Обоиден ручканын тагын кетирүү ыкмалары

Үйдө кичинекей бала-чакасы барларга кеңеш. Жаш “сүрөтчүлөрдүн” обоилерге тарткан “шедеврлерин” кетире албай убара болгон кезде бул ыкмаларды эстеңиз.

Винил обои

Винил обоилер жууганга туруктуулугу менен айырмаланат. Андыктан ручка, карандаш, маркер жана башкадан түшкөн тактарды түрдүү каражаттар менен жууса болот. Балаңыз сүрөт тартканын канчалык эрте байкасаңыз, ошончо аны кетирүү да оңой болот. Вата дискине бир тамчы идиш жуучу каражат тамызып, булганган жерди абайлап сүртүү керек. Кадимки кир жууган самынды жылуу сууга эзип алып, ага кебезди малып да сүртсө жакшы кетирет. Үчүнчү ыкма, тырмактагы лакты кетирүүчү суюктук керек, курамында ацетону жогун тандаңыз. Суюктукка учуна кебез оролгон кулак тазалагычты малып алыңыз, өтө суулаган болбойт. Сууланган кулак тазалагычты ручканын же маркердин изи менен акырын сүртүп тазалаңыз.

Флизелин обои

Винилге колдонгон жуучу каражаттарды флизелин обоилерине колдонгон болбойт, өңүн жоготуп, агарып кетет. Мындай обоидеги ручканын тагын кетирүү үчүн лимон ширесин же лимон кычкылын колдонуу керек. Кебез дискине бир аз суулап алып, чийилген жерди сүртүү керек. Үйдө перекись водород болсо да жакшы, кулак тазалагыч таякчанын башындагы кебезди перекиске малып, анан чийиндин изи менен тазалап коюу кажет.

Кагаз обои

Кагаз обоинин баасы арзан болгону менен, ручка жана башкадан түшкөн тактарды кетирүү кыйын. Кагазга сыя бат эле сиңип, чыгаруу оор болот. Чыгарган күндө да кагазда баары бир агарган так калат. Ручканын сыясын бир аз агартуу үчүн 6 пайыздык уксуска (1 аш кашык) марганцовка кристаллынан бир-эки даана эле кошуу керек. Аралашманы губкага сиңирип, аны булганган жерге сүйкөйсүз. Булганган аймак күлгүн түскө келип калат, аны перекись водородду кебезге тамчылатып туруп аарчып коюңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1171, 23-29-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан