Ангина – тамактын бадам сымал бездеринин сезгениши. Тамак оорутуп, жутунуу кыйындап, дене табы көтөрүлүп адам абдан кыйналары белгилүү. ЛОР дарыгер Азамат Алмазбеков аталган илдеттин эмнеден жаралары, коркунучу, түрлөрү жана дарылоо жолдору тууралуу айтып берди.
Ангинанын себептери жана жугуу жолдору
Ангинанын негизги себептери – бул инфекциялар, иммунитеттин төмөндөшү жана организмдин айрым факторлорго алсыздануусу. Негизги себеби – А тобундагы бета-гемолитикалык стрептококк. Башка бактериялар, вирустар жана грибоктор да ооруну чакырышы мүмкүн. Мисалы, стафилококк, пневмококк, аденовирус, герпес жана башка.
Башка факторлор
• Жалпы иммунитеттин төмөндөшү, стресс, физикалык чарчоо
• Абдан муздак же ысык тамак-аш ичүү – бадам бездеринин өздүк иммунитетин начарлатат
• Тамеки тартуу. Булганган аба тамактын былжыр челин дүүлүктүрүп, бактериялардын киришин жеңилдетет
• Мурун же тиш оорулары – өнөкөт гайморит, кариес жана фарингит ангинанын өнүгүүсүнө шарт түзөт
Оорунун белгилери
• Тамактын катуу оорушу – айрыкча бир нерсе жутканда күчөйт
• Дене табынын көтөрүлүшү – адатта 38–40 градуска чейин жетет
• Жалпы алсыздык жана баш оору – организмдин уудан жабыркашынан улам
• Бадам бездеринин кызарып, шишүүсү
• Бадам безинде ак же саргыч түстөгү ириңдин пайда болушу
• Жөтөл жана үндүн өзгөрүшү
• Тамактын кургап, кычышуусу
• Тердөө, чыйрыгуу – дене табы көтөрүлгөндө пайда болот
• Ооздо жагымсыз жыттын пайда болушу
Түрлөрү
• Катаралдык ангина – жеңил түрү, бадам бездери кызарып, шишийт, бирок ириң болбойт
• Фолликулярдык ангина – бадам бездеринде майда ириңдүү бүдүрлөр пайда болот
• Фибриноздук ангина – бадам бездерин толугу менен ак түстүү ириң каптайт
• Флегмоноздук ангина – бадам бездеринин ткандарынын ириңдеши, илдет оор өтөт
Жугуу жолдору
Ангина – жугуштуу оору жана төмөнкү жолдор менен жугат:
• Аба аркылуу – жөтөлгөндө, сүйлөгөндө же чүчкүргөндө
• Тиричилик буюмдары аркылуу – идиш-аяк, сүлгү жана башка
• Оорулуу адам менен өбүшүү
Өнүгүүсүнө карата бөлүнүшү
• Курч кармаган ангина – белгилери тез пайда болуп, 7-10 күндө айыгат
• Өнөкөт ангина – бадам сыяктуу бездер дайыма сезгенип, тез-тезден кайталанып турат
Оору өтүшүп кетсе эмне үчүн коркунучтуу?
• Жүрөктүн клапандары жабыркап, ревматикалык жүрөк кемтиги пайда болушу мүмкүн
• Бөйрөк сезгениши мүмкүн
• Сепсис – бактериялар канга өтүп, бүт организмди ууландырат. Мында адамдын абалы абдан оорлошот, дене табы 40 градуска чейин көтөрүлөт, дене калчылдайт, бейтап эс-учун жоготушу мүмкүн
• Миокардит (жүрөк булчуңунун сезгениши) пайда болушу мүмкүн
• Муун ооруларын жаратышы ыктымал
• Инфекция кан аркылуу мээге өтсө, менингит өнүгөт
Диагноз коюу
• Дарыгердин кароосу, фарингоскопия. Бадам сымал бездин абалын текшерет
• Лабораториялык анализдер
а) Тамактан алынуучу бактериологиялык анализ
Максаты – стрептококк же башка инфекциянын бар-жогун аныктоо
Кантип жүргүзүлөт?
Дарыгер тамактын арт жагынан кебез таякча менен үлгү алат
Жыйынтык: Бактериялар өстүрүлүп, алардын түрү жана антибиотиктерге сезгичтиги аныкталат
б) Стрептотест (ылдам тест – экспресс-диагностика)
Максаты – ангинанын стрептококк менен байланышын 5-10 мүнөттө аныктоо
Артыкчылыгы – дарылоону тез баштоо үчүн ыңгайлуу
в) Кандын жалпы анализи
Максаты – вирустук же бактериялык инфекцияны айырмалоо.
Жыйынтык: Бактериялык инфекция болсо – лейкоциттер көбөйөт. Вирустук инфекция болсо – лимфоциттер көбөйөт.
Оорунун алдын алуу
1. Гигиенаны сактоо
• Колду бат-баттан жууп туруу, айрыкча тамактануу алдында
• Оорулуулар менен байланышта болбоого аракет кылуу, башкалардын жеке гигиена каражаттарын колдонбоо
2. Иммунитетти чыңдоо
• Витаминдерге бай тамактарды, С витамини көп азыктарды (цитрус жемиштери, көк чай, жашылча-жемиштер) колдонуу.
• Суукта көп жүрбөө
• Сергек жашоо образын кармануу, көп кыймылдоо
3. Таза аба жана климаты туруктуу чөйрө
• Үйдү, кеңсени таза кармоо, бөлмөнү тез-тезден желдетип туруу
• Бөлмө абасын нымдуу кармоо
4. Тамактанууну туура пландаштыруу
• Тазаланган жана сапаттуу азыктарды колдонуу
• Таттуу жана майлуу азыктарды ашыкча пайдаланбоо
5. Аэрозолдук инфекциялардан сактануу
• Ооруган адамдардан оолак болуу, жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду жаап жүрүү
• Эл көп чогулган жерлерде бет кап тагынып жүрүү
6. Суукка туруштук берүү
• Суук аба ырайында жылуу, термокийимдерди кийүү
• Кыш мезгилинде дене табын нормалдаштыруучу кийимдерди колдонуу
Дарылоо жолдору
• Үйдө болуу, сууну көп ичүү, жумшак жана жылуу тамак жеп-ичүү
• Антибиотиктер (дарыгердин көрсөтмөсү менен гана)
• Дене табын түшүрүүчү таблетка, каражаттар
• Тамакка чачуучу спрей жана таблеткалар
• Ооз көңдөйүн туздуу суу, фурацилин, хлоргексидин, ромашка кайнатмасы менен чайкоо
• Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе ооруканага жаткыруу зарыл
• Өнөкөт ангинада бадам сымал бездерди тазалоо, физиотерапия, иммунитетти бекемдөө шарт
Хирургиялык жол менен дарылоо
Кандай учурда бадам сымал бездерди хирургиялык ыкма менен алып салуу сунушталат?
• Ангина көп кайталанса. Мисалы, жылына 4 же андан көп кайталанса
• Ангина узакка созулса жана илдет оор өтсө
• Абсцесс жана инфекциянын жайылышы
• Муундардын оорушу, жүрөк, бөйрөк ооруларына олуттуу терс таасири тийсе
• Антибиотиктер менен дарылоо натыйжа бербесе
Жыйынтык
Ангина – олуттуу жана дарылоодо абдан маани берилген оору. Эгер оорунун белгилери байкалса, эч качан өз алдынча дарыланууга аракет кылбаңыз. Антибиотиктерди жана башка дарыларды дарыгердин сунушусуз колдонуу оорунун күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан сөзсүз адистин жардамына кайрылып, так диагноз койдуруу, туура дарылоо маанилүү. Өз убагында дарылоо – ангинанын кайталанышынын алдын алуу жана тез калыпка келүү үчүн эң жакшы жол.
Асел Нурбекова