КАДДАФИ ЖАНА БАКИЕВ ЭМНЕСИ МЕНЕН ОКШОШ?

Учурда Ливияда болуп жаткан баш аламандыкка жана кан төгүүгө карабастан, анын лидери Муаммар Каддафи тактыны бергиси жок. Экс-президент Курманбек Бакиев дагы соңку мүнөттөргө чейин бийликти бербөөгө далалат жасаган болчу.

ТААЖЫДАН ТАЖАБАГАНДАР
Ливиянын лидери Муаммар Каддафи 1969-жылы революция жолу менен бийликке келип, бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик жана аскердик башчы кызматын аркалап келет. Экс-президент Курманбек Бакиев дагы 2005-жылы “Жоогазын революциясынын” жеңиши менен такка отурган. Каддафи бийлик режимине каршы чыккан жаштарды “баңгизаттын таасиринде жүрүшөт” деп атады. Ушул эле сөздү кыргыздын экс-ажосу Тейит айылында жатып алып айтканы эсте. Айтмакчы, Ливиянын лидери “түштөн” кийин болсо дагы, “эгерде революция тынчыбаса, анда ар бир үйдү кыдырып, тазалоо жүргүзөм” деди. Ал эми Бакиев кезинде “Ак үйдү керек болсо автомат менен коргойм” деген сөзүн 7-апрелде аткарса да, нааразычылыгы күч элдин толкунун ок менен токтото албады.

МАЙДАН БЕРГЕН ИЙГИЛИК-ЖОГОТУУ
Каддафи жетектеген иш-чаралардын бири Ливиянын аймагынан чет жердик аскердик майдандарды чыгаруу болгон. 1970-жылы Англиянын жана АКШнын ири аскердик майдандары өлкөдөн чыгарылган. Бакиев Орусияга барган сапарында “Манас” аэропортундагы америкалыктардын аскердик майданын чыгарам” деп опурулган. Бул үчүн Маскөө Камбар-Ата-2 ГЭСин курууга жең ичинде сөз берген. Тилекке каршы, экс-президент Орусияга берген сөзүн тез эле унутуп койгон. Ушуга окшогон кылык-жоругунан улам расмий Маскөө Роза Отунбаева жетектеген оппозицияга ооп кетти.

МАКСИМ ЖАНА СЕЙФ АЛЬ-ИСЛАМ КАДДАФИ
Каддафи өзүнүн уулу Сейф аль-Исламды расмий түрдө “өлкөдөгү маанилүүлүгү жана бийлиги боюнча экинчи адам” деп тааныштырган. Сейф аль-Ислам Каддафи аткаруу жана мыйзам чыгаруу тармагын тескеп, күч түзүмдөрүн да көзөмөлдөгөн. Атаң көрү дүнүйө, былтыркы жылы Курманбек Бакиевди ээрден шыпырып түшпөгөндө, эмдигиче “экинчи өкмөт” саналган ЦАРИИнин башчысы Максим Бакиевдин премьер болуп калышы дагы кеп эмес беле?..

УЧУРДА...
Эгерде Ливиянын Бенгази шаарында Каддафинин душмандары жеңишин белгилеп жатса, ал эми борбор шаары Триполи дале ливиялык лидердин көзөмөл алдында турат. Кыргызстанда, тескерисинче, Таластан борборго оогон революция Бишкекти оппозициячыларга карматып, ордолуу Ош шаарында “кош бийлик орнотом” деген Бакиевдин планы ишке ашкан эмес. Муаммар Каддафинин “Ливияда тартип орнобосо, жарандык согуш башталат” дегенине окшош сөздү биздин да кулак чалган эле.

КАДДАФИ МЕКЕНИНЕН КАЧПАЙБЫ?
Дүйнөлүк ММКнын дөө-шаалары Каддафини “Венесуэлага кетти” деп айтышып, анысы ушак болуп чыкты. Бекеринен бул өлкөнү аташпаган чыгар, анткени ал өзүнүн диктатордук режими менен таанымал. Анын лидери Уго Чавес АКШга тиш кайраган саясат жүргүзүп келет. Бакиевди дагы жөн жеринен Беларустун президенти Александр Лукашенко чакырбаса керек. Беларусь дагы “демократиянын принциптерин карманбайт” деп эсептелет. Акыркы президенттик шайлоонун өзү канча кепти жаратты...
Эсептей келсең, эчен сөз. Эми Муаммар Каддафи Курманбек Бакиевди туурап качабы же башын сайып өлкөсүндө калабы,ошону күтө туралы.

Эльвира Караева,
Залкарбек Карабалаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
cosmopolit
2011-03-01 01:50:31
Бакиев жакшы адам болсо болгондур бирок дагы БЕШ жыл отурганда КАДДАФИ бул жакта эле калмак...Кыргыз эли жонокой эл болгону менен даанышман эл...ошону учун эртерэк жок болгону жакшы болду... бакиЕФтин жактоочулары ак караны озунор жакшылап ажыратып туруп жазсанар абдан сонун болот
0
adalsvards
2011-03-01 10:56:40
Бакиевди эл колдосо, анда Жалал-Абаддан жылбай, ошол колдогон эли келип, Бишкекти кайра басып албайт беле? Кайдагыны айтпагылачы, жанды кашайтпай... Керек болсо, жанында жүргөндөр миңдеген сомдуктарды карматканы үчүн гана туруп беришкен!
0
adalsvards
2011-03-01 11:01:50
Анан Каддафиге келсек, билбейм Бакиев 5 эмес, 15 жыл турганда, Кыргызстан кайсы абалга келмек? Балким тиги Максими президент болуп калмак беле? Анда Кыргызстан накта жөөттөрдүн чоң бизнес долбооруна айланып калышы шексиз эле...
0
Bekko
2011-03-01 14:44:49
урматтуу Замир, лидер кг, адалсвардс, космополит, адикалон жана ж.б. бул жакка комментарий жазып кеткен катышуучулар. Акаев Бакиев Убвктылуу окмот деп эмнени талашып жатасынар? бул бийликтер баары бир бизди жыргаткан жок. эчкимиси. Кыргызстаныбызды келечеги жащштар. ал эми жаштар-силер эмитен эле тундук-туштук болуп болунуп алыпсынар. кандай гана уят нерсе. ушу биздин кыргыздын эн алсыз жери-жердешчилик. биздин тубубузго ушул тугдук-тушьук маселеси жетет го бир кун. баркыбызды билели жаштар!!!
0
Bekko
2011-03-01 14:57:34
adalsvards, сага кошулам. Бакиев бир нече жерде туура эмес кадамдарга барды. ички жана тышкы саясатта. уй буломду аралаштырбайм бийлике деп баарын отуртуп салды. акакевдин да катасы ушул болчу. азыркы бийлик деле улантып жатат бул адатты. анда "кыргыздын" бешенесине жазылган тагдыр ушул экен да э? онолууга умут жокпу эч кандай? кыргыз улуу эл болгон бирок азыркы абалыбызга баары кулуп жатат. бизге баарынан да эн биринчи ынтымак, ыйман керек анан да Кудайдан коркуу керек. ошондо озгоробуз.
0
Bekko
2011-03-01 15:47:08
Замир туура айтат, Ошто апрелдеги окуядвн жаман окулар болду. апрелде олкобузду сактайбыз 87 кыргызыбыз курман болсо июнда жуздогон кыргызыбыз олуп кетти.алар эмне учун курман болушту жейсинер7 албетте Кыргызстаныбызды коргойбуз деп. эмнеге бул жонундо эч ким кеп кылбайт? дагы айтып кетем, алакандай кыргыз элим ынтымагыбыз калбаптыр. отоле аргессивдуу болуп кетиптирбиз. эми келечек муун т.е. азыркы жаштар, жакшы осуп онуксун. бардык умут ошолордо.
0
Adikalon
2011-03-01 18:12:51
Урматтуу zamir Анализдеп кордум дейсиз 7 облустагы жети досунуз колдосо ал кооомчулуктун пикирин чагылдырбайт та.
0
aminali
2011-03-01 22:41:36
40jil menen 5 jildin airmasi bar da.
0
nurikjneki
2011-03-02 01:45:14
Акаев менен Убактылуу окмот эле жыргатты силерди корунот
0
kyrs
2011-03-02 03:36:13
Бир да туштуктун элинин оозунан укпадым тундук туштук деп болунгонун. Жуздогон тундуктуктордун оозунан уктум туштуктук деп болунгонду. ушундай боло берсе эртен эле бириндин канынды бирин ичкенде башка улуттар карап турбай экоону тен кошуп талкалап жерибизди басып алганда ошондо ыйлаганынар бекер болот туугандарым. Кыргыз тарыхы деген китепти алып окуп корсонор билесинер ушул жер учун ата-бабаларыбыз канчалаган кан токкон. Болунуп жарылбагылачы кагылайындар.
0
Нукура кыргызка
2011-03-02 07:32:07
Курманжан энебиз айткандай бирибиз "КУЛ" болгондо бирибиз "КОР"болгондо биригебизда...
0
Bekko
2011-03-02 13:21:39
kyrs,таамай айтыпсын.мен да укпадым туштуктун элинен, тундук-туштук деп болгонун. ал эми тундуктогу элибиз негедир болуп жара берет и ушул теманы коп козгошот. Дордой динамо футбол командасындаь Чуйлук бир байке ойнойт. футболду Оштун Алай командасында баштаган. ал деле коп айтып келет, "коптогон жыл Ошто жашадым бирок бир да жолу сен тундуктонсун мен туштуктукмун деген созду уккан жокмун. алар болушпойт,биз тундуктогулор кобуроок болобуз" деп. Болунгонду бору жейт, кыргызым!
0
Luckyman
2011-03-02 21:56:07
Бакиев конечно рулит!)) Акаев тоже рутил)) а ОТУНБАЕВА СУПЕР президент!!!!!
0
Sayori
2011-03-02 22:43:13
Кеткен Бакиевди артынан жамандабай, андан коро азыркы абалыбызды ондогонго аракет кылсак жакшы болмок баардыгыбыз. Жеген жеди, кеткен кетти дегендей
0
dobrajelatel
2011-03-04 12:10:21
Бакевдин кимге окшош экенин тарых озу тастыктайт. Жаманбы жакшыбы ал эл учун эмгек жасады.Не болгон кундо да душманга сыр ачпайлы. Бири-бирибизди жамандап.
0
№ 434, 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан