Айтыш өнөрү улуу өнөр, кадырлуу өнөр. Анан да акыркы жылдары кыргызда акын кыз-келиндердин көбөйүп жатышы кубандырат. Сөзү да, өзү да курч, айтыштардын ажарын ачкан таланттуу төкмө акын Нурайым Бактияр кызы менен айтыш ааламы, кыз-жигиттин "сүйүү" айтышы, чыгармачылык жол тууралуу пикир алыштык.
– Саламатсызбы? Интервьюну улам артка жылдырып жаттыңыз, убактыңыз тартыш окшойт?
- Саламатсыз, ооба, өзүм да аягында уялып калдым. Анткени байма-бай айтыштар, концерттер, гастролдор болуп бошой албай жаттым. Анын үстүнө учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин салттуу музыка жана фольклор факультетинде биринчи курсту аяктап жатам. Ошого байланыштуу экзамендерге даярданып жаттым. Айтор, убакыттын тартыштыгы ушул арада өзгөчө болду.
– Акыркы убактарда айтыштар чын эле көп болду, чарчагандырсыз. Саяпкер ат таптаган сыяктуу эле, акындар да “айтыш болот” дегенде өзүн таптаса керек...
– Ооба, саяпкер күлүктү суутуп таптагандай эле, биз да тапталабыз. Ой топтойбуз, күч топтойбуз, даярданабыз. Айтыштардын көп болгону жакшы болуп жатат, бул бизди чарчатпайт, тескерисинче, курчутат, эргүү, шык берет. Кийинки айтыштарга катышууга жол ачат, даярдайт. Байкаганыңыздай, азыр айтыштар мурункуга салыштырмалуу көп болуп калды. Бир убакта такыр айтыштар болбой, бир гана эл аралык айтышты күтүп калган учур болду эле. Азыр Кудайдын кулагы сүйүнсүн, айтыштар көп уюштурулууда. Төкмө акын айтыштардан өсөт, тажрыйба топтойт, менимче, бул аябай сүйүнтө турган жагдай.
– Адатта кыз-келиндерден төкмөлөр аз чыгат, Изат Айдаркулова жана сиз кыздар арасында жаш төкмө акындардын баштоочулары болдуңуздар окшойт, бул жоопкерчиликпи?
– Кыргызда аялдардан чыккан төкмөлөр болуп келген, айтсак, Жыпара Кожокеева эжекебиз, андан мурун Майра Керим кызы апабыз бар эле. Азыркылардын баштоочусу Изат эже деп айта алам, бирок өзүмдү кошо албайм. Бул эжелер акындыктын тикендүү жолун тазалап, бизге даңгыр жол салып беришти. Айтыш сахнасы “кызылга” аралашып калганына сүйүнөм, кыздардан төкмө акындар дагы чыксын деп тилек кылам. Акын болуунун өзү чоң жоопкерчилик.
– Кээде төкмө акындар түбөлүктүү темалардан четтеп, сүйүү, сезим тууралуу эле айтыша бергендей сезилет, сизге андай сезилбейби?
– Жок, мага андай сезилбейт. Түбөлүктүү темалар айтылып эле жатат, өлүм, өмүр, мекенди сүйүү, ыйман, аруулук, кыргыздын нарк-насили, тарыхы тууралуу. Жакында өткөн “Түбөлүк эл – кыргызым” аттуу айтышта жакшы темалар камтылды. Бул нерсе акындын өзүнүн ой толгоосуна байланыштуу болот. Акын элге эмне айткысы келсе, көзү эмнени көрсө, көкүрөгү ошону айтат. Акынга чек, "рамка" болбошу керек.
– Аялзаты менен айтышканда төкмө мырзалар көбүнчө анын келбетин, оозун, мурдун сүрөттөп мактай беришет. Бул атайын ыкмабы? Башка темада айтышса болбойбу деген да суроо туулат...
– Кыз-жигит айтышында алар сахнага чыкканда эл сүйүү айтышын күтөт. Кыргыздын салттуу, нарктуу сүйүү айтышын айтышса деп үмүт кылышат. Мен өзүм чыкканда байкап калам. Сүйүү темасы эмес, башка темада айтышканда “ий, сен бул акын менен айтышсаң сонун болмок экен” деп калышат. Ашыктык, сүйүү темасын айтышып жүргөн акындарды баса белгилеп калышат. Жаштар чыкканда сүйүү айтышын тартуулай бериш керек деп ойлойм. “Кыздын оозу, мурдуна, келбетине тийишпей айтышса болбойбу?” деген сурооңузга мындай жооп берет элем: Бул акындын дараметинен көз каранды. Айтышты кандай нукта баштады, тийишип баштадыбы же башкача баштадыбы, ошого жараша уланып кетет. Мисалы, бизден чоң, сыйлуу агаларыбыз Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев агаларыбыз менен чыгып калсак сүйүүнү айтышып отура албайбыз. Ал эми теңтуштар менен сүйүү темасында айтыша беребиз.
– Төкмө болуш үчүн ички дарамет, угут керекпи же төкмө болом деген күчтүү каалоо жетиштүүбү?
– Аз болобу же көп болобу, талант сөзсүз түрдө керек, болбосо төкмө болуп чыгыш кыйын. Эки сөздүн башын кошуп, сөзгө чечен болсо, чымыны болсо ал андан ары өнүктүрүп кете алат. Эгерде акын болом деген эле каалоосу болуп, бирок таланттын учкуну болбосо, адам жамакчы боюнча эле калып калса керек.
– Төкмө акын болуп чыкканыңызга караганда ата-энеңиз сөз баккан адамдар болуш керек...
– Ата-энем жөнөкөй эле адамдар. Апам үй кожойкеси, атам дыйкан. Мен үйдүн улуусу болгонум үчүн чоң энемдин колунда чоңойдум. Кичинемден жомок, уламыштар менен тарбияландым. Ошол үчүн да көкүрөгүмө уюп, ушул өнөрдү тандап калдым окшойт. Таенем да кошокчу, жамактатып сүйлөгөн, санжыра айткан, тарыхты мыкты билген инсан. Таенемден апама өтсө керек, апам да сөзмөр. Кээ бир айтыштарымды сындап коёт (күлүп). Айтыштарда такалып калсам, “ошентип койбойт белең, минтип жооп берип салбайт белең” деп калат. Ата-энем, бир туугандарым, жакындарым чыгармачылыгымды колдойт. Баталарын берип, мага тирөөч болуп турушат.
– Жашооңуздагы эң таасирдүү окуя же адам...
– Мен үчүн апамдан өткөн таасирдүү адам жок. Үлгү алам, таасирленем. Апамдай аял, апамдай эне болсом деп ниет кылам. Экинчи таасирленген адамым – устатым Элмирбек Иманалиев. Мен Ошто иштеп жүрүп, борборго келгенге убакыт-сааты чыкпай жүрдү. Ошондо Элмирбек Иманалиев устатым шакирттери менен Ошко концерт коюп барып калышты. Бир көргөндө эле аябай таасирлендим. Баарын жыйыштырып, борборго келгенге, акындыкты баштаганга аябай ашыктым. Улуу өнөргө түшүп, акындыкты тандоомо устатымдын таасири чоң. Ал “келсең, антем-минтем дебей ушул акындыкты биротоло танда” деди. Тилекке каршы, убактыбыз аз болду, тез эле кайтыш болуп кетти. Ал кишинин аз убакыт болсо да шакирти болуп калган тагдырыма шүгүр кылам.
– Чыгармачылык жолуңузда кимге милдеттүүмүн деп ойлойсуз жана ыраазысыз?
– Мени чыгармачылык дүйнөсүнө баш бактырып койгон мугалим, устаттарыма ыраазымын. Комуздан сабак берген Абдыжапар Айдаркулов аттуу агайым бар, кийин акындыкта Ыдырыс Айтбаев агайдын колуна келдим. Кийин улуу инсан Элмирбек Иманалиевдин тарбиясын көрүп калдым. Изат Айдаркулова эжемдин кеп-кеңештерин уктум. Ушул адамдарга ыраазымын, негизи эле акындардын баарына ыраазычылык билдиргим келет, жолумда баарынын салымы чоң.
– Төкмө акын болом деген кыздарга кандай кеңеш бересиз?
– “Сизде талант бар экенин байкасаңыз, каалооңуз болсо, анда эрте кыймылдаңыз” деп кеңеш берет элем. Башка чөйрөгө, башка кесипке, башка адамдарга убара болбой ушул жолдо, ушул улуу өнөргө сүңгүш керек. Анан эмгек керек. Эч нерседен коркпой эле тобокел кылыш зарыл. Менде өнөргө эрте келбегениме бир аз өкүнүч бар. Элмирбек агама, устатыма бир аз кечирээк келип калдым. Мендей өкүнүп калбаш үчүн эрте келгиле демекмин.
– Акын кыздын жүрөгүнүн ээси барбы?
– Ал азырынча сыр болуп турсун (күлүп).
– Маекке убакыт бөлгөнүңүзгө рахмат.
Нуржамал Жийдебаева