Дүйнөлүк жылдыздардын арасында көп балалуу болуп баатыр ата статусунда жүргөн мырзалар көп экен. Белгилүү адамдардын алдында Илон Маск 14 баласы менен рекордчу. Ал тууралуу буга чейин жазганбыз, эми башкалардын да мураскерлери тууралуу билип алалы.
Мел Гибсон – 9 балалуу
2 жолку “Оскар” сыйлыгынын ээси, австрия-америкалык актёр, режиссёр Мел Гибсонду ким тааныбайт? Мел Гибсон дегенде “Баатыр жүрөк” (“Храброе сердце”), “Акылсыз Макс” (“Безумный Макс” 1-2-3-бөлүмдөрү) тасмалары көз алдыңа тартылат. Өзү да көп балалуу үй-бүлөдө жарыкка келген, 11 бир туугандын алтынчысы. Жаш, келбеттүү актёр убагында далай сулуунун жүрөгүнө чок салган экен. Алгачкы жолу 1980-жылы ата болгон, жубайы Робин Мур менен 26 жыл чогуу жашап, ал аралыкта 7 баланын (1 кыз, 6 уул) ата-энеси болушкан. 2009-жылы ажырашып, кайрадан бойдок аталган актёр орусиялык пианист, ырчы Оксана Григорьева менен жетелешип калат. Андан да 1 кыздуу болгонго жетишкен. Ал эми көкүрөк күчүгү болгон 9-баласын 2017-жылы жазуучу Розалинда Росс төрөп берген. “Кемчиликсиз ата-эне болбойт, бир күнү баары бир ката кетиресиң. Бирок мен көпчүлүккө караганда азыраак ката кетирген ата болсом экен дейм”,- деген тамашалуу ою менен бөлүшкөн 69 жаштагы актёр.
Мик Жаггер – 8 балалуу
Рок музыканын фанаттары, барсыңарбы? Легендарлуу “The Rolling Stones” рок-тобунун лидери быйыл 81 жашка чыгат. Рок музыканын өнүгүшүнө эле эмес, өлкөсүнүн демографиясына да салым кошкон британиялык музыкант 8 баланын атасы экенин билчү белеңиз? Тактап айтканда, анын 5 аялдан 8 баласы (4 кыз, 4 уул), 5 небереси, 1 чөбүрөсү бар. Улуу кызы 55 жашта болсо, кичүү уулу быйыл 9га чыгат экен. “Мен балдарды жакшы көрөм, анткени алар адамдын жаштыгын узартат”,- дейт баатыр ата.
Эдди Мерфи – 10 балалуу
1980-90-жылдары абдан популярдуу болгон комик актёрлордун бири Эдди Мерфи. “Доктор Дулиттл”, “Америкага сапар”, “Жинди профессор” жана башка ондогон белгилүү тасмалардын жылдызынын кинематографиядан сырткары, музыкага да кошкон салымы зор. Музыкант, режиссёр, актёр, продюсер кесиптерин аркалап келе жаткан Мерфинин сыйлык текчесинде “Алтын глобус”, “Грэмми”, “Эмми” жана башка сыйлыктар турат. 64 жашка келип калган актёр Голливуддун эң рекордчу баатыр атасы десек болот. Ал жаш кезинде нике шакегин тагына электе эле ата болуп баштаган экен. Эки сүйлөшкөн кызынын ар биринен 1ден уулдуу болгон. Эки баланын атасы болуп жүргөндө жаңы сүйүүсүн таап, 1993-жылы модель Николь Митчеллге үйлөнүп, 2006-жылы ажырашып кетишкен. Ортолорунда 5 бала бар (4 кыз, 1 уул). Ажырашкандан кийин атактуу “Spice Girls” тобунун солисти Мелани Браун менен роман кура коюп, андан да бир кыздуу болгон. 2018-жылы Пейдж Батчер аттуу моделге үйлөнүү сунушун киргизип, экөө бир уул, бир кыздын ата-энеси аталышкан. “Эркектер мага “бул соо эле немеби? Мынча балага толтура акча кетет да” деп айыптагандай карашат. Аялдарда болсо тескерисинче “демек, мыкты экен...” деген суктануу көз карашы бар. Мага болсо баары жагат. Ыраазымын”,- дейт Эдди Мерфи. Уул-кыздарынын арасынан атасынын жолун жолдоп кино тармагында эмгектенгендери да бар.
Алек Болдуин – 8 балалуу
Америкалык актёр, комик, жазуучу жана башка көп кырдуу таланттын ээси Алек Болдуин да баатыр аталардын катарында. «Перл-Харбор», «Тормоз», «Авиатор» жана башка фильмдердеги ролу менен белгилүү актёр 8 баланын жарыкка келишине себепкер. Голливуддун сексуалдуу мырзаларынын катарына кирген Болдуин убагында көптөгөн сүйүү романдарын башынан өткөргөн. Расмий никеге актриса Ким Бейсингер менен туруп, 9 жыл бирге жашаган аралыкта 1 кыздуу болушкан. 2012-жылдан бери йога инструктору Хилария Томас менен түтүн булатып келе жатат. Ортолорунда 7 бала бар (3 кыз, 4 уул). Кичүү кызы Люсия 2021-жылы “карын эненин” жардамы менен төрөлгөн. “Ар бир балабыз 2 жашка чыкканда эле “балким, дагы бирди?” деп жатып көп балалуу ата-эне болдук” деп тамашалайт 67 жаштагы актёр.
Стивен Спилберг – 7 балалуу
Америкалык кинорежиссёр, сценарист, продюсер Стивен Спилбергдин дүйнөлүк кинодогу орду өтө чоң. “Индиана Жонс”, “Юр доорундагы парк” (“Парк юрского периода”), “Шиндлердин тизмеси”, “Жоокер Райанды сактоо”, “Колуңдан келсе мени карма” (“Поймай меня, если сможешь”), “Терминал”, “Линкольн”, “Снайпер” сыяктуу хит тасмаларды жараткан адам. Ал тарткан тасмалар ондогон “Оскар” статуэткаларына ээ, өзүндө мыкты режиссёр катары 3 статуэтка турат. Маданият чөйрөсүндөгү адамдардын арасынан “Форбстун” тизмесинде бай адам катары жана дүйнөгө таасири бар адам катары да аты жазылган. Мындай адамдын мураскерлери көп болсо, алардын арасынан атасынын жолун жолдоп шедеврлерди жараткандар чыкса сонун эмеспи. Биринчи никесинен 1 уулу бар. Ал эми экинчи жубайы актриса Кейт Кэпшоуго 1991-жылы үйлөнгөн. Түгөйлөр биргеликте 6 балага тарбия берип, чогуу жашап келе жатышат. Тун уулу быйыл 40 жашка чыкты.
Кевин Костнер – 7 балалуу
Кевин Костнерди ырчы Уитни Хьюстондун жан сакчысы катары тааныгандар көп. Чынында, Уитни Хьюстон жана Кевин Костнер башкы каарман болгон “Жан сакчы” тасмасы убагында сүйүү тууралуу тасмалардын алдыңкы сабында турчу, азыр да бул тизмеде бар. Костнер мыкты актёр эле эмес, “Оскарлуу” режиссёр дагы. Анын режиссёр катары дебюттук “Карышкыр менен бийлегендер” («Танцующий с волками») тасмасы “Мыкты режиссёр” жана “Мыкты тасма” номинациясында “Оскар” сыйлыгына татыган. 3 айымдан баш-аягы 7 баласы бар, 3 кыз, 4 уул. 2023-жылы экинчи жубайы менен ажырашып кетти, учурда 70 жаштагы актёр бойдок жүрөт. Бирок жалгыздык статусу көпкө кармалбаса керек. Костнердин улуу кызы 41 жашта, кичүүсү болсо 15те.
Асыл Орозбекова