Мэри дайынсыз кетип жүрөгүм түштү. Окуяны угар замат Ошко жетип барып, аябай издедим. Көрсө, күйөө балам кызымды, неберемди алып Өзбекстанга, өзбек туугандарына өтүп кетишкен экен. Кайтып келишип, азыр Орусияда жашап жатышат.

Колумду сурагандар...
Мырзалар менден коркобу же мен алардан коркомбу, түшүнбөйм. Колумду сурагандар көп эле болгон. Балким, жолдошум менен жашап жүргөндө көп запкы көрүп калганданбы, башка бирөө кыздарымды кагып коёбу деп тартынып жүрүп эле ушул жашка келдим. Учурунда эмнеге турмушка чыккан жокмун деп ойлоном, бирок кыздарымды бирөөнүн көзүн каратпай чоңойтконума кубанам. Эгерде башка бирөөнүн колун кармасам, же ага тарта албай, же балдарыма тарта албай энелик жүрөгүм кыйналса керек эле. Учурдан пайдаланып мырзаларды өтүп кеткен майрамы менен куттуктайм. Биз мырзаларды сүйөбүз деп айтпайбыз, биздин аларга болгон сүйүүбүз ырларыбызда.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
arlekino
2011-02-28 13:49:13
Динара эже бир аябай жакшы концерт койсо болот эле былтыркы Роза Аманованын концертиндей....дымы чыкпай эле калды билбейм...
0
aminali
2011-03-01 22:15:13
Saikal ayabai suluu kiz eken.
0
№ 434, 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан