Убакыттын “жашың өтүп баратат” деген сыноосуна каршы туруп, өзүн таштап салбай, тыпыйып тың жүргөн адамдарды көргөндө суктанам, сиз да суктанасызбы, окурман? Макалабызда Түштүк Кореянын 50 жаштын кырынан ашып калган белгилүү актёр-актрисаларын тизмектедик. Байкап көрүңүзчү, кимиси канча жашта деп ойлойсуз?
КИМ СО ХЁН – 52 ЖАШ
Туулган жылы: 1973-жыл, 28-октябрь
Бул сулуу айым чыгармачылыктагы карьерасын 1992-жылы сулуулар сынагына катышуу менен баштаган. Анда көрүүчүлөрдүн атайын сыйлыгына татыган эле. Ошондон бери моделдик карьерасын да таштай элек. Ал эми кино талаасында жүргөнүнө 30 жылдын жүзү болду. Эң алгач 1994-жылы “Бай үй-бүлөнүн кыздары” кино лентасында дебют жасаган эле. Андан бери ондогон тасмалардын көркүн ачканга үлгүрдү. Актрисаны “Императрица Ки”, “Асман ак сарайы”, “Вайкикидеги күлкү”, “Кагаз Ай”, “Тамдардын шыбыры” сыяктуу тасмалардан көргөнбүз. Анын жүзү “муздак” сезилгендиктен, режиссёрлор көбүнчө бийликтеги айымдын же терс каармандын образдарын көп сунушташат. Башкалар менен бат тил табышып, ачылып кеткен адам эмес. Жеке жашоосун азыркыга чейин сыр тутат, анын үй-бүлөсү тууралуу маалыматтар жокко эсе. Актрисаны карап туруп, ашып кетсе 30-35 жашта деген баа бермекмин.
ЧОН У СОН – 52 ЖАШТА
Туулган жылы: 1973-жыл, 22-апрель
Эми 52 жаштагы мырзага орун берели. Чон У Сон учурда актёр, режиссёр, продюсер, сценарист болуп эмгектенгени менен, алгач карьерасын модель катары баштаган. Өзү актёр болгусу келип кино агенттикке барса “боюң өтө узун экен (186 сантиметр), модель катары тааныл” деп коюшкан. Анан модель болуп, басыгын, бүкүрлүгүн оңдогондон кийин киного аралашкан. Учурда келбеттүү, харизмасы “гүп-гүп” деген актёрго ашык айымдардын санын элестетпей эле коёлу. Эң жарды деген үй-бүлөдө төрөлгөн. Мектепте классташтары, керекпи, мугалимдери тарабынан коомдогу статусуна жараша шылдыңга көп кабылганын эскерет актёр. Мына ушундай оорчулуктан суурулуп чыккан Чон У Сон менен режиссёрлор да “таланты да, адамгерчилиги да төп келген адам” деп иштешкенди жакшы көрүшөт. “Падыша”, “Болот жамгыр”, “Киллердин оюну”, “Аңчылык”, “Желе”, “Согуш жана көтөрүлүш” жана башка тасмаларга тартылган. Үйлөнүп, үй-бүлө курганга даяр эместигин айтып келген актёр 2022-жылы ызы-чууга кабылган, модель кыз андан балалуу болгонун маалымдаган. ДНК-тесттен кийин гана актёр аталыгын моюнуна алып, баласына жардам берип турарын маалымдаган.
КИМ ХЕ СУ - 55 ЖАШ
Туулган жылы: 1970-жыл, 5-сентябрь
Корей киносунун дагы бир көрүнүктүү өкүлү – актриса Ким Хе Су быйыл 55 жашка толот экен. Мушташкан жерде мушташып, курал менен атышып, назик айымдын, мээримдүү эненин, кыраакы детективдин, айтор, түрдүү каарманга айлана аларын эбак эле далилдеп койгон. Кызыгы, Ким Хё Су да тамак-аш компаниясынын продуктыларын жарнамалаган модель катары чыгармачылыкка аралашкан. Анын карьерасында популярдуу деп саналган “Гүлдөрдүн согушу”, “Сигнал”, “Гиена”, “Канайымдын кол чатыры”, “Контрабандисттер” жана башка ондогон тасма-сериалдар бар. 1990-жылдары “Кореянын сексуалдуу айымдары” деген тизмеден түшчү эмес. Азыр деле сымбатынан жаза элек. Турмушка чыга элек, убагында кесиптеши актёр Ю Хэ Чжин менен романтикалык мамиледе экени ачыкталган, бирок ал махабат баянына да чекит коюлган.
КИМ ХИ Э – 58 ЖАШ
Туулган жылы: 1967-жыл, 23-апрель
Өтө кызыктуу инсан. Актрисаны 60тын босогосунда турат деп эч ким айтпайт. 2020-жылы “Түгөйлөрдүн дүйнөсү” (“Мир женатой пары”) дорамасы менен актриса экинчи демин ачкандай болду. Дорамадан кийин актрисанын чыгармачылыгына кызыгып, анын мурдагы эмгектерине көз салган жалгыз мен болбосом керек. “Сырдуу роман”, “Ай”, “Кадимки үй-бүлө” сериалдарынан байкап көрүңүз. Көп убакыт актрисага бир роль, тагыраагы, “жубайдын” образы чапталып келген. Бул тематикада “Жубай”, “Кемчиликсиз сүйүү”, “Менин күйөөмдүн айымы”, “Түгөйлөрдүн дүйнөсү” сериалдарына тартылган. Бирок актриса “роль тандабаш керек” деген ойдо. Андыктан образга эмес, сценарийге көңүл бурганга аракет кылат. Актрисалык менен кошо моделдик кесиби да бар. 1996-жылдан бери үлгүлүү жубай, эки баланын энеси.
ЖИ ЖИН ХИ – 54 ЖАШ
Туулган жылы: 1971-жыл, 24-июнь
Дагы бир “карыбаган” адам – Жи Жин Хи. “Ак сарайдын бермети”, “Үйдүн романтикасы”, “Дезертирлерди кармоо”, “Эйч: Гипноз”, “Асманга бараткан жолдо”, “Акыркы талапкер: 60 күн”, “Кан” жана башка ондогон тасмага өз салымын кошкон, кошуп да келет. Башкалар модель болсо, бул мырза ошол моделдерди сүрөткө тарткан фотограф болчу. Бир күнү аны кино агенттиктин өкүлү көрүп, кастингге чакырат. Бирок Жин Хи “өзүмдүн кесибим жагат” деп барбай койгон. 1 жылдан кийин ал иштеген жер жабылып калып, айласыздан мурдагы сунушту кабыл алганга аргасыз болгон. Алгач клипке модель катары тартылып, 2000-жылы гана киного тартылган. Кореядан сырткары Япония, Тайвань, Кытай кинолорунан да көрсөк болот. Жазуучулук таланты да бар, өзүнүн өмүр баянын, саякаттоодогу сезимдерин чагылдырган китеп жазган. 2004-жылы актриса Ли Су Йонго баш кошкон.
ЧА СЫН ВОН – 55 ЖАШ
Туулган жылы: 1970-жыл, 7-июнь
Ча Сын Вон дагы көп кырдуу талант. Кинодо кайсы бир ролго байланган эмес, ар бир тасмада ар башка образга кире алат. Жогорку окуу жайын подиумга алмаштырып, модель болуп кеткен. Жылдан жылга сынына чыккан ал учурда да суроо-талап жогору моделдердин катарында. Күнүгө спорт менен машыгат, арыкчырай келбети өзүнө жагат. 188 сантиметр боюна 73 килограмм салмагы төп келет деп эсептейт. Кинодогу дебюту 1997-жылы болгон. Ал тартылган белгилүү тасмаларды атап өтсөк: “Хваюги”, “Кыйроо”, “Афина: согуш Кудайы”, “Биздин блюз”, “Кандуу жамгыр” жана башка. Жеке жашоосунда да баары жайында, үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы.
Асыл Орозбекова