Тиккен көйнөгүн америкалык актрисалар кийген модельер БЕГАЙЫМ БЕЙШЕБАЕВА менен маек

Литвадагы Кыргыз диаспорасынын активдүү мүчөсү, Жогорку Кеңештин Литвадагы Миграция кеңешинин өкүлү, конструктор-модельер, кутюрье, мекендешибиз Бегайым Бейшебаеванын эмгектерин көрүп суктанып да, сыймыктанып да турдум. Ананчы, ал тиккен (ред.: дизайнери башка) көйнөк-кийимдерди америкалык актрисалар Анжела Бассетт, Марли Мэтлин, Блейк Лайвли, австралиялык топ-модель Шанина Шейк кийип турса кантип сыймыктануу сезим жаралбайт? Жумушун эргүү менен жасаган Бегайым айым менен баарлашуу да кызыктуу өттү.

 

«Тажрыйба топтош үчүн Литвага келдим»

 “Ойлоп көрсөм, 4-классымда эле тигүүгө шыгым бар экен. Кол эмгектен тиккен фартук, кол каптарым жакшы окшошчу. 9-10-класста каникулда эжемдин цехинде жардам берип, ашкан кездемелерден өзүмө кийим тигип алчумун”,- деген каарманыбыздын мода көргөзмөлөрүнө чейинки жолу мектептен эле башталыптыр. Кийин шыгы түрткү болуп, Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетине тигүү өндүрүшүнүн технологу адистигине тапшырат. Билим менен бекемделген шык тигүү цехтерин ачып иштетүүгө, ательеде иштөөгө чейин өстүргөн:

– Кант шаарында 1988-жылы төрөлгөм. Учурда бир уулдун бактылуу апасымын. Литванын Каунас шаарына 2019-жылы ишенимдүү агенттик аркылуу тигүү фабрикасында иштөө үчүн келип калдым. Литвада СССР убагында кийим тигүүчү фабрикалар көп болуп, көп мамлекеттерди камсыздап турган да. Ошого карап ушул мамлекеттен тажрыйба алсам, өссөм деген ниетте келдим. Фабрикада 3 ай иштеген соң ательеде иштөө сунушу түшүп калды. Литвада мамлекеттик жумуштарда саат 15:00дө эле жумуш убактысы бүтөт да, андан чыгып ательеге барып иштеп жүрдүм. 2020-жылы июнда ательеге толук өтүп, ошондон бери
J.Vtelje’де” модельер-тигүүчү болуп иштейм. Жетекчим Йонас Восилюс экөөбүз өнөктөшпүз, бардык ишти биргеликте бүтүрөбүз. Биздин ателье негизинен эркектердин кийимин буюртма менен тигүүгө багытталган. Бирок айымдардын көйнөктөрүн да буюртма менен тигүүнү мен келгенден кийин киргиздик. Биздин жумуш – кардардын көңүлүндөгүдөй, бап келген кийим тигип берүү.

«Дизайнердин ишине жан киргизебиз»       

   “Майда нерселерди тигип, жасоодон эс алам, артында кандай кооздук турганын элестетип алып эргүү менен иштейм. Жумушка келип “кандай эс алдың, бүгүн жакшы иштейли” деп тигүүчү машинам менен сүйлөшөм”,- деген модельерден мода көргөзмөсүнө тигилген көйнөктөрдүн жаралышын сурадык:

– Нью-Йорктогу америкалык дизайнер Яра Шумекер менен курбум дизайнер Кристина Пилецке аркылуу иштешип калдым. Париждеги мода көргөзмөлөрүнө чыккан көйнөктөр ошонуку. Көргөзмөгө чыгуучу кийимдерди фабрикалар тиге албайт, анда ар бир кийим менен кээде айлап индивидуалдуу иштеш керек, ошондуктан аларды кутюрье тигет. Дизайнер бизге көйнөк тартылган эскизди, материалды жөнөтүп, деталдарын айтат. Жалтырак-жултурактар колго тигилет, ал жактарын Индиядан тиктиртип бизге жиберишет. Болду, калганын биз тигип бүтүрөбүз. Мындайча айтканда, дизайнердин ишине жан киргизебиз. Бул чыгармачылыкты аягына чыгарууда дизайнер менен такай байланышта болобуз. Яра да абдан адамгерчиликтүү, биздин сунуш-пикирлерибизге маани берип, акырында ушундай көркөм көйнөктөр жаралып, дүйнөгө белгилүү адамдар кинофестивалдарда кийишти.

«Мигранттарга өз тилин бекер үйрөтүшөт»

“Кыргызстанда жүрүп билбейт экенсиң. Литвага келгенде мекенге болгон сүйүү, эмнеден аксап жатканыбыз даана сезилди”,- дейт мекендешибиз. Өзү орус тилдүү мектепти бүтүрсө да, учурда кыргыз тилин өнүктүрсөк, көкөлөтсөк деген тилеги зор экен:

– Литвада мамлекет тарабынан атайын курстарды ачып, литва тилин мигранттарга 2-3 курс бекер үйрөтүшөт. Орус тилдүүлөргө өзүнчө, англис тилдүүлөргө өзүнчө топтор каралган. Мен дагы ушул курстардан окуп, базалык литва тилин үйрөнгөм. Литванын айрыкча жаш улан-кыздары өз тилин беришпейт, сыртынан башка улуттун өкүлү экениңе карабай литва тилинде гана кайрылат, жооп берет. Буларды көрүп намыстандым. Бизде, тескерисинче, оруска окшошсо орус тилинде, америкалык болсо англис тилинде сүйлөөгө аракет кылабыз. Кыргыз тилин 2-сорт кылып койгонбуз. Кыргызстанга барган сайын кызмат көрсөтүүчү адамдарга атайын кыргыз тилинде сүйлөп, учурашып калдым.

Ал эми жаратылышы, бир сөз менен айтканда, жашыл. Бирок биздикиндей тоолор, суулар, шаркыратмалар жок. Европанын ондон ашык мамлекетин кыдырдым, биздикиндей кооз жаратылышты көргөн жокмун. Жергиликтүү тургундар болсо абдан жөнөкөй, маданияттуу, меймандос. Өз ишин жакшы билген, эмгекчил адам болсо бардык шартын түзүп берип, алып калууга умтулушат.

Литвага келип башка жерди, улуттарды эле эмес, өзүмдү өзүм тааныдым. Кандай кырдаалда кандай боло аларымды, адамдар менен мамиле түзүүнү, кандай таланттарым бар экенин билдим. Келечек бир гана Кудайдын колунда эмеспи, ошого кыял-максаттарым тууралуу айтпай эле коёюн. 

«Артыбызда уңгулуу улут турганын көрсөткүбүз келет» 

“Биз жөн эле башыбызды жерге салып иштеген адам эмес, артыбызда кандай уңгулуу улут турганын көрсөткүбүз келет”,- деген Бегайым айым Литвадагы Кыргыз диаспорасынын максатын, жасалган эмгектер, анын жыйынтыктарын сыймыктануу менен сөз кылып отурду:

– Литвадагы Кыргыз диаспорасын Белек Айдаров 2020-жылы негиздеп, 2022-жылдары активдүү иштеп баштадык. Диаспорада 15тей активдүү адам бар, ар ким шыгына жараша иш-чараларда кызмат кылышат. Мен болсо медиа тармагын жетектейм.

Фестивалдарда мүмкүн болгондо боз үй тигебиз, кыргызга тиешелүү бардык нерселерди коюп, маанисин түшүндүрүп беребиз. Мисалы, элечек, боз үй тууралуу айтып бергенибизде абдан таң калышат. Эң кызыктуусу, биз колдонуп жүргөн боз үй литвалык кишиники (күлүп). Ал Кыргызстанга Литвадан жүк ташып иштеп жүрүп боз үйдү жактырып калган экен. Ошентип сатып алыптыр. Анын кийиз-жыгачтарына, оюуларына суктанып, “кантип кыштагансыңар?” деп сурашат. Ар бир тамагыбыздан даам сызышат. Бир жолу литвалык адам боорсокту көрүп “мунун ичине абаны кантип киргиздиңер?” дегени эсимде (күлүп).

Мындай иш-чаралардан кийин Кыргызстанга кызыгуулары артканын байкайбыз. Былтыр Литванын улуттук телеканалына тартылганбыз. Ал жакта иштегендер “ушундай кызыктуу айтып бердиңер, Кыргызстанды барып көргүбүз келип жатат” деп, бир жумадан кийин эле Кыргызстанга билет алышкан. Аларга Белек агай үй-бүлөсү менен кошулуп, алып барып көрсөтүп келишкен.

“Бул үлпөт көйнөк көп эмгекти, чыдамкайлыкты талап кылды. Корсетин эле бир аптада тиктик. Эмгегибиз мода көргөзмөдөгү бардык коллекциянын ичинен айырмаланып кооздук кошуп турду. Кийин бул көйнөктү фестивалга модель Шанина Шейк дагы кийди”.

 

“Бул костьюм-шымды май айында болгон Канн кинофестивалында америкалык актриса Анжела Бассетт кийип чыкты. Ошондой эле Блейк Лайвли да кийгенин көрүп кубандым”.

 

 

“Жылына эки жолу мода көргөзмөсү болот, биз төрт жолу катыштык. Ушул жумадан тартып 1-июлда болуучу көргөзмөгө көйнөктөрдү даярдай баштадык”.

 

 

“Диаспорабыздын биринчи максаты – кыргыз мигранттарына маалыматтык жардам көрсөтүү болсо, уюштурган иш-чараларыбыздын максаты – кыргыздын нукура даамдары, кийимдери, оокаттары, ыр-бийи, музыкалык аспаптары менен улутубузду, маданиятыбызды, тарыхыбызды, тилибизди жергиликтүү тургундарга таанытуу”.

 

Асел Ишенбай кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1174, 13-19-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан