САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн саныбызда)

Досторунун жанына барса, Санжар кылжыңдап арчанын түбүндө отурат. Мас экени алыстан караганда эле билинип турду. Анын жанына басып келип:
– Жүрсөң, мектептин артына өтүп келели..,- деп ээрчитип жөнөдү Адилет.
Ал кыйшаңдап, Адилеттин артынан баратты.
– Санжар, эмне кылганың бул, таң атпай мас болуп? Апаң капа болду го.
– Майрамдасак болбойбу? Мектепти бүтүп жатабыз го. Ошону айтканы чакырдыңбы? Акыл үйрөтпөй эле кой эми, макулбу?
– Акыл үйрөткөн жокмун, акмак! Сен баарыбызды уят кылып жатасың!
Аңгыча болбой эле Санжар Адилетти көзгө бир муштады да, качып жөнөдү. Эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн Адилет көзүн басып отуруп калды. Капысынан согулган соккудан башы айланып, ордунан тура албай кыйналды. Эптеп туруп мектептин ичиндеги күзгүгө барып караса, көзү кызарып чыгыптыр.
Досторуна барып “ушундай болду, мен үйгө кете берейин. Санжарды таап келип майрамдай бергиле” деп басып жөнөдү. Азамат таң калып:
– Адилет, жинди болбосоң!.. Мектепти бүтүп жатабыз го... Кайда баратасың?
– Азамат, жүрсөң, сенде сөздөр бар.
– Менин акыбалымды билесиң да, Азамат. Эртең карыз доолагандар келет. Акча табышым керек. Силер майрамдай бергилечи. Мен эч кимге капа эмесмин. Баары жакшы.
– Досум, сенин акыбалыңды билем. Бирок бүгүн биз менен кала бер да.
– Анда мен үйгө барып келейин. Силер даярдангыча келип калам.
Мектептин короосунан чыгып калганда “Адилет” деген үн чыкты. Аркасына кылчайса, Бермет келе жатыптыр.
– Апей, көзүңө эмне болду бир заматта эле?! Көптөн бери көгөрө элек болчу, ээ?
Каткырып күлүп алды.
– Жыргайсың да. Мен үйгө баратам. Маанай жок. Сен барып классташтар менен майрамдай бер.
– Санжар мээңди чайкай койгон окшойт, ээ? Мен кантип майрамдайм сенсиз? Жүрү, жакшына болуп эле эл менен жүрөлү. Же көзүң биринчи жолу көгөрүп жатабы?
– Жүрү, кеттик.
Адилет сүйгөнүн жетелеп, үй тарапты көздөй басып кетишти.
Жок жерден көзүнө сокку жеп, ойлогон пландары бузулган Адилеттин баарынан каалоосу кетип калган эле.
– Ушунча пландаган нерселерди аткара албай калабызбы?- деп көңүлү чөгүңкү суроо узатты Бермет.
– Алтыным, мени түшүнчү. Кыйналып жатам. Эртеңкиге 24 миң сом табыш керек. 3 күндөн кийин 14 миң сом бериш керек. Бүгүн Мыктыбек абам менен сүйлөшүшүм зарыл.
– Макул! Анда мен кечке жаныңда болоюн.
– Ой-ей, “эл сөз кылат” деп көчөдө жанымда жүргөндөн уялчусуң го?
– Бүгүн уялбай эле коёюнчу. Мектепти бүтүп жатабыз.
– Кандай сонун?! Кеттик анда.
Бир аз басышканда эле алдыларынан Берметтин атасы машинасы менен чыга келди. Адилет чуркаган боюнча капталда турган сарайдын аркасына жашынып калды. Машина өтүп кеткенден кийин акырын чыгып келген анын кебетесин көрүп, Бермет каткырып күлдү.
– Ушунча да коркоксуңбу? Атам көрмөксөнгө салып өтүп кетет болчу. Ансыз деле мас болгондо “Акматка куда болот турбаймынбы” деп айтып калат.
– Ох-ий, жүрөк токтоп кала жаздады. Калп эле кыйын болбо. Таенемди көргөндө качып жөнөйсүң го.
Ошентип, акыры чоң башатка жетип келишти. Адилеттин оюна бир нерсе келгендей маңдайдагы Толгонайдын дүкөнүнө чуркап өтүп барып, шоколад, сок, анан шарап алып келди.
– Шарапты ким ичет?
– Мен ичем.
– Ичпечү элең го.
– Ооба. Акыркы жолу Сагын армиядан келгенде ичкем. Бүгүн ичип көрөйүн деп чечтим.
– Мас болуп калбайсыңбы? Сени кантип көтөрүп кетем анан?
– Ой, тим эле. Эч болбосо кара эшегиңди жетелеп келип, өңөрүп кетесиң.
– Элестет. Сени эшекке өңөрүп алып, көчөдө баратам. Алдымдан чыккандарга “кечирип койгулачы, Адилет мас болуп калды” деп коём да, ээ?
– Элестеттим. Укмуш көрүнүш го. Кой, ме, соктон ич. Мен шараптан алайын.
Ошентип, экөө чоң башаттын жанында кечке отурушту. “Эми алдыда экөөбүздү эмне күтөт болду экен?” деп талкуулашты. Берметтин “шаарга барып, чоң окуу жайда окуйм” дегени Адилетке жага бербечү. Сүйгөнү шаарга кетсе, башка бирөөнү таап алабы деп кыжалат боло турган.
– Бермет, шаарга кетсең, башка шаардык баланы таап албайсыңбы?
– Жок! Эч кимди таппайм. Мен сени гана сүйөрүмдү билесиң го. Биз, Кудай буюрса, бардык ойлогон тилектерибизге жетебиз. Бактылуу болобуз! Туурабы?
– Туптуура да, алтыным!
Алардын сырдашкан сөздөрүнүн арасында убакыттын өтүп жатканы билинген жок. Түш ооп, күн салкындай баштаганы сезилип жатты.
– Мен үйгө барайын. Кечеге даярданышым керек. Үйгө барып, бир аз иш кылымыш болуп коёюн. Чыгарбай коюшпасын анан,- деди Бермет.
– Макул, мен да үйгө барайын. Анан Айперинин үйүндө жолугушабыз, ээ, алтыным? Жакшы барып кел үйгө.
Сүйгөнүн узатып коюп, Адилет үйүнө жөнөдү. Жолдо баратса, көпүрөнүн жанындагы дүкөндөн кыйкырык чыгып жатыптыр. Угары менен эле “ах, ушу Терминатор абам” деп жазбай тааныды. Чуркап барып дүкөнгө кирсе, абасы тополоң салып кыйкырып жатыптыр. Дүкөнгө келген Эсенди эч жакка коё бербей, колунан кармап алыптыр. Анын көйнөгүнүн жакасын да жыртып коюптур. Ары-бери тарткылаган окшойт... Адилетти көрө калып эле, абасы:
– Эй, кодойгон! Кайдан пайда болдуң сен бул жерде?
– Сиздин үнүңүз бүт айылга угулуп жатса, пайда болом да.
– Оо, атаңдын оозун урайын сенин! Мен тиги начальник милийсага барып келе жатам. Тукуму куруп, аның бир алысыраак акемдин баласы Жумадыл турбайбы. Илгери ээрчитип алып жүрчүмүн да.
– Анан тойгузуп жөнөттүбү, үкөңүз?
– Көрбөгөнүнө жүз жыл болсо тойгузабы, чечек? Эмне мени келекелеп жатасың? Эмне, тергөөчүсүңбү?
– Эсен акени коё берип койбойсузбу?
– Эсенди бирөө кармап жатабы? Кете берсин нары жакка.
– Колунан бекем кармап алыпсыз го?
Мыктыбек абасы Эсендин колунан кармап алганын эми байкагансып карап алды да, аны коё берип:
– Бар, кете бер!- деп буюрду.
– Аба, азыр сизди Терминатор аба десем не болот?
– Эй, келжиребей, кел, жаныма отур. Ысыкта муздак пиво ичиң деп пиво куюп берди начальник. А бул Арзыкан мага 100 грамм арак куйбай жатат.
– Мыктыбек аба, андан көрө жолдон бозо ичпейлиби? Жүрүң, кеттик,- деп Адилет абасын жетелегенге аракет кылды.
– Сен мени алдаба. Жолдогу бозо салган Нурбүнү жана мен ылдыйдан көргөм. Анан кайдагы бозо?
– Жүрсөңүз, мен сизге бозо таап берсем болдубу?
Сыртка чыгышса, 3-4 адам дүкөнгө кире албай турушуптур. Мыктыбектин кыйкырып сүйлөгөнүнөн байкуштар кире албай турушкан го.
– Ай, силер не турасыңар бул жерде? Доктурда кезек күтүп тургансыбай, кирбейсиңерби?
Терминатор абасы тургандарга асыла кетти. Аны менен тим болбой, аларды көздөй жөнөдү.
Чоң жолдо кыйшаңдай басышып, акыры Нурбүнүн үйүнө жетип келишти.

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Arstan
2011-03-05 02:37:20
Бозо ичким келип кетти.. эхх айылым.
0
Doka
2011-03-05 11:36:21
Кандай сонун чыгарма.айылымды сагынып кеттим.
0
aku
2011-03-05 12:25:52
en sooonun.maga jagat okuuchuluk kunumdu estep aldym
0
Tokmok
2011-03-05 17:53:48
Bul saptaryn okup abdan kuldum :):):) Ой, тим эле. Эч болбосо кара эшегиңди жетелеп келип, өңөрүп кетесиң.
– Элестет. Сени эшекке өңөрүп алып, көчөдө баратам. Алдымдан чыккандарга “кечирип койгулачы, Адилет мас болуп калды” деп коём да, ээ?
0
dina
2011-03-05 23:20:47
мен окуп до койбойм
0
Kyzsaikal
2011-03-06 11:33:16
ADABIY TILDE JAZYLSA BOLMOK,
0
PaxaT
2011-03-07 00:40:28
Бул чыгармадан окурмандарды озуно тарта турган жылуулук чыкпай турат,менимче.Андан коро "Айдайды" кобуроок жазса жакшы болмок
0
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан