Жапайы аары чакканда көрсөтүлчү биринчи жардам

Жапайы аарылар бал аарыга салыштырмалуу чакканда ийнесин калтырбай деле коюшу мүмкүн. Агрессивдүү деп саналган бул аарылар чакканда көрсөтүлчү биринчи жардам ыкмалары.

 1. Аары чаккандан кийин тез арада колду жылуу сууга самын колдонуп жууш керек. Андан кийин антисептик, перекись водород же спирт менен дезинфекция кылабыз.

2. Жабыркаган жерге муздак компресс керек. Чүпүрөккө муздаткычтан муз алып салып, аары чаккан жерге 10-15 мүнөт басып туруу кажет. Муздак компресс шишикти азайтып, оорутууну басаңдатат.

3. Эгер катуу кычышуу, кызаруу, шишик байкалса, дароо антигистаминдик дары-дармек ичүү керектелет. Өзгөчө аарыга аллергиясы барлардын жанында врач жазып берген дарылар дайыма болсун. Дары ичкиңиз келбесе, антигистаминдик гель же крем сүйкөп коюңуз.

4. Аары чаккандан кийин ал-абалыңызды байкап туруңуз. Шишик чоңоюп, баш айлануу, дем кыстыгуу белгилери байкалса, “Тез жардамга” чалыңыз.

5. Аары кичинекей баланы чакса, анда аллергия барбы же жокпу деп күтүп отурбай дароо ооруканага баруу керек.

6. Аары чагуусунун алдын алуу үчүн: үйдө таттуу тамак-аш, суусундуктарды оозу ачык калтырбаңыз. Жаратылыш коюнуна эс алганы чыкканда жеңи узун кийим, шым кийиңиз. Аары жакын жерде болсо, кол булгалап аны кубалабаңыз, ал коргонуу рефлекси менен чагып алышы мүмкүн.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1172, 30-май-5-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан