Жүрөктү элжиреткен мукамдуу ырлары менен элге таанылып калган жаш ырчы бар. Улуттук филармониянын солисти. Чоң сахнага чыга электе унаа жуугуч, жүк ташуучу, тигүүчү болуп иштегенин айтат. Кайсы жерге барбасын эл андан "Кең дүйнө", "Ак бата", "Санат ырын" суранышат экен. Ооба, окурман, туура баамдадыңыз, ал – Ырыскелди Сатыбалдиев.
– Ырыскелди, жакын арада 3 концерт бердиң. Жакшы өткөрүп алдыңбы?
– Ооба, жакшы өткөрүп алдым. Тушоо кесүү концертимди Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда бердим. 3 концерт тең жандуу үндүн коштоосунда өттү. Башында эл келбей коёбу деген чочулоо болду, анткени мурун концерт койбогонго кандай болот деп ойлонуп, толгонот экенсиң. Анын үстүнө менин алдымда Султан Садыралиев 2 күн концерт койду, менден кийин Нурлан Насип коймок. Мирбек Атабековдун да концерти бар болчу.
Концерт коём деп 1,5-2 айдай кыйналдым. Бирок алардын баары сахнага чыгып 1-2 ыр ырдаганда эле элдин кол чабуусунан, кубаттоосунан унутулду.
– Концерттеги эмоцияларың менен бөлүшсөң...
– Ош, Жалал-Абадга коём деген планым жок болчу. Бишкектеги концертим өзүмө жакты, эл жакшы кабыл алды, бул мага дем берди. Ошондуктан башка шаарларга да коюуну чечтим.
Концертиме эң улуу агам, эң кичүү иним катышып, ырдап беришти. Агам Улуттук консерваторияны бүтүрсө, иним аталган окуу жайда 4-курста окуп жатат.
Эжем Москвада, анын үстүнө кош бойлуу болгонго келе алган жок. Бирок ага уюлдук телефондон видеочалуу менен көрсөтүп турушуптур концертти. Эжем сүйүнгөнүнөн аябай ыйлаптыр. Концертте атам менен апамды элге тааныштырып, агам, иним үчөөбүз “Атам менен энемени” ырдап берсек, сүйүнгөндөрүнөн көздөрүнө жаш алышты. Кудай буюрса, дагы далай концерттерди берсем деп калдым.
– 3-класстан баштап ырдап жүргөнүңдү билебиз. Айылдагы тойлордун лауреаты белең?
– 3-классымда мектептеги, райондук сынактарга катышкам. Бирок ырдаганга кызыкчу эмесмин, тойлорго да барчу эмесмин. Ырчы болом деген да кыялым жок болчу. 5-класстан тарта Жалал-Абадда окуп калдым. Ошол жактан республикалык сынактарда ырдап чыга баштадым. Мени таптап чыгарган Зоя Осмонова деген мугалим болду. Бишкекке алып келип, музыкалык окуу жайга тапшырткан да ошол эжекем. Ал менин концерт бергенимди көрсөм деп тилек кылчу, бирок ага жетпей көзү өтүп кетти.
– Сени эл таанып калды. Элдин назарында болуу жагып жатабы?
– Ооба. Бул нерсени кыялдангам. Башында көчөдөн таанып калышса сүйүнчүмүн. Азыр көнүмүш болуп калды. Кээде көчөдөн “баламдын сендей ырчы болушун каалайм” деп баласын жетелеп келип, мени менен сүрөткө түшүп калгандар болот. Балдарына мени үлгү катары көрсөткөн ата-энелерди көргөндө сүйүнөм.
– Кичине кезиңдеги максаттарыңдын кайсыларына жеттиң, кайсыларына жете элексиң?
– Кичинемде футболго кызыкчумун. Дүйнөлүк атактуу футболчуларды кумир тутуп, ошолордой болсом дечүмүн. Алардай болгон жокмун, ырдап кеттим. Бирок футболго кызыгуум өчкөн жок. Дале ойнойм.
– Кайсы музыкалык аспаптарда ойной аласың?
– Фортепиано менен комузда бир аз, ал эми гитарада жакшы ойнойм.
– Чыгармада автордун жашоосунун үзүмү болот дейт, сенин жан дүйнөңдү чагылдырган ырың кайсы?
– 5 автордук ырымдын ичинде андай ыр жок. Акындар "ушундай окуядан, ушундай эмоциядан улам ыр жаралды" деп айтып калышат го. Мен обон чыгаргым келсе, отуруп, изденип жатып эле чыгарам.
– Алгачкы ырдап чыккан ырың менен акыркы ырыңды салыштырсак, эмнеси менен айырмаланат?
– Эң биринчи ырдап чыкканым “Деңиздеги” деген ыр болгон. Ыр жакшы чыккан. Ал кезде жакшы аранжировка болсо, ыр жакшы чыкса деген эле ой болчу. Кийинки учурларда мааниси терең ырларга басым жасап калдым. Мисалы, “Санат", “Кең дүйнө”, “Ак тилек”. “Санат” ырын уккан айрымдар “ушул ырды угуп, өзүмдү тарбияладым” деп айтып калышат. Муну угуп, бир адамдын болсо да жакшы жагына өзгөрүшүнө салым кошуптурмун деп кубанып калам.
Элмирбек Иманилиев агайдын ыр китебинде 3 куплет аталышы жок ыр бар экен. Мааниси мени таасирлентти. Отуруп, түнкү саат 3төрдө обон чыгарып, “Сен бар үчүн” деп тема койдум. Бул ыр жакын арада чыгат. Негизи кийинки кезде жасап жаткан ишим, эмгектерим өзүмдүн купулума толууда.
– Эл аралык сынактарга катышып көрүү оюң барбы?
– Андай сынактарга катышуунун өзүнүн кыйынчылыктары, ырахаты бар. Олуттуу даярдыкты талап кылат. Кыргызстандын атынан чыга тургандан кийин уятка калтырбай тургандай болуш керек. Буюрса, чыгып калармын.
– Англис, түрк, азербайжан, өзбек, орус тилдеринде да ырдап жүрөсүң. Канча тил билесиң?
– Орусчаны билгеним менен, оюмду абдан жеткиликтүү түшүндүрүп бере албайм. Өзбекчени, казакчаны түшүнөм жана сүйлөшө алам. Түрк тилин 50 пайыз түшүнөм,
– Алтынай Асанбекова, Каныкей менен да ырдап чыктың. Кимиси менен ырдоо жеңил сезилди?
– Каныкей эже менен Алтынай эженин көп жакшы сапаттары бар. Каныкей эже мени инисиндей көрүп, кеңештерин айтып, жол көрсөтүп турат. Экөөнүн тең музыкалык билими болгондуктан, экөө менен тең ырдоо жагымдуу жана жеңил.
– Учурда жылдыз болуп жаткан ырчылардан кимди баалап, кимди сындай аласың?
– Эч кимди сындай албайм. Баалагандарымдын ичинде Калысбек Айтбаев, Калыс Жакыпов, Медер Сагынов, Нурила бар. Ар кимисинин өз аудиториясы бар.
– Хейтерлериң барбы, көппү?
– Бир колумдун манжалары менен санала тургандай гана.
– Мончого көп барат дешет?..
– Жогоруда айткандай, музыканттар, кино тартуу жаатында жүргөн тааныштар, достор менен аптасына 2 ирет футбол ойнойм. Футболдон чыгып эле мончого барган жагат. Душка түшүүнү анча жактырбайм.
– Акчаң жок калган учурларың болгонбу?
– Абдан кор болуп көчөдө картон, куту чогулткан учур болгон эмес. Бирок студент кезде акча тартыш болгон, бирде ачка, бирде ток калган 3 жылды баштан өткөргөм. Ошол учур мени ата-эненин, акчанын, адамдын кадырын билүүгө үйрөттү. Алдыга максат койгонго жана ага умтулууга үйрөттү. Акчанын жеңил келбей турганын билдим. Азыр болбогон нерселерге акча коротпойм. Бардык нерсенин баркын билип, болгон нерсеге шүгүр кылып жашайм. Ошол 3 жыл мага жашоо сабагы болуп берген. Анан иштеп, акча таап баштагам.
– Ырчынын элди ээрчигени туурабы же элди ээрчитиш керекпи?
– Лидерлик, ораторлук сапатың жана билимиң болсо, элди оң жакка ээрчиткен туура болсо керек.
– Кандайдыр бир кооптуу эксперименттерди жасап көрдүң беле?
– Машинаны катуу айдап, бийиктен резина аркан менен ылдый секирип ырахат алуу дегендер мен үчүн эмес. Мен бийиктиктен корком, мүмкүн, түшүмдө ылдый карай кулай бергенимден улам болсо керек.
– Акыркы ирет үйрөнгөнүң эмне болду?
– Сабырдуулукту үйрөндүм. Бирөөлөрдүн менин артымдан сүйлөгөнүн угуп калсам ага маани бербейм азыр. Анткени ал ичи тарлык, көрө албастыктан да айтып коюшу мүмкүн.
– Сүйүүгө туруктуусуңбу?
– Сүйүүгө аябай туруктуумун. "Таанышып алалы, сүйлөшкөн кызың барбы?" деп жазган кыздар болуп калат. Мен аларга жооп бербейм. Көңүл ачуу, убакыт өткөрүү максатында кыздар менен таанышып, жазышып, жолугуша берген жигиттер көп. Мага андай көрүнүштөр жат нерсе. Убактымды бекер коротуп, сезимдер менен ойногум келбейт. Көчөдөн таанышып алалы деген кыздар болсо таанышып, сүрөткө түшүп коём. Ошо менен бүтөт, уланбайт. Кудай буюрса, жакын арада үйлөнүп калышым мүмкүн.
– Рахмат! Чыгармачылыгыңда ийгиликтер болсун!
– “Супер-Инфо” гезитине да рахмат! Мага дем берип, кубаттап чыгарып жатканыңыздарга.
Канымжан Усупбекова