Бул жолу конокту, жакындарыбызды тамшанткан, суктанткан, дасторкондун көркүн ачкан ресторандагыдай салат түрлөрүн сунуштайбыз. Рецепттер менен белгилүү ашпоз Канимет Жеңишов бөлүшөт.
СЁМГА ЖАНА АВОКАДОДОН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Аз туздалган сёмга эти – 150-200 грамм
Авокадо – 200 грамм
Руккола – 100 грамм
Черри помидору – 6-7 даана
Быштактуу сыр – 100-120 грамм
Чиа даны – 30 грамм
Песто соусу – 50 грамм
Песто соусу үчүн:
Базилик – 25 грамм
Куурулган кедр жаңгагы – 15 грамм
Пармезан сыры – 10 грамм
Сарымсак – 1 тишче
Зайтун майы – 45 миллилитр
Туз, кара мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Песто соусун жасап алабыз. Ал үчүн сырды сүргүчтүн майда тишинен өткөрөбүз. Бардык азыктарды блендердин идишине салып, бир массага келтирип эзип соус даярдайбыз.
2. Сёмга этинен жука узун тилимдерди кесебиз. Эки порция үчүн 10-12 тилим жетиштүү. Аны роза сымал ороп коёбуз.
3. Быштактуу сырдан 10-15 чай кашык алып, ар бирин чиа данына, ал болбосо күнжүткө оонатып, тоголоктоп чыгабыз.
4. Авокадону тазалап, төрткө бөлүп, ичке туурайбыз. Черри помидорун да экиге бөлөбүз.
5. Жууп-тазаланган рукколаны 2-3 тарелкага бөлүп салабыз. Рукколанын ордуна башка микс-салат жалбырактарын колдонсоңуз болот. Үстүнө сёмганы, быштактуу тоголоктор, авокадо жана черри помидорун аралатып коюп, песто соусунан тегиз куюп, дасторконго коёбуз.
ТУНЕЦ МЕНЕН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар (2-3 порция үчүн):
Тунец балыгы – 250 грамм
Күнжүт (агы, карасы) – 10 грамм
Помидор – 1-2 даана
Фета сыры – 100 грамм
Салат жалбырагы – 100 грамм
Бальзамикалык крем соус – 80 грамм
Зайтун майы – 50 миллилитр
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Тунец балыгынын этине туз, мурч себелеп, бардык тарабына сүртүп сиңирип, зайтун майынан үстүнө сүйкөйбүз. Ак, кара күнжүткө оонатып, ысып турган зайтун майына салып, ар бир тарабын 10-15 секунд бышырып чыгарабыз. Эттин ортосу кызыл бойдон калуусу кажет. Ичке тилимдерге же чоңураак кесимдерге бөлөбүз.
2. Таза жуулган, кургатылган салат жалбырагын кол менен 2-3кө бөлүп, тарелкаларга салабыз. Помидор менен сырды төрт чарчы туурап, салат жалбырагынын үстүнө коёбуз. Балык этин да жайгаштырып, бальзамикалык соусту үстүнө куябыз.
Каалоого жараша салатка тоңдурулган жашыл буурчакты, туз татыган сууда кайнатылган кинао данегин кошсоңуз болот.
ОКУНЬ КОШУЛГАН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар (2-3 порция үчүн):
Окунь балыгынын эти – 200-250 грамм
Брокколи – 100 грамм
Түстүү капуста – 100 грамм
Шпинат же салат жалбырагы – 40 грамм
Маринаддалган зайтун мөмөсү – 6-8 даана
Балык этин бышыруу үчүн:
Балык үчүн татымалдар – 0,5 чай кашык
Туз – татымына жараша
Зайтун майы – 1 аш кашык
Ун – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 150 грамм
Аралаштырууга соус даярдоо үчүн:
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Зайтун майы – 40 миллилитр
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Балык этин кыйгачынан керте туурап алабыз. Ага туз, татымал, зайтун майын кошуп аралаштырып, унга оонатабыз. Көмөч казанга 150 грамм өсүмдүк майын куюп, ысыган кезде балыкты салып кызарта кууруп чыгарабыз.
2. Соус үчүн керектүү азыктардын баарын бир идишке куюп, жакшы чалабыз. Соус даяр!
3. Брокколи менен түстүү капустаны касканга салып, бууда 10 мүнөттөй коюп бышырып алабыз. Бышырбай да кошууга болот.
4. Капусталардын үстүнө салат жалбырагын жана жаңы даярдалган соусту кошуп аралаштырабыз. Тарелкаларга салып, үстүнө куурулган балык эттерин коёбуз.
Салатка помидор, жашыл буурчак да кошууга болот.
Асел Ишенбай кызы