Быйыл Кыргыз спортунун түптөлүшүнө 100 жыл толду. 1925-жылдын 8-апрелинде Кара-Кыргыз автономиялык облусунда Дене тарбия жана спорт боюнча кеңеш ишин баштап, анын төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков дайындалган. 1 кылым... Айтканга оңой болгону менен, бул мезгилде Кыргыз спорту түйшүктүү жолду басып өттү, эл аралык деңгээлге чыгуу оңой болбогону баарыбызга маалым. Кыргыз спортчулары мыкты жыйынтыктары менен өз ысымдарын тарых барактарына жаза алышты. Төмөнкү макалада кыргыз спортчуларынын Олимпиада оюндарына салган чыйыры тууралуу кеп кылабыз.
Олимпиада оюндарында эң алгач ысымы жаңыргандар
Кыргыз спортчуларынан Олимпиада оюндарына алгачкылардан болуп Сайботтал Мурсалимов чыйыр салган. Ал 1960-жылы Римде өткөн XVII Жайкы олимпиада оюндарына ат спорту боюнча мелдешке катышып, 5-орунду ээлеген. Сайботтал Мурсалимов 1964-жылкы Токио олимпиадасына да катышкан. Андан кийинки олимпиадалык оюндарга жөө күлүктөр Леонид Иванов, Отто Барч, Вера Корсакова, Валентина Чичаева, суучул Ахмед Анарбаев Кыргызстандын атынан чыгышкан.
1980-жылы Москвада өткөн XXII Жайкы олимпиада оюндарында оор атлетчи Каныбек Осмоналиев баштаган кыргызстандык 5 спортчу чемпион болгон. Каныбек Осмоналиев 52 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышып, булкуу ыкмасы менен 107,5 килограмм, түртүү ыкмасы менен 137,5 килограммды көтөргөн. Жалпысынан 245 килограммды көтөрүп, өз доорунда олимпиадалык рекордду жаңырткан. Ошондой эле СССРдин курамында Кыргызстандан барган көзгө атар Александр Мелентьев, жеңил атлетчилер Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, ат спортчу Александр Блинов чемпион аталышкан. Ал эми жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров 42 чакырым 195 метрлик марафондук жарышта марага үчүнчү келип, коло байгенин ээси болгон. Ал аталган аралыкты 2 саат 11 мүнөт 16 секундда чуркап өтүп, советтик марафончулардын олимпиада оюндарындагы тарыхында биринчи жолу медаль алган жөө күлүк катары катталган.
Ал эми 1988-жылкы Сеул олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Мария Кулчунова, футболчу Сергей Фокин, волейболчу Татьяна Сидоренко чемпион болсо, 1992-жылы Испаниянын Барселона шаарында өткөн XXV Жайкы олимпиадада кыргызстандык гандболчу Талант Дүйшөбаев менен баскетболчу Елена Баранова алтын медаль тагынган.
Эгемен өлкө катары Олимпиада оюндарында
Кыргызстан эгемен өлкө катары биринчи жолу өз байрагы менен 1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн XXVI Жайкы олимпиада оюндарына катышкан. Анда спорттун 7 түрү боюнча жалпы 33 спортчу күч сынашкан. Ал эми 2000-жылкы Сидней олимпиадасына 48 спортчу барган. Анда дзюдочу Айдын Смагулов 60 килограмм салмакта Кыргызстандын капчыгына коло байге салган. 2004-жылкы Афины олимпиадасына 29 атлет барып, 9 спорттун түрүнөн күч сынашкан.
2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиадага Кыргызстандан 21 спортчу барган. Мында кыргыз балбандары тарых жаратып, өлкө капчыгына 1 күмүш жана 2 коло медаль салган. Грек-рим күрөшү боюнча 66 килограмм салмакта күрөшкөн Канат Бегалиев, 60 килограмм салмакта Руслан Түмөнбаев жана эркин күрөштөн 60 килограмм салмакта Базар Базаргуруев коло байгенин ээси болушкан. Кыргызстан жалпы командалык жадыбалда 65-орунду ээлегени белгилүү.
2012-жылы Лондон олимпиадасына Кыргызстан курамасы 14 спортчусу менен 8 спорттун түрүнөн катышкан. Ал эми 2016-жылы Бразилияда өткөн РИО олимпиадасында өлкөбүздөн 19 спортчу барып, бул жолу дагы байгесиз кайткан. Грек-рим күрөшү боюнча Арсен Эралиев жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшүп жеңилип калганы эсиңизде болуш керек, окурман. Мындан тышкары дзюдо боюнча Юрий Краковецкий 7-орунду ээлесе, оор атлетчи Жаңыл Океева 10-катарга жайгашкан.
Тарых жараткан жемиштүү жылдар
Кыргыз спортунун тарыхында Токио жана Париж Олимпиада оюндары ийгиликтүү болду десек жарашат. 2020-жылкы Токио олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу барып, 7 спорт түрүнөн катышты. Бул олимпиадада кыргыз куржунуна балбандарыбыз 2 күмүш жана 1 коло байге салышты. Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов жана 62 килограмм салмак ченинде кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынса, 68 килограмм категорияда Мээрим Жуманазарова коло байгенин ээси болгон. Ал эми 2024-жылы Париж олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу барды. Алардын арасында 10 балбан өлкө намысын коргосо, бокс менен жеңил атлетикадан бирден, ошондой эле сууда сүзүү менен дзюдодон экиден спортчу күч сынашты. Жыйынтыгында Кыргызстан курамасы 2 күмүш, 4 коло медаль утуп, бүткүл кыргыз элин сүйүндүрүп, жалпы журтка кубаныч тартуулашты. Алсак, кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова жана бокс боюнча 57 килограмм салмак ченинде мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль утуп алды. Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограммда Акжол Махмудов, 97 килограмм категориясында Үзүр Жусупбеков жана кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова коло медаль тагынышты. Мындан тышкары дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских, грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев, Бекзат Алмаз уулу, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, эркин күрөштөн Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова катышты. Кыргызстан мындай жыйынтыгы менен жалпы командалык эсепте 68-орунду ээледи. Ошентип Париж олимпиадасы Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медалы менен эсте калды.
Ийгилик жаратчу күндөр али алдыда деп ишенебиз. 2028-жылкы Жайкы олимпиада оюндарын АКШнын Лос-Анжелес аймагында өткөрүү пландалууда. Жогоруда аты аталган спортчулардын жеңиштери дем берип, жаштар арасында олимпиада чемпиону болууну көздөгөн спортчулар көп. Буюрса, алдынкы 3 жылда алар да такшалат, эл аралык аренада Кыргыздын атын тааныта тургандардын саны эселеп өсөт деп үмүт кылалы.
Динара Акимова