20 ЖЫЛДЫК ЖОЛУГУШУУДАГЫ КАРГАША: Кызганыч тойду азага айлантты

Майдын аягы 10, 20, 30 жылдык жолугушуу кечелери өтөт эмеспи. Тилекке каршы, быйыл алардын бири каргашалуу окуя менен коштолду. Кызганычтан улам күйөөсү аялын 20 жылдыкта сүрөткө түшкөнү үчүн атып, аял 38 жашында таза тапты. Трагедия 26-майда Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Адыр айылынын Алга мектебиндеги 20 жылдык жолугушуу кечесинен кийин орун алды. Бул окуя өлкөдө аялдарга карата жасалып жаткан зомбулуктун дагы бир кайгылуу мисалы болуп калды.

Окуя кандай болгон?

26-май күнү Өзгөн райондук милициясына Кара-Кулжа районунун тургуну, 1987-жылы туулган А.Э. оор жаракаттан улам ооруканага жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшөт. Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, маркум мектептеги 20 жылдык жолугушууга катышкандан кийин күйөөсү тарабынан сабалып, анан октон жаракат алган. Тилекке каршы, окуя болгон жерден эле көз жумган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголду. ИИМдин маалыматына таянсак, кылмышка шектүү катары анын жолдошу — 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кызганыч чектен ашканда...

Атын атагысы келбеген маркумдун тааныштарынын бири: "Маркум аялдын жолдошу аялын буга чейин эле ур-токмоко алып келгенин, аялы “20 жылдыкка барбайм” десе, “сенин ал жакта бир нерсең бар, ошон үчүн барбайм деп жатасың” деп дагы ызы-чуу салып, аялын 20 жылдык жолугушууга барууга өзү мажбурлаган", – деп айтып берди.

20 жылдык жолугушуу кечесине катышкан, атын атагысы келбеген дагы бир күбө буларды айтты:

– Каза болгон келин мектептеги иш-чарага эле катышты. Анда дагы бир нерседен коркуп турганы байкалып жатты, классташтарынын баары эки катарга тизилип 1-класстагыдай бир бала бир кыз болуп кол кармашып чыгышса, ал элдин аягында классташынын колун кармамак түгүл жакын баспай, өзүн бир аз оолак кармап чыккан. Классташтар кыздар-балдар аралаш сүрөткө түшүп жатышканда ал жалаң классташ кыздары менен гана сүрөткө түшкөн, күйөөсү бери жактан баарын карап турган.

Маркум келиндин дагы бир классташы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу: “Мектептеги линейка бүткөндөн кийин баарыбыз чогуу бир жерге барып тамактанып, ал эми эртеси ресторанга бармакпыз. Маркумду жолдошу ага уруксат бербей түшкү саат 12лерде эле аялын алып кеткен. Анан кечинде эле суук кабарды уктук. Мектептеги жолугушуунун эртеси ресторанга эмес, классташыбызга батага барабыз деп ким ойлоптур?..” – деп жазды.

«Улуу баласы 9-классты бүттү»

Тааныштарынын айтымында, маркум келиндин беш баласы бар, улуусу быйыл 9-классты аяктады. "Күйөөсү аялын эч жакка чыгарчу эмес, дайыма көзөмөлдөп көз алдында кармачу".

Келиндин кайненесине байланышканыбызда суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартып, каргашалуу окуядан соң ден соолугу начарлап, кан басымы көтөрүлүп жатканын билдирди. “Мен үчүн дагы бул окуя абдан оор сокку болду” деди кыскача.

Ал эми каза болгон келиндин эжеси: “Сиңдим 20 жылдык жолугушууга жолдошу менен чогуу эле барган. Мектептеги 2 сааттык линейкага катышып коюп кайра үйүнө чогуу кетишкен, үйүнө алып баргандан кийин жолдошунун кылганы ушул болуп жатат”, – деп көз жашын төгүп, "бирөөнүн айдай кызын, өзүнүн балдарынын энесин ит аткандай атып салыптыр" деп күйөө баласына наалат айтты.

Психолог:

Ушул окуя жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча адистер эмне дешет? Бул жаатта психолог Айжаркын Ташматова менен кыскача маектештик:

– Саламатсызбы, Айжаркын айым? Эмнеге айрым эркектер жубайына менчик буюмундай мамиле кылышат?

– Өзүнө ишенбеген эркек аялын коркутуу, басынтуу менен өзүнө баш ийдиргиси келе берет. Ошонусу менен өзүн кыйын, баатыр сезгиси келет. Бирок бул туура эмес түзүлгөн мамиле адамды өмүрдөн ажыратып коюп жатат. Зомбулук, зулумдук орун алган үй-бүлөдө чоңойгон балдар бул көрүнүштү кадимки нерсе катары кабыл алып калышат да, башкаларга дагы оңой зомбулук көрсөтө турган болуп калышат. Мындай үй-бүлөдө чоңойгон баланын жеке чек арасы корголбогон үчүн ал башкалардын да чек арасын билбейт. Чек араны коргоо деген – адамдын каалоосун, ойлорун сыйлоо. Бул сапаты жок кээ бир эркектер аялдарын менчик катары көрүп, “мен айткандай болосуң, мен каалагандай сүйлөйсүң” деп чектөө коё беришет.

– Өзгөндөгү 20 жылдыктан кийин болгон каргашалуу окуяга кайрыла турган болсок, социалдык тармактарда көпчүлүк трагедиянын себеби кызганыч болгон деп жатышат. Сиздин оюңузча, кызганыч менен зомбулуктун байланышы барбы?

– Кызганыч – кадимки психологиялык оору. Ал абдан өтүшүп кеткенде адам бирөөнү өлтүрүүдөн дагы кайра тартпай калат.

– Кандай адам кызганат?

– Өзүнө ишене албаган, “мени таштап кетет” деген коркууда чоңойгон адамдар. Алар ошол жан дүйнө оорусун кайрадан сезбеш үчүн аялынан өзү каалагандай сүйлөөнү, өзү каалагандай жүрүүнү талап кылышат. Бирок аял талапты аткарбай калганда кийинки этапка – зомбулукка өтүшөт. Күч колдонуу менен өзүмө байлайм деп ойлойт. Кызганыч адамды сокур кылып коёт. Адам көзөмөлдөө, чектөө менен гана жашап калат. Зомбулук кыла бергени – кызганычтын артынан өч алуу каалоосунун жаралышы. Өзүнүн жараланган жан дүйнө оорусун аялына да сездиргиси келет. Кызганчаак адамдын жанында аял киши анын каалаганындай болгондо гана “жакшы” болот.

– Демек, баары бала кезден башталат экен да. Үй-бүлөлүк зомбулук балдардын психикасына абдан терс таасир этип...

– Көптөгөн адамдар менен иштештим, алардын ичинен эң оор абалдагылары – ата-энесинин урушун көрүп чоңойгон адамдар болду. Үй-бүлөлүк зомбулукту көрүп чоңойгон балдар коркок, эч кимге ишенбеген, башкалардын көздөрүнөн макулдукту күткөн, оюн эркин айта албаган, түнт болушат. Зомбулук көнүмүш адатка айланып, кайра-кайра зомбулукка кабыла бериши мүмкүн. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деп бекеринен айтылган эмес. Үй-бүлө куруп жатканда баланын курсагын гана тойгузуу жетишсиз экенин, анын жан дүйнөсүнө да тынчтык орното алган ата-эне болууну билишибиз керек. Ал үчүн, албетте, өзүбүздө тынчтык болушу зарыл. Жан дүйнөсүндө согуш жүрүп жаткан ата-эне балага ошол согушту гана бере алат.

Соңку сөз

Бул окуя – жөн гана бир үй-бүлөнүн трагедиясы эмес. Бул – бүтүндөй кыргыз коомуна берилген суроо. Эмнеге биз көрүп турабыз, бирок унчукпайбыз? Эмнеге кээде аялдардын үнү абдан алсыз? Зомбулук тузагынан кутулуш үчүн биз эмне кылышыбыз керек? 

Асел Нурбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1172, 30-май-5-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан