2025-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан тоңдурулган жемиштердин экспорту былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 40 эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Анализге ылайык, 2024-жылдын январь-март айларында болгону 4 тонна тоңдурулган жемиш экспорттолуп, 20,5 миң доллар киреше түшкөн. Ал эми 2025-жылдын ошол эле мезгилинде экспорт көлөмү 155,4 тоннага жетип, 259 миң доллар киреше алып келди. Негизги экспорт багыты болуп КМШ өлкөлөрү эсептелет. Өзбекстанга – 59 тонна, Казакстанга – 57,3 тонна, ал эми Орусияга – 39,1 тонна тоңдурулган жемиш жиберилген.
Адистердин айтымында, экспорттун мындай кескин өсүшүнө логистикалык шарттардын жакшырышы, тоңдурулган азыктар үчүн кампалардын ачылышы жана жемиштерди кайра иштетүү көлөмүнүн көбөйүшү себеп болду.