2025-жылдын 5 айында Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузган иш берүүчүлөр кызматкерлерге 5 миллион сомдой компенсация жана айып пул төлөштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана аткарууну камсыздоо кызматы билдирди.
Январь-май айларында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жалпы 4 миллион 949 миң 672 сом өндүрүлгөн. Анын ичинен 4 миллион 380 миң 672 сом кызматкерлердин бузулган укуктарын калыбына келтирүү үчүн компенсация катары берилген.
Бул каражаттар негизинен эмгек келишими жок иштеген, мыйзамсыз бошотулган же жумуш учурунда жаракат алган кызматкерлердин укуктарын коргоого багытталган.
Көп кездешкен мыйзам бузуулар:
• Эмгек келишимдеринин жоктугу
• Эмгек китепчелерин бербөө
• Эмгек шарттарын жана маяна төлөө тартибин бузуу
• Эмгекти коргоо нормаларын сактабоо
• Кесиптик кырсыктар тууралуу убагында билдирбөө жана төлөмдөн качуу.