Минюра Рахимжанова, ырчы: «Ырчылыкты эмес, үй-бүлөнү биринчи орунга койдум»

“Сен кат жаздың...” деп обон созгон ырчы Минюра Рахимжанова эсиңиздеби? Акыркы жылдары сахнадан алыстап кеткен эле. Көрсө, үй-бүлө кучагында экен. “Энелик бакыттын даамын моокум кангыча татайын деп чыгармачылыктан тыныгууга кеттим” дейт ырчы айым. 

– Кутман күн, Минюра айым! Маекти сиздеги акыркы жаңылыктар менен баштасак, кандай жүрөсүз?

– Кутман күн сизге да, менде баары жакшы. Үй-бүлөм, өзүм, ден соолук, айтор, баары сонун. Акырындап иштерибиз өз нугуна түшүп келе жатат.

– Турмушка чыккан соң чыгармачылыктан  тыныгуу алгандайсыз...

– Ооба, ырчы айымдардын көбү турмушка чыккан соң чыгармачылык менен мурдагыдай алек боло албай калат эмеспи. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, турмушка чыгарда өзүмдү толугу менен үй-бүлөмө арнайм деп максат кылгам. Чыгармачылыкты улантууга эч качан кеч болбойт. Кайсы бир себептер менен сахнага кеч чыккан ырчылар да болот эмеспи. Анын үстүнө менин музыкалык билимим, күйөрмандарым, ырларым бар, аздыр-көптүр элге таанылып калгам дегендей. Ошондуктан балам төрөлгөндө энелик бакытты моокумум кангыча сезгим келди. Тартуу иштерине шашпай, “тоюм бар эле” деп шашкалактабай, тойго барып алып “сүтүм ийип кетти, балам эмне болду экен?” деп жүрөк оорутпай баламды тынч абалда баккым келди. Анын кантип өсүп жатканынын ар бир этабы көз алдымда болушун кааладым. Мен каалагандай болду. Эми чоңоюп, эки жашка чыгып калгандыктан, жолдошум  менен сүйлөшүп, акырындап чыгармачылык менен алек болуп, ырларды жаздырайын деп жатам, буюрса.

– Турмушка чыккан соң жашоо сиз элестеткендей эле уландыбы?

– Күйөөгө жапжаш кезде тийип кеткен жокмун. Акыл калчап, ак-караны ылгап, бардык нерсенин баркын билип калган убакта, отуз жашымда турмушка чыктым. Ошондуктан жашоо мен ойлогондой эле баратат. Кудайга шүгүр, бактылуу жашап жатабыз. Өзүңөр билгендей, мен жеке мектепте вокалдан сабак берем. Үч жылдан бери жолдошум экөөбүз чакан бизнес менен алектенебиз, үй сатып алганы жатабыз. Айтор, акырындап жаш үй-бүлөлөр кандай жолду басып өтүшсө, биз дагы ошол жолду басып бара жатабыз десем болот. 

– Ырчылык сиз үчүн...

– Жакшы көргөн, барктаган кесибим. Айрымдар “ырчылык мен үчүн жөн гана хобби” дешет эмеспи. Антип айтпаса да, ырчылыкка үстүртөн, жеңил-желпи мамиле кылышат. Менде андай эмес, анткени музыка боюнча 9 жылдык билимим бар, чыгармачылыкка дайыма олуттуу мамиле жасайм. Ырчылыктын аркасынан көп ийгиликтерге жетиштим. Мен үчүн ырчылык  “бүгүн бар, эртең жок” деген нерсе эмес, жашоомдун маанилүү бир бөлүгү. 

– Эл аралык сынактарга катышып жүргөнсүз, азыр деле катышууга каалоо барбы?

– Туура, убагында көп эле мамлекеттерге барып өлкөбүздүн желегин желбиреткенге аракет кылдым. Ачыгын айтсам, азыр андай максатым жок. Дагы балалуу болсом деген максат басымдуулук кылып турган учур. Жаңы, жакшы, сапаттуу ырларды элге тартуу кылсам, чыгармачылыкка жаңы дем менен киришсем деп турам.

– Жүрөгүңүздү багындырган мырза тууралуу сүйлөшсөк...

– Жакшы болот. Аты Медер, абдан жөнөкөй жигит. Элибизде “орус мүнөз” деп коюшат эмеспи, ошондой адам. Жеке ишкер, кесиби  –финансист. Бизди абысыным тааныштырган, ал менин курбум болчу, азыр абысын болуп калдык. Нике кайып болуп, көңүлүбүз төп келип, баш кошуп калдык. 

– Кандай келинсиз кайын журтка?

– Ар кандай (күлүп). Колумдан келишинче кызмат кылам, өзүмдү мактаган да болбойт, жамандаган да болбойт го. Бардык эле келиндер “жакшы болоюн, кайын журтумдун ардактуу келини болоюн, мактоо угайын” деп аракет кылышат да, мен деле ошолордун катарын толуктайм. Кайнене, кайнатам менен чогуу жашайбыз, кайнатамдын энеси – 85 жаштагы чоң энебиз бар. Кайын журтумдагылар чыгармачылыкты жакшы түшүнүп, колдогон адамдар. Кайненемдин атасы да ыр жазчу экен, анын ырларын азыр көп ырчылар ырдашат. Чоң апабыз да ыр жазат, абысыным да ырдап чыкканда анын ырларынын баарынын текстин кайненеси жазып берчү экен. Мунун баарын айтканымдын себеби – кайын журтумда чыгармачылыкты колдогон, сыйлаган адамдар көп, ошондуктан тагдырыма ыраазымын.

– Чыгармачылыкка белсенип киришем деп жатасыз, сизден жакын арада күйөрмандарыңызга кандай жаңылык болот?

– Жакында мурунку ырларымды социалдык тармакта жеке баракчама жүктөп койгон элем. Реакциялар жайнап, абдан жакшы көрүлдү. Же мен көптөн бери үйдө отурган үчүн укмуш сезилип кеттиби, билбейм (күлүп). Жеке куржунга “эмнеге ырдабай калдың, үнүң жакшы, сени күтөбүз” деген маанидеги каттар да көп келип жатты. Азыр көп эле ырчылар чыгып жатышат, мени эл унутуп деле калды болуш керек дегем. Бирок мени эстен чыгарбаган күйөрмандарымдын көп экени кубандырды. Аларга жакшы жаңылык тартууласам деп турам, буюрса. Азыр ылайыктуу ыр издеп жүрөм, бирок таппай жатам. Жеке эле менин “оорумбу” же башка ырчылар деле ушинтип ыр издейби, билбейм. Жүрөгүмө жаккан ырды көпкө издейм. Ырларын сунуштагандар көп, бирок “дал ушул ыр меники” дегидейи чыкпай жатат. Үнүм лирикалык сопрано эмеспи, кайгылуу ырларды жан дүйнөмдөн өткөрүп ырдайм. Мурунку ырларымдын обонун эски композиторлор жазып беришкен эле, азыр алардын көбүнүн көзү өтүп кетти. Лирика жазган композиторлор аз болуп жатат. Чыныгы музыкант бир эки нотадан эмес, ар бир инструмент менен кынаптап жасап берет, андайларды табыш кыйын болуп калды. Жаштар бар, бирок... Мугалимим, ырчы Жамиля Муратова да жакшы бир сунуштар менен чакырып жатат.  Кыскасы, күйөрмандарымдын алдына сөзсүз бир чоң жаңылык менен чыксам деп аракет кылып жаткан учурум.

– Жакшы, ийгилик каалайбыз!  Күйөрмандарыңызды кубантчу күн алыс эместир.

 

Нуржамал Жийдебаева         

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1166, 18-24-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан