МИРБЕК АТАБЕКОВ
Туулган жылы, жашы – 1986-жыл, 11-август, 24тө
Бою – 177 см
Салмагы – 63 кг
Жылдыз белгиси – Арстан
Окуган жери – Улуттук консерватория, эстрада факультети, вокал бөлүмү
Ким болгусу келчү – Ырчы
Ким болду – Ырчы
Көп колдонгон сөзү – Кудай буюрса
Жактырган киносу – «Маска»
Жасай алган тамагы – Куурулган жумуртка
Жаман көргөн адаты – Унутчаактыгы
Кыялданбаган акын да, акылман да, жөнөкөй адам да болбосо керек... Мен өзүмдү кыялкеч адамдардын катарына кошом. Кичинемде деле кинолорду көрүп алып бирде милиционер болгум келсе, бирде ырчы болгум келчү. Бирок ырчы болуп калам деп жүз пайызга ишене алчу эмесмин. Буйрук экен, бала кезимден багып келген кыялдарым бүгүнкү күнү ишке ашып отурат. Азыр үй-бүлө күтүп, сүйүктүүмө бактылуу мүнөттөрдү тартууласам деген кыялдар менен жашап келем.
Мага берилип жаткан эң актуалдуу суроо?.. Быйыл сахналаштарым жарыша биринин артынан бири үйлөндү. Ошондон улам болсо керек “качан үйлөнөсүң?” деген суроону көп укчу болдум. Тескерисинче, “эрте үйлөнүп не кыласың?” дегендер да көп. Буюрса, быйыл агам үйлөнсө, эстафетаны мен улантайын деп жатам.
Мен кимдин алдында алсызмын?.. Апамдын алдында гана алсызмын. Оюма келген нерсени бербей, эч кимди укпай коюшум мүмкүн, бирок апакемдин бир да сөзүн кыя албайм. Анан, албетте, сүйүүдө улуу-кичүү дебей бардыгыбыз алсызбыз.
Жашоонун эң супсак бөлүгү?.. Сүйүүсүз өмүр таштак жердеги куу жыгачтай. Жашоодо жүрөгүмдө сүйүү болбосо, ошол мен үчүн супсак жашоо болушу мүмкүн. Бардыгыбыз корккон жана жаман көргөн жалгыздык да өмүрдү супсак кылат.
Аарынын балы таттуу, чакканы ачуу
Аялзатынын баары таттуу, тили ачуу... Мындай сөздөр жөн жерден айтылбайт да. Балким, аялзатынын көпчүлүгү ушундай болгондуктан айтылып жүргөндүр. Бирок мен толугу менен кошулбайм. Беш кол тең эмес да. Арасында бардык жагынан төп келишкен айымдарыбыз бар. Уруксат этсеңер, бүткүл аялзатын жаз майрамы менен чын дилден куттуктап өтсөм. Урматтуу апалар, эжелер, жеңелер, карындаштар, силер бар биздин өмүр маңыздуу, көрктүү. Аман болуңуздар, бар болуңуздар!
P.S. Мирбектин сүрөтү түшүрүлгөн календарь-тиркемени гезитибиздин жаңы санынан табасыздар.
Венера Кабакбек кызы