Күн сайын телефон кубаттап, жарыкты жандырып, тамак жасап, үйдү жылытабыз. Албетте, бул нерселерди жасоо үчүн энергия керектелет. Бүгүнкү күндө электр энергиясы негизинен суу, көмүр, мунай жана газ сыяктуу табигый ресурстардан алынат. Бирок бул булактар түбөлүктүү эмес, бир убакта түгөнөт. Демек, келечекте адамзатка альтернативдүү энергия булактары керек болот. Дал ушул себептен “жашыл технологиялар” деген түшүнүк пайда болгон. Макалада жашыл технологиялар деген эмне, алар кандай иштейт жана энергиянын келечеги кандай болот деген суроолорго жооп издейбиз.
Жашыл технология деген эмне?
Жашыл технологиялар – бул электр кубатын өндүрүүдө табиятка зыян келтирбей, экологияны сактоо үчүн иштелип чыккан жаңы илимий ачылыштар. Бул технологиялардын негизги максаты – электр энергиясын таза жол менен өндүрүү. Элестетиңиз, бардык муктаждыгыңыз үчүн күн менен шамалдын күчү кызмат кылып турса... Бул – келечек эмес, бүгүнкү күндүн технологиясы. Күн энергиясын пайдалануу бүгүн дагы биздин күнүмдүк жашообузда бар.
Жашыл энергетиканын негизги түрлөрү
Күн энергиясы
Күн энергиясы – табияттагы түгөнбөгөн кубат. Күн сайын Жерге миллиондогон мегаватт энергия келет, аны пайдалануу үчүн күн панелдери орнотулууда. Кантип иштейт? Күн нуру күн батареясына тиет. Панелдердеги атайын заттар (фотоэлементтер) бул нурду электрге айландырат. Бул энергия үйлөрдү жарыктандырууга жана тиричилик техникаларын иштетүүгө колдонулууда. Келечекте бул технология глобалдык мүнөзгө ээ болуп, тиричилик иштеринин көбү ушуга байланышы күтүлөт деп айтылат. Азыр деле кээ бир өлкөлөрдө толук бойдон күн энергиясы менен иштеген аймактар бар. Япония, Германия жана Кытай күн панелдерин эң көп колдонгон өлкөлөр болуп саналат.
Шамал энергиясы
Шамал бизге зыян эмес, пайда алып келиши мүмкүн. Шамал энергиясын колдонуу үчүн жел генераторлору (шамал тегирмендери) куруларын билесиз. Кантип иштейт? Шамал чоң жел тегирменин айлантып, айлануудан электр энергиясы жаралат. Бул технология дагы дүйнөдө өзүнүн мыктылыгын далилдеген. Мисалы, Дания өлкөсүндө электр энергиясынын 50 пайызы шамалдан алынат.
Суу энергиясы
Бул биздин бүгүнкү жашоонун кеңири колдонулган технологиясы. Электр кубаты ГЭСтер аркылуу суунун агымынан өндүрүлөт. Кантип иштейт? Дарыянын суусу чоң турбиналарды айлантат. Бул кыймыл генераторлор аркылуу электр энергиясын өндүрөт. Мисалы, Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи өлкөнүн электр энергиясынын басымдуу бөлүгүн берет.
Жашыл технологиялардын артыкчылыгы жана кемчилиги
Артыкчылыктары:
– Таза энергия – айлана-чөйрөнү булгабайт
– Түгөнбөйт – күн, шамал туруктуу. Саясий жана экономикалык факторлорго көз каранды эмес
– Экономикалык пайда – электр энергиясын өндүрүүдө күйүүчү кымбат ресурстарды сатып алуу талап кылынбайт
Кемчиликтери:
– Кымбат курулуш – күн панелдерин жана шамал тегирмендерин орнотуу көп каражатты талап кылат
– Аба ырайына көз карандылык – түнкүсүн жана булуттуу күндөрү күн станциясы электр энергиясын өндүрбөйт же аз өндүрөт, шамал жок болсо, шамал тегирмени токтойт
– Дарыяларга, көлдөргө терс таасири тийиши мүмкүн (ГЭСтердин)
Биогаз жана биоотун
Электр энергиясы өсүмдүктөрдөн да алынышы мүмкүн. Айыл чарбасындагы калдыктар, тамак-аш калдыктары жана кээ бир өсүмдүктөр биогаз жана биоотун өндүрүү үчүн колдонулат. Кантип иштейт? Органикалык таштандылар атайын жабдууларда иштетилет. Алардан биогаз (газ түрүндөгү отун) же биоотун (суюк күйүүчү май) алынат. Бул энергия автоунааларда, заводдордо жана үйлөрдө колдонулат. Мисалы, Бразилия автоунаалардын көпчүлүгүн биоотун менен иштетет.
Жашыл энергетиканын лидерлери кайсы өлкөлөр?
• Япония – Күн энергиясын колдонгон эң алдынкы өлкөлөрдүн бири
• Германия – Күн жана шамал энергиясынын жардамы менен керектөөчү электр энергиясынын 40 пайызын өндүрөт
• Исландия – толук геотермалдык энергияны пайдаланган өлкө
• Швеция – 2040-жылга чейин 100 пайыз жашыл энергияга өтүүнү пландап жатат
Климаттык өзгөрүүлөрдү жайлатат
Жакынкы жылдарда азыркыдай көмүр жана мунай эмес, көбүрөөк күн, шамал энергиясы колдонулат дешет эксперттер. Анткени мындай технологиялар:
• Шаарларды экологиялык жактан таза кылат
• Табигый ресурстарды сактоого жардам берет
• Климаттык өзгөрүүлөрдү жайлатат
• Жумуш орундарын көбөйтөт. Жашыл технологиялар жаңы тармактарды ачып, инженерлер, илимпоздор жана техникалык адистер үчүн жумуш орундары түзүлөт деген жоромол бар
• Энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирет. Жашыл энергияга өткөн өлкөлөр мунай, көмүр жана газ импортуна көз каранды болбой калышат
Келечекте жашыл энергетика кандай болот?
Расмий маалыматтарга таянсак, илимпоздор бүгүнкү күндө төмөнкү жаңы технологиялардын үстүндө иштеп жатышат:
• Космосто күн батареяларын орнотуу – Күн энергиясын тикелей космостон алуу
• Гидроген отуну – сууну энергияга айлантуу ыкмалары
• Жердин жылуулугунан (геотермалдык энергия) электр алуу
• Деңиз толкундарынан энергия алуу – Океан толкундарын колдонуу менен электр энергиясын өндүрүү
Кыргызстанда...
Кыргызстанда жашыл энергетика актуалдуу темалардын бири. Мисалы, Токтогул суу сактагычына германиялык инвесторлордун жардамы менен 2 калкып жүрүүчү күн электр станциясы куруларын былтыр Энергетика министрлиги маалымдаган. Күн жана шамалдан энергия алуу долбоорлору боюнча Кытай, Бириккен Араб Эмираттары менен да кызматташуу пландалууда. Дарыяларга соңку жылдары ондогон чакан ГЭСтердин курулганы да жашыл энергетикага жасалган мамиленин далили десе болот.
Келечектин туруктуу энергия булагы
Адамзаттын электр энергиясына болгон муктаждыгы өсүп жатат, бирок Жер планетасы чексиз ресурс бере албайт. Ошондуктан илимпоздор жана инженерлер “жашыл технологияларды” өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеп жатышат. Күн, шамал, суу жана биоэнергия – бул экологиялык таза жана келечектин туруктуу энергия булактары.
Адина Муктар