ПТОЗ: КӨЗДҮН СУРМАСЫНЫН ҮСТҮНДӨГҮ ТЕРИ ЭМНЕГЕ ШАЛБЫРАП ТҮШҮП КАЛАТ?

Адамдын жүзүндөгү өзгөрүүлөр көбүнчө жаш куракка байланыштуу жүрөт. Арасында көздүн сурмасынын үстүндөгү теринин бошоңдоп түшүүсү, медициналык тил менен айтканда, птоз да бар. Ал айрымдарда жаш курак эмес, башка себептерден улам да жаралат. Птоз эмнеден улам пайда болот? Анын алдын алса болобу?  Ден соолукка тийгизген таасири кандай?

ПТОЗ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Үстүнкү кабактын птозу (блефароптоз) – бул көздүн сурмасынын үстүндөгү тери бошоңдоп, ылдый түшүүсүнүн негизинде көздүн карегин жаап, көрүүнүн начарлашына алып келүүчү патология. Нормалдуу абалда көздүн үстүндөгү тери каректи болжол менен 1,2-1,5 миллиметр гана каптап турат. Эгерде тери 2 миллиметрден төмөн түшүп кетсе, бул птоздун бар экендигинен кабар берет. Бул учурда хирургиялык жол менен дарылоо керек. Дарылабай жүрүү көздүн көрүүсүн начарлатат, сокурлукка чейин жеткириши мүмкүн. 

2 ТҮРҮ БАР

Птоздун 2 түрү бар: тубаса жана кийин пайда болгон.

Тубаса птоз – тубаса түрүндө патология бала төрөлгөндө эле болот, же болбосо алгачкы 1 жылдык жашоосунда пайда болот. Кош бойлуулук оор өткөн кезде, түйүлдүк кезинде же төрөт учурунда травма алып калганы да таасир этет. Ата-энесиндеги, мисалы, Грефе синдрому (көздү кыймылдатуучу булчуңдардын эки тараптуу шал болуусу), Горнер синдрому, Гунн синдрому жана башка генетикалык ооруларда балада тубаса птоз жаралуусу мүмкүн.

Кийин пайда болгон птоз – бул көз түрдүү жаракаттарга, же болбосо ооруларга кабылганда жаралат. Келип чыгуу себептери:

– Эң негизги жана көп жайылган себеби – көздүн үстүндөгү терини тартып, жогору көтөрүп турган булчуңдун атрофиясы, бузулушу болуп саналат. Булчуң жабыркаганда терини кармабай калат да, ал ылдый түшөт.

– Көздүн үстүндөгү терини көтөрүп турган ткандардын “карышы”, булчуңдардын чоюлушу, алсыз болуп калышы. Бул себеп жаш куракка байланыштуу болот.

– Леватор же мюллердин (көздүн үстүндөгү терини көтөрүп турган булчуңдар) калыптагыдай иштөөсүнө таасир эте турган нерв системиндеги оорулар (инсульт, склероз жана башка).

– Нейроинфекциялар – менингит, энцефалит, кургак учук, нейросифилис.

– Көздүн ички басымынын төмөндөөсү.

– Көз аппаратында же мээ түзүмүндө киста же шишиктин болуусу.

– Туура эмес жасалган пластикалык операциялар.

– Эндокриндик жана неврологиялык оорулар.

– Сырткы факторлордон улам көз жаракатка кабылганда жана башка.

ПТОЗДУН ӨЛЧӨМҮНӨ ЖАРАША ТҮРЛӨРҮ

Жеңил птоз – карек 1-1,5 миллиметр жабылган

Орточо птоз – карек 2-3 миллиметрге чейин жабылган

Даана байкалган птоз – 4 миллиметр жана андан көп өлчөмдө

БЕЛГИЛЕРИ

Птоз бир эле көздө же эки көздө тең болушу мүмкүн. Көзгө байкаларлык белгиси – эки көздүн ассиметриясы. Бир көзү чоң, экинчиси кичине көрүнүп калат. Андан сырткары көздүн көрүүсү начарлайт, птоз болгондо карек жабылып, көз предметтерди так эмес, бүдөмүк көрүп баштайт. Экинчи көзгө да күч келет. Дамамат баш оорусу пайда болот. Адам автоматтык түрдө башын жогору көтөрүп караганга өтөт, ошондо карек ачылып көрүү жакшырып калгансыйт. Птоз болгон көздүн үстүндөгү кашты да жогору көтөрө берип, эки кашта ассиметрия жаралат, бири жогору, бири ылдый болуп. Көздү жогору көтөрө берип чекеге горизанталдык абалдагы бырыштар түшөт. Көз кургайт же бат-баттан жашылданат, дайыма бүдөмүк көргөндүктөн чарчаңкы абалда болот. Эгер бул белгилер байкалса, дароо офтальмологго кайрылуу зарыл.

ДИАГНОСТИКА

Дартты дарылоонун эң эффективдүү ыкмасы – аны алгачкы стадиясында аныктоо эмеспи. Андыктан көз ооруларынан, анын ичинде птоз дартынан алыс болуу үчүн жылына бир жолу офтальмологго баруу керек. Эгер птоз болсо, аны баштапкы стадияларында аныктап, дарылаган жеңил болот. Дартты аныктоо үчүн анализдер тапшырылат, астынкы-үстүнкү сурмалардын ченеми өлчөнөт, көздүн көрүүсү текшерилет, КТ, УЗИден өткөрүлөт жана башка керектүү процедуралар жасалат.

ДАРЫЛОО

Птозду дарылоо оорунун түрүнө, келип чыгуу себебине жана бейтаптын жаш курагына, организмдин өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт.

Консервативдүү дарылоо – дарттын жеңил түрүндө жүргүзүлөт. Буга физиотерпаия, массаж, дары-дармек.

Хирургиялык ыкма – эгер консервативдүү дарылоо жардам бербесе, хирургиялык кийлигишүү, тагыраагы, операция жасалат. Птозду косметологиялык деффект деп гана эсептеген туура эмес, андыктан аны дарылоодо косметологго эмес, көз хирургуна кайрылуу зарыл.

КАЙСЫ УЧУРДА ПТОЗГО ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛБАШЫ КЕРЕК?

- Кандын уюусунун бузулушу;

- Инфекциялык оорулардын курч кармаган убактысында;

- Онкологиялык ооруларда;

- Кургак учук;

- Кош бойлуу мезгилде.

КӨЗ БУЛЧУҢДАРЫН БЕКЕМДӨӨЧҮ КӨНҮГҮҮЛӨР:

1. Башты түз кармап, акырындык менен жогору жакты карайбыз, 1-2 секунд тургандан кийин дароо ылдый карайбыз (1-2 секунд). 6-8 жолу кайталайбыз.

2. Оң жак бурчка жогору карап, кайра диагональ боюнча ылдый солго карайбыз (6-8 ирет).

3. Эми сол жак бурчка жогору карап, кайра диагональ боюнча ылдый оң жакты кароо керек (6-8 ирет).

4. Максималдуу түрдө эки капталга – оңго-солго алмак-салмак карайбыз (6-8 ирет).

5. Колду бет алдына түз сунабыз. Сөөмөйдүн учун көз албай карап туруу керек. Сөөмөйдү акырындык менен жакындатып, мурун тушка алып келүү керек (6-8 ирет).

6. Көздү алгач оңго, анан солго айлантып чыгыңыз (6-8 ирет).

7. Көздү бат-баттан 15 секунд ирмеп туруңуз, 15 секунддан кийин 5 секунд эс алып, кайра ирмеп баштайбыз (4 жолу).

8. Көздү 5 секунд бекем жумуп, кайра 5 секунд ачып турабыз (10 ирет кайталайбыз).

 

Асыл Орозбекова    

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1171, 23-29-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан