РАТАТУЙ

Сиз келемишти көргөндө эмне болосуз? Коркосуз, ээ? Же итиркейиңиз келеби? Же аларды такыр эле жок кылууга даярсызбы? Шашпаңыз, бардык эле келемиштер жаман эмес. Мына, мисалы, “Рататуй” мультфильминдеги кичинекей келемиш Реми. Аны менен таанышсаңыз бүт кемирүүчү жандыктарга болгон мамилеңиз өзгөрөт.

Режиссёру – Бред Бёрд
Сценарийин жазгандар – Бред Бёрд, Жим Капобьянко, Эмили Кук
Продюсерлери – Жон Лассетер, Брэд Льюис, Галин Зусман
Үндөрүн коштогондор –
Пэттон Освальт, Йен Холм, Лу Романо, Брайан Деннехи жана башкалар

“ДААМДУУ” ОКУЯ
“Дүйнөдөгү эң даам­дуу тамак Францияда жасалат. Франциядагы эң даамдуу тамак Парижде жасалат. Париждеги эң даам­дуу тамак “Густов” ресторанында жасалат” деген жарнама күн сайын француз каналдарынан кетип турат. Чындыгында эле бул ресторан шаардагы эң барктуу жана эң кымбат ресторан. Анын баш ашпозчусу Огюст Густов болсо абдан таланттуу адам. Ал башка эч жерде даярдалбаган түркүн даамдарды даярдайт. Анын “Тамакты ар ким жасай алат” деген жаңы китеби чыгып, жылдын бестселлери болгон.
Ал эми Париждин башка бурчунда, кепе тамдын чатырында Реми жашайт. Ал – Огюст Густовдун эң чоң күйөрманы. Густовдун китебин толугу менен окуп чыгып, анын телеберүүлөрүн калтырбай көрөт. Кумиринин “тамакты ар ким жасай алат” деген сөзүнө чын жүрөгү менен ишенет. Анткени, Ремиге да чоң талант берилген. Ал башка келемиштерден айырмаланып, таштанды жебей, таза, даамдуу азыктардан тамак даярдоонун сырын жакшы билет. Тилекке каршы, Реминин бир маселеси бар. Анткен, ал – келемиш. Демек, эч качан адамдардын арасында ээн-эркин жүрө албайт. Болгондо да ресторанда. Бирок, ортодо күтүлбөгөн окуялар башталат...
Күндөрдүн биринде келемиштердин башына кырсык түшөт. Алар жашаган чатыр кулап, Реми үйбүлөсүнөн адашып кетет да, так эле “Густов” ресторанына туш болуп калат. Ошол күндөн баштап, кичинекей Реминин тилеги орундала баштагансыйт.
Ресторанда Лингвини аттуу жигит иштейт. Тамак-аш жаатында эч кандай түшүнүгү жок, бирок, эптүү бала. Тагдыр Реми менен Лингвинини бекеринен кезиктирген жок. Реминин мээси, ал эми Лингвининин колдору иштейт... Ооба, туптуура! Эгерде ынтымактуу иштешсе, алдыда экөөнү чоң ийгиликтер күтүп турат. Бирок, кантип? Ресторандан келемиш көрүнсө, анын эшиктерин дароо жабышат да?! Жаңы достор маселени бирге чечишти. Эми Реми ар дайым Лингвининин башындагы топусунун астында жашынып жүрөт. Анын төбөсүндөгү чачтарын уучтап кармап алып, Лингвининин ар бир кыймыл-аракетин башкарып турат. Эң сонун команда: адам жана келемиш!
Көп өтпөй ресторандагы кардарлар көбөйө баштайт. Густов каза болгондон бери эч ким мындай укмуштуу тамактарды жасай элек болчу. Бара-бара жаш ашпозчу Лингвининин аты алыска тарай баштайт. Бирок, анын сыры көпкө чейин сакталбайт. Реминин үйбүлөсү табылып, ал кетүүгө мажбур болот. Көп өтпөй ресторан үчүн өтө маанилүү күн келет. Каардуу тамак-аш сынчысы Антон Эго Лингвининин өзүн көрүүгө, анын колунан даам татууга келет. Ошондо гана байкуш Лингвини бардыгына чындыкты айтууга мажбур болот. Таңкалыштуу жаңылыкты уккан соң ресторандын жумушчулары четинен кете башташат. Акыры Лингвини жалгыз калат. Бирок, жакшы башталган окуя жаман бүтмөк беле?! Реми досун жамандыкта калтырбайт. Экөө кайрадан биригип, сынчы Антон үчүн өзгөчө даам даярдашат. Рататуй деп аталган тамакты таткан соң Антон балачагын эстеп кетет, качандыр бир кезде анын апасы так ушул рататуйду жасап берчү эле. Бул жөн гана тамак эмес, бул балалыктын даа­мы эле. Антсе да, сынчы деген сынчы. Болгонун болгондой жазууга тийиш.
“Густов” ресторанын келемиш бар үчүн түбөлүккө жабышат. Ал эми Реми менен Лингвини жакын жерден укмуштуу рататуй тамагы менен атакка ээ боло турган чакан кафе ачып алышат.

“ТАМАКТЫ АР КИМ ЖАСАЙ АЛАТ”...
...фразасы эми туруктуу фразага айланды. “Пиксар” жана “Уолт Дисней” студиялары биргелешип тарткан мультфильм чоң ийгиликке жетишти. Анын тез аранын ичинде популярдуу болуп кетээрин жадакалса жаратуучулар өздөрү да күтүшкөн эмес. Мультфильмдин эң чоң жеңиши – анын өтө жогорку сапаты. Тасма үстүндө “Пиксардын” мыкты аниматорлору иштеген. Компьютердик графика колдонулса да, жалпы фон (ашканадагы идиш-аяк, майда буюмдар, терезеден көрүнүп турган Эйфель муна­расы) чындыкка абдан жакын. Дагы бир өзгөчө­лүк – ар бир каармандын образы. Режиссёр Бред Бёрт: “Каармандар жөн­дөн-жөн ойдон чыккан жок. Биз француздарды изилдеп, аларга тиешелүү өзгөчө­лүктү: кыймылдарын, сүйлөгө­нүн, баскан-тургандарын байкап туруп, сүрөткө тү­шүр­дүк”,- дейт.
Айта кетчү нерсе, рататуй да мультфильмде кадимкидей берилген. Бул тамак чынында кандай жасалса, Реми да ошондой жасайт. Рататуй – бул баклажан, помидор, цукини аралаштырылып куурулган, өзгөчө даамдуу француздардын улуттук тамагы. Мультфильмди көргөн соң аны сөзсүз татып көрүүнү каалайт болушуңуз керек. Ал эми “Рататуйду” көрүп жатканда “тамагыңыз таттуу болсун!” деп айтуу салтка айланган.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 247, 27-июль-2-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан