Самат Эркинбеков, актёр: «Баламды 7 жаштан тарта өзүм тарбиялайм»

Белгилүү актёр, телеалпаруучу Самат Эркинбеков менен жубайы Чолпонай айымдан сонун маекти сунуштайбыз. Түгөйлөр алгач таанышкан күндөн азыркы жашоосуна чейинки кызыктарын баяндап беришти.    

– Алгач таанышканда бири-бириңердеги кайсы сапаттар жаккан?  

Самат: – Чолпонай экөөбүз 12-13 жыл мурун “Супер-Инфонун” “Супер футбол” мелдешинен таанышканбыз. Мен мелдештин комментатору элем, Чолпонай туугандарынын кызы менен барыптыр. Таанышканда эле ал мага “неге мынча арыксың?” десе, мен ага “эмне мынча көзүң чоң?” деп тамашалашканбыз. Ошондо анын ачык-айрымдыгы, тамашаны түшүнүп жана көтөрө билгендиги жаккан. Эртеси эле социалдык тармактан жазыша баштаганбыз.

Чолпонай: – Сиңдим экөөбүз “Тамашоуго” барып, Самат менен алгач ошол жактан таанышканбыз. Бирок ал Саматтын эсинде калбаптыр. Кийин “Супер футбол” мелдешинен жолугуп калганда эстешип, кайрадан таанышканбыз. Саматтын мага жароокерлиги, ак пейилдиги, юмор аралаш сүйлөгөнү жаккан.

– Канча убакыт сүйлөшүп баш кошконсуздар? 

С.: – 2 жыл сүйлөшүп, анан баш коштук. Турмуш арабасын бирге тартып келе жатканыбызга 10 жыл болду. Ал убакта тизелеп, фейерверк аттырып колун суроо деген жок болчу. “Баш кошуп албайлыбы?” деп түз эле айткам.

Ч.: – Шартка байланыштуу сырттан окууга которулуп, Баткенге кеткем. Ошого 1 жылдай аралыктан сүйлөшүп жүрдүк. Самат 2 ай сайын мага жолукканы Ошко барчу, ошол жактан жолукчубуз. 2 жылдан кийин бир үй-бүлө болдук. 

– Үй-бүлөдө кимдин милдети кандай сиздерде?  

С.: – Үй-бүлөнү алдыга каражат жагынан сүйрөгөн мен болсом, тиричилик, карым-катыш жана башка жагын Чолпонай сүйрөйт. Эркек киши сырттан таап келген акчаны аял туура колдонуп, үйдү таза кармап, балдарды жакшы тарбияласа, ошондо үй-бүлөдө гармония өкүм сүрүп, алга жылат го дейм.

Ч.: – Саматтын айтканына кошулам.

– Кыйынчылыктарды жеңип өтүүдө сиздердин негизги курал эмне?

С.: – Бири-бирибизди туура түшүнүп, жылуу мамиледе болуп, буюрса, баары жакшы болот деген үмүт менен жеңип келатабыз. Убагында батирлеп да жашадык. Негизи кыйынчылыктардан чогуу аракет кылып, жеңип өтмөйүнчө жубайлардын бирге жашап кетиши кыйын. 

Ч.: – Кыйынчылыктарды сабырдуулук менен жеңип келе жатабыз. Мен бир үй-бүлөнүн эрке кызы болуп чоңойгонго, бирөөнүн үй-бүлөсүнө барып жашап кетиш жеңил болгон жок. Бирок Самат, анын үй-бүлөсү мени түшүнүп, колдоп-коштоп өздөрүнө сиңирип алышты.

– Балаңыздар кандай чоңоюп жатат, тарбия иши кимиңиздерде? 

С.: – Иман уулубуз быйыл бешке чыгат. 7 жашка чейин апасы тарбияласын деп жатам. Анан сөзгө түшүнүп, акылга кирип калган 7 жашынан тартып өзүм тарбиялай баштайм. Азыр балабыз бир аз эрке. Эркек бала баары бир апасына жакын болот экен. Апасын этектеп, кучактап, өпкүлөп турат. Балам экөөбүздүн эзилишкенибиз 20-30 мүнөт, андан ары тажап кетебиз.

Ч.: – Бала – ата-эненин күзгүсү дейт эмеспи. Андыктан баладан мурда өзүбүздү тарбиялаганга аракет кылабыз. Балабыз бизден туура үлгү алып, чоңойсо дейбиз. Балалуу болгондогу алгачкы сезимди айтып жеткире албайбыз. Анткени биз аны көпкө күткөнбүз. Самат экөөбүз азыр “балалуу болгонго чейин жөн эле жүрүптүрбүз. Жашообуз кызыксыз болгон экен” деп калабыз.

– Сиздердин үйдө бош убакыт кантип өтөт?

С.: – Мен бош кезде сейил бакка барып сейилдейбиз, киного барабыз, тоого чыгып эс алабыз.

Ч.: – Саматка “сен квартирантсың” деп күлүп калам. Анткени үйгө кеч келип уктап, кайра эле эртең менен жумушуна кетет. Балам экөөбүз буга көнүп деле калганбыз. Тескерисинче, үйдө көбүрөөк отуруп калса Саматты уруша баштайбыз “жумушуң жокпу?” деп (күлүп).

– Кызганыч барбы?

С.: – Кызганыч болбосо, ал үй-бүлө эмес да. Бизде да бар бул нерсе.

Ч.: – Кызганыч болушу керек, бирок чеги менен.

– Келин, күйөө бала катары кызматты канчалык кылып жатасыздар?   

С.: – Кайын журтка микрофон кармап, тамадалык кылып гана кызмат өтөйм. Мен үйдүн кичүүсү болгондуктан Чолпонай кайын журтуна барганда абдан кызмат кылат. 

Ч.: – Туугандар чакырганда Самат кээде жумушунан бошобой бара албай калат. Андайда өзүм барып, кызмат кылчу жерден кылып, конок болчу жерден конок болуп келе берем. 

– Үйдө акчаны ким кармайт?

С.: – Акчаны мен кармайм. Бирок үйдө керектүү нерселерди алганга дайыма акча турат. Үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай бакканга аракет кылам. Экөөбүз тең сарамжалдуубуз.

– Бири-бириңиздерге берген өзгөчө белек эмне болгон?

С.: – Менин туулган күнүмө деп Чолпонай үнөмдөп акча топтоп жүрүп, мага саат алып берген. Акчаны узакка чогулткандыктан ошол белеги мен үчүн 2 эсе кымбат туюлган. 

Ч.: – Быйыл 8-Мартта Самат сюрприз кылып автоунаа алып берди. Ушул өзгөчө белек болду. 

– Самат мырза, канча түрлүү тамак жасаганды билесиз?

С.: – Пандемия убагында Чолпонай кош бойлуу болчу. Мен коронавирус менен ооруп калып, оору Чолпонайга жукпасын деп Баткенге төркүнүнө жөнөтүп жибергем. Анан жол жабылып, мен узакка жалгыз жашагам. Күндө картошка же жумуртка кууруп жейм. Өзүм “жатакана тамагы” деп ат коюп алган макарон тамакты бышырам... Бир күнү интернеттен карап пирожки жасаганды үйрөндүм. Ошентип ушул 4 тамакты улам эле жасап жеп, акыры тажадым. Анан Чолпонайга чалдым, видеочалуу аркылуу дымдама жасаганды үйрөттү.

– Үйдө таарынычтар көбүнчө эмнеден чыгат?

С.: – Чолпонайдын бир сапаты анча жага бербейт. Менин бир жакшынакай кийимимди деле “эскирип кетти” деп ыргытып салат. Кээде таштанды төккөнү үйдөн чыгып жатып баштыктан өзүмдүн буюмдарымды, мисалы, кийим, кулакчын же дагы бир жумушума керектүү буюмду көрүп калып, кайра алып калам. Ошого “ыргытарда бул сага керекпи деп бир сурап койчу” деп калам.

Ч.: – Таарынычтар Саматтын унутчаактыгынан көп болот. "Айтылган нерсени убагында унутпай кылып койсоң мындай болмок эмес" деп сүйлөнүп калам.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1174, 13-19-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан