Документалдык баяндоо – тигүүчү аялдардын көрүнбөгөн дүйнөсү
Бүгүн дүң базардан же дүйнөлүк бренд дүкөнүнөн жаңы кийим сатып алганда анын баасы менен сапатына гана көңүл бурабыз. Бирок ошол кездеменин ар бир тигилишинде бирөөнүн тагдыры, чарчоо менен өткөн күндөрү бар экенин ойлойбузбу?
Кыргызстанда тигүү өнөр жайы өлкө экономикасынын алдыңкы тармактарынын бири. Расмий маалыматтарга ылайык, бул тармакта учурда 200 миңден ашуун адам эмгектенет. Бир эле Бишкек шаарында миңден ашык тигүү цехи бар. Аларда өндүрүлгөн кийим-кечелердин 80 пайыздан ашыгы Орусияга, 17 пайызга жакыны Казакстанга экспорттолот. Жыл сайын бул тармак өлкө казынасына орточо эсеп менен 100 миллион доллардан ашык киреше алып келет деп айтылат.
Ошол кирешенин келишине себеп болгондор кимдер? Алар кандай шартта иштешет? Бул суроолор көп учурда жоопсуз калат.
Дал ушул себептен кийимдин ары жагындагы көрүнбөгөн, бирок абдан маанилүү дүйнөгө үңүлүү үчүн бул документалдык фото баяндама жаралды.
Цех – үй-бүлө багуунун жолу
Бишкектеги он миңдеген кийимдерди чыгарган тигүү цехтеринин бирине баш бактым. Эшиктен кирерим менен тигүүчү машинанын дырылдаган үнү угулат. Даяр кийимдерди таңгактап жаткан колдор, үтүктүн буусу, машинага көзү кадала кийим тигип жаткан аялдардын ойлуу, чарчаңкы жүзү – бул жерде кеч кирип же таң атканын байкай албайсың.Көпчүлүк үчүн бул цех – жөн гана жумуш орду эмес. Бул – үй-бүлөсүн багуунун жолу, балдарына билим берүүнүн, өзүн каржылык жактан камсыздоонун мүмкүнчүлүгү.
“Бир күнүм машинанын кашында өтөт”
Мээрим Мурзакматова сегиз жылдан бери Бишкектеги тигүү цехинде иштеп келет. Бул жумушту тандоо себеби – туруктуулук.
«Мүмкүнчүлүк болсо сатуучу же сатуучу-консультант болуп иштемекмин. Бирок бул жумуштун айлык акысы жакшы, жума сайын берет, иштөөгө ылайыктуу шарттар түзүлгөн. Анткени менен буюртма такай боло бербейт, бирде болот, бирде болбойт. Андайда сабыр кылып коёбуз. Канча даана тиксек, ошого жараша акча алабыз. Тытынып, күн сайын көбүрөөк тигип калайын деп аракет кылабыз».
Рынокко жараша жумуштун көлөмү өзгөрүп турат. Бул болсо кирешеге түздөн-түз таасир этет. Кээ бир учурларда буюртма азайып, айрым кызматкерлер убактылуу үйүндө отуруп калат.
Мээрим айымдын жумуш күнү таңда башталып, кечке чейин тигүү машинасынын кашында өтөт.
«Өмүрдүн кантип өткөнүн байкабай калдым. Башымды көтөрүп карасам, сегиз жыл зымырап өтүп кетиптир. Бирок ушул жылдарда мен уулумду мектепке бердим, кызымды жогорку окуу жайда окутуп жатам. Бул да жетишкендик эмеспи?» – дейт ал жылмайып.
Сапат текшерүүдөн башталат
Чынара бул тармакта үч жылдан бери эмгектенет. Анын милдети – тигүүгө чейин материалдарды текшерип, сапатсыз же жараксыз бөлүктөрүн иргөө.
“Ар бир материалды текшерүүдөн өткөрүп, анан гана тигүүгө жиберебиз. Бул кийимдин узакка жарамдуулугуна түздөн-түз таасир этет”.
Анын иши сырткы адамга жөнөкөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок сапатка болгон ишеним дал ушул көзөмөлдөн башталат. Кичинекей кемчилик – бүтүндөй партиянын кайтарылып келүүсүнө же кайра иштетүүгө кетишине алып келиши мүмкүн. Ошондуктан Чынара жумушунда кылдаттыкты эң башкы орунга коёт.
Үмүткө жетелеген үн
Бул цех бир гана өндүрүш эмес. Бул жерде аялдардын өмүрү кездеме менен кошо тигилип, жашоо менен катар өтүп жатат. Кимдир бирөө апасына жардам берүүнү көздөйт, кимдир бирөө уулунун окуу акысына акча топтоп жатат. Тигүү машинасынын үнү күн сайын жаңы үмүттөрдү пайда кылып жаткандай сезилет.
Цехтин ичиндеги кызуу ишти көрүп туруп, кийимдин сапаты кездеменин гана эмес, талыкпай иштеген адамдын мээнетинин жыйынтыгы экенин түшүнөсүң.
Сыймыктанууга татыктуу эмгек
Кумурсканын уюгундай кыймыл токтобогон бул цехте бир дагы мүнөт текке кетпейт. Ар бир адам өз милдетин так аткарып, көздөрү тигүү машинасына кадалып, сабыр менен эмгектенет. Биз, керектөөчүлөр, кээде сапат жөнүндө сүйлөп жатып, аны жараткандарды унутуп коёбуз. Бул макала жана сүрөттөр дал ошол эмгекке болгон урматты жандандырууну максат кылат.
Сиз кийип турган кийим – жөн гана кездеме эмес. Ал бирөөнүн тагдыры, чарчоо менен өткөн сааттары жана татыктуу жашоо үчүн күрөшүнүн жыйынтыгы.
Адина Муктар