(Башталышы)
Опера балеттин сахнасында күчтүү үн менен бирөө ырдап жатканын эшитти Акбар. Жаңы үн... Таң каларлыктай күчтүү жана тажрыйбалуу сезилди. Эчен жылдан бери бул чөйрөнү жакшы билет, айрымдарга мурун продюсер да болуп келген. Кийин гана жолу бизнеске бурулуп кеткени бар. Чыныгы талант менен жасалмалуулукту ит кылмышкерди жыт аркылуу билип койгондой эле билип койчу. Класстын эшигин акырын ачып карады.
Сахнада жапжаш кыз ырдап жаткан экен. Жүзү чачтарына далдааланып тургандыктан даана көрө албады.
– Болду, бүгүнкүгө жетишет машыгуу, эми үйүңө бар, – деди мугалими мээримдүү.
– Рахмат, маэстро. Бирок эртеңкиге көбүрөөк машыгалы. Болбосо жетишпей калышыбыз мүмкүн.
Бул үндөн жаштыктын ынтызарлыгы, жаштыктын деми, булактан суу ичкендей сергите турган энергия сезилди. Чачтары жүзүнөн серпилгенде кыздын жүзү эми Акбарга даана көрүндү. Көзүн бурдап карап калды. “Жок, бул кыз эмес, периште” деди ичинен. Кимди сулуу деп суктанып келсе, ошонун баары бул кыздын далдоосунда калгандай сезилди. Кыздын аруу жүзүнөн көзүн ала албай турду.
– Акбар Асанович?
– Ия?
– Кеттикпи, бул жактагы иштерди бүтүрдүк, чагымда.
Жанындагы жардамчысын дендароо карады. Ал дагы шефине эмне болгонун түшүнбөй карап калды. Акбар кайра сахнаны карады эле, кыз көздөн кайым болгондой жок! Картаң маэстро гана отурган экен. Бул түшүбү же өңүбү? Ким бул? Кайыптай кайда жоголду?
– Жүрү, кетсек кеттик, – деди да эшикти көздөй басты. Бирок кыздын элеси ысык боткодой жүрөгүнө жабышты да калды. Куду бир жакын адамын тапкандай, сагынып издеп жүргөн бир жакын адамына жолуккандай делбирей берди көңүлү. “Периштем ай” деп алды ичинен. Дароо менчиктеп алганына таң калды. “Аста, Акбар, этият бол” деди өзүнө-өзү таң кала. Сыртынан олуттуу көрүнгөн адамдын ичинде эмне бороон болуп жатканын ким билсин?..
ххx
Опера-балет театрынын арткы эшигинен күтөт ал Айкөлүн. Эшиктен көзүн албай турду, бир кезде анын гүлдүү көйнөгү булак эте чыга бергенде көңүлү күн тийгендей ачыла берди.
– Айда-аар!
Кыйкыра келип кыз көкүрөгүнө жыгылды. Тим эле көрүшпөгөн бир нече саат аларга кылым болуп кеткендей бекем кучакташып турушту. Айдар келинчегинин чачтарынан жыттап алды.
– Жууй элекмин, чачымды жыттаба, – деди ал эркелей.
– Мага дайым сонун жыттанат чачың...
– Убакыт жок, билесиң го эртең менен эрте туруп жакшы даярдандым. Маэстро бүгүн биринчи жолу мага ыраазы болду окшойт. Жакшы эс ал, – деп жиберди.
– Мен туруп кетип бара жатканда мышыктай уктап жаткансың, – деди Айдар аны тамашалай мурдунан өөп койду.
– Дароо эле тургам.
– Курсагың ачпы?
– Ии, ачка го, ачка. Бирок маянаңа чейин көп бар да, – деди Айкөл күйөөсүн аяп. Экөө тең студент, Айдар келинчегин багуу үчүн жан талашып окуудан кийин иштейт. Өздөрү жатаканада жашашат. “Бир аз коё тургула, бир аздан кийин үйлөнгүлө” деп ата-энелери жакшы эле айтты. Бирок куду бирин-бири жоготуп алчудай болуп болушпады. “Бизге экөөбүз болсок болду, алачыкта болсо да кейибей жашайбыз, силер капа болбогула” деп туруп алышты. Ата-энеси айласыз макул болушканы ошондон, болбосо 19 жашында кайдан күйөөгө бергенге макул болмок эле?.. Анын үстүнө көзгө басар жалгыз кыз Айкөл.
– Сен аны ойлонбо, мен бүгүн шабашка кылдым. Сенин курсагыңды тойгузганга жетет.
Колдорун бекем кармашкан экөө жакын жердеги тамактана турган жерге бет алышты.
ххх
Акбар машинеси менен кетип бара жаткан. Маңдайында баягы кайыптай жоголгон кыздын элеси чыга калса болобу?! Тормозду катуу басып жиберди. Аркасындагы машинедегилер пипилдетип, сөккөн боюнча жанынан өтүп жатты. Баннерде маңкайып турган сулуу кызды карап тура берди. Айкөл! Атын окуду. Жакында концерт берет тура. Чачтары жайылып, көздөрү балбылдап так эле атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын “Кызыл алмадагыдай” образы менен турат. Атайын эле ушу образды тандашкан окшойт. Интернеттен жарытылуу маалымат тапкан жок. Интервьюсу деле жок экен. Болгону аудио ырлары бар экен, ал дагы сапатсыз жазылгандай...
ххx
Эртең менен турган Айкөл жолдошу жумушуна кеткенин байкады. Столдо талаа гүлдөрүн сатып келип “концертиң ийгиликтүү өтөт, толкунданба, ак куум. Мен дайым сени мененмин. Кечинде концерттиңден көрүшөбүз” деп жазып кетиптир. Жылмайып алды. Столдо турган алмадан бир тиштеп алып ырахаттана көзүн жумду. Тез арада мындай болот деп ойлогон эмес Айкөл. Бир жыл арасында тез оозго алынып кетти. Эми жаш таланттар менен бирге боло турган концерти бүгүн... Ата-энеси, устаттары, демек, бекер ишенип колдобогон экен да. Кыңылдап ырдап, боло турган күн ага кандай сюрприз жасап жатканынан кабары жок отурду.
ххx
Айылдын керемет таңы. Айкөлдүн атасы менен апасы бүгүн эрте камылга көрүштү. Анткени борборго барып кызынын концертине катышмак.
– Ээ, байбиче, тез эми кийине сал. Мен мал-салды коңшуларга табыштадым. Кеч калсак, эртең да көз болуп коюшмак болду.
– Азыр, абышка, кудагыйлар да чыгып жатабыз, чогуу чыгалы дешти.
– Эми биз аларга жабышпай эле өз алдыбызча машине тосуп кетпейлиби? Ушу турган Бишкекке жетпей калмак белек?
– “Чогуу кетели” деди кудагый, жок дей албадым, абышка. Сен эмне эле аларга жологуң келбей күйпөлөктөп калгансың?
– Жок, андай деле эмес.
Жеңиш бир аз намыстанып жаткандагысы. Алардын алдында унаасы болсо, алар жөө дегендей, тээ эбактан бери келе жаткан куру намыс кулкулдатып жатты. Анысыз болбу кыргызда. Кандай болсо да Айкөлү бактылуу болсо болду. Жанындай көргөн жалгыз кызынын тагдыры сулуу болсо болду. Элдин баарын суктандырып башкача да чоңоюп баратат. Турмушка да көжөлүп жатып эрте чыгып кетти. Ата санааркап турду. Кудай буларга жалгыз кызды берди, эч себепсиз, ден соолуктары жайында туруп эле, Айкөлдөн кийин балалуу боло алышпады. Келинчеги Айжанарды аябай сүйдү Жеңиш. Туугандары “дагы балалуу болушуң керек, ал эле, бул эле” деп ачык айтпаса да күңкүлдөп жүрүшкөнүн укмаксан болуп койду. “Кудайдын бергени ушу кыз болсо эмне кылалы, ушуга шүгүр” дешти аялы экөө тең. Көзүнө сүртүп, карегине кагылып турган жалгыз кыз. Эми неберелери болуп калса, бирин колунан жетелеп жүрүшөр. Ата-энесин жалгыз койбой кызы бир баласын берет болуш керек, бербесе деле аман болсун.
ххx
Сахна.
– Айкөл Жеңиш кызы!
Ак куудай сүзүлгөн кыз сахнага чыга келди. Акбарга мурункудан да сулуу, ажарлуу, аруу көрунду. Чындыгында, үн деген жаткан экен, шаңгыраган коңур, бийик аваз элдин баарын арбап алгандай. Бир ырын ырдап токтоду. Энтиге залды карады. Жымыраган эл жымжырт. Элейип туруп калды. Кимдир бирөө тура калып кол чаап жиберди. Ана, кетти. Кыйкырып, ышкырып, кол чаап жатышты.
– Браво!
Эл аны сахнадан кетирбей жатты, талап кылып, колдоп, суранып кол чаап туруп алышты. Экинчи ырын баштады. Дал ушул күндү күткөндөй, марасына чуркаган күлүктөй талыкпай, жан дили менен, жан дүйнөсү менен ырдады Айкөл. Төгүлүп-чачылып өнөрүн тартуулады. Айкөлүн карап атасынын көз жашы сакалынан ылдый агып жатты. Сыймыктанганыбы, кооптонгонубу же жалгыз кызы эл адамы болгонуна жетине албаганыбы, белгисиз. Жанында Айжанары аны карап тынчсызданып жатты. “Жүрөгү кармап калбагай эле, мынча толкунданганга болбойт эле, жүрөгүнө жаңы операция жасалды” деп жатты аялдын тынчсыз жүрөгү.
(Уландысы кийинки санда)