Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго чыгарылган мурдагы өкүмдү жокко чыгарды. Себебин “Башкы прокуратура менен адвокаттын иште жаңы жагдайларды таап чыгышканына байланыштуу” деп түшүндүрүп, кылмыш ишин Свердлов райондук сотуна кайра кароого жөнөттү. Тагыраагы, Исаковго карата 2019-жылдын 6-декабрындагы Свердлов райондук сотунун, 2020-жылдын 23-мартындагы Бишкек шаардык сотунун, 2020-жылдын 22-июнундагы жана 2021-жылдын 2-мартындагы токтомдору жокко чыгарылды.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган Сапар Исаков 2020-жылдын октябрь айындагы саясий окуялардан кийин абактан бошотулуп, кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Бул арада ага эл аралык издөө да жарыяланган. Анын ысымы Бишкек ЖЭБин, Тарых музейин жаңылоого байланышкан кылмыш иштеринде аталган. Мисалы, 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупциялык иштердин айынан мамлекетке 111 миллион доллар зыян келтирилгени убагында расмий маалымдалган. Бир кычкачтын баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөн окуяны, Тарых музейине деп жасатылган баасы асман чапчыган жыгач аттарды эл азыркыга чейин унута элек.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Сапар Исаковду өлкөгө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.